Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - страница 11
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: «Бул адамдын акчасын алайын» деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.
Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. «Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча», деп анын дагы акчасын, алды.
Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.
Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр – тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.
Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: «Эми саканы сынайынчы», деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.
Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: «Умсунай муну жакшы көрүүчү эле», – деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.
Умсунай «жеп коеюн» деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.
Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.
«Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым», деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.
Султаналы сүйүнүп, «Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым», деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын чачты. Короо- короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.
Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:
– Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз, – деп өзөр- мазир сөзүн айтты.
Султаналы кубанычы терисине батпай:
– Кулдук- кулдук, – деп таазим кылды.
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.
Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып, сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып кетишет.
Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
– Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем, – деп падыша кызына убада кылды.