Бабалардын баяны 2 - страница 2
Эки тоонун ортосу,
Элетте пейпил жашаган,
Берешен жана бай келген,
Бек атадан тараган,
Көп учурду турактап,
«Көнөчөк» айлы бу турат.
Ата баба арбагы,
Айдыңдуу элин коргосун!
Элинин пейли ток болуп,
Эгем өзү жылоолосун!
Маанайын бай жараткан,
Мал жаны бар болсун!
Кыртыштуу жерден чогулткан,
Кырманына дан толсун.
Сапырылтып бышканда,
Сабасында кымыз болсун.
Сайроонунда жарышып,
Сабалаган суу аксын.
Очок эне алоолонтуп,
Коломтодон от кетпесин.
Жолдошубуз кыдыр болуп,
Жолубуз ичкербесин.
Байгамбардын батасы,
Бай менен жалчыга,
Байымы болуп бир тийсин.
Чогултуп баккан койлорун,
Чолпон ата колдосун.
Камбар ата карышкырды,
Кабалаңда жолотпосун.
Баба дыйкан, Жер Эне,
Ата турган таңды тоссун.
Ага- тууган арыздашпай,
Ар дайыма бар болсун.
Кыйын күндө оомат келип,
Кырсык капшап жолобосун.
Куу турмушка бир келдик,
Курсагыбыз ток болсун.
Кыдырып жүргөн көңдөйдү,
Кыдыр Алей Салам бар.
Жаралгандан ак үмүт,
Жар болуп жалгашаар.
Жаман ойлуу жоголсун,
Жакшылары көп болсун.
Урмат күтүп ата-эне,
Уул үйлөп, кыз чыгарсын.
Улууларын кадырлап,
Уул-кыздары сыйласын.
Эчен кылым келаткан,
Элинен бак тайбасын.
Айдыңдуу элде аты бар,
Арбактар тынч уктасын.
Арсыз бала жаралып,
Атага наалат кетпесин.
Кары-картаң чалдардын,
Каргышынан алыс кылсын.
Атадан жалгыз туяк бар,
Андан тукум улансын.
Энеден ырыс кетпесин,
Эңсеген ойго тез жетсин.
Атадан ыйман кетпесин,
Арбакты дайым эскерсин.
Жамандын капшабы,
Жаамы журтка тийбесин.
Жакшыны кудай колдосун,
Жашоодо аман бар болсун.
Арып ачуу жоголсун,
Ачка пенде болбосун.
Ак эмгек менен жашайлы,
Бирөөнү кор кылбайлы.
Карынын баркын сактайлы,
Жаштардан ыйбаа кылалы.
Бөтөн эл тынчты албасын,
Жергеме сук артпасын.
Бугу эненин арбагы,
Уул -кызына жол ачсын.
Торгой ата айдыңы,
Тополоңдо сактасын.
Беккулу ата арбагы,
Бекемиреек чеп болсун.
Үч атадан жаралган,
Көгөртүп бак сайган,
Көңдөйүбүз бар болсун!
Көөнөрбөй аман жашасын,
«Көнөчөк» эли дагы аман!
Түйшүккө салбай бу элди ,
Түбөлүккө бар болсун,
Түбү түктүү жер аман!
Жылдыздуу бу элди,
Жылган булут колдосун.
Көп үмүттү бул элди,
Көкө теңир коргосун!
Айлыбыз менен бир болуп,
Айдан аман чыгалы!
Жылдыздуу ойду жылоолоп,
Жылдан аман чыгалы!
Жараткан Кудайым,
Жалгамак сизден!
Кааданы күтүп,
Кабыл алмак бизден.
Оомийин!!!
***
Өмүр чиркин кыйма-чийме жол болот
Далай издер буйткаларда жоголот.
Жашоо безет, аны менен жол оошот,
Кеткен убак кайра бизге жолобойт.
Өмүр кайык толкундарга кезигип,
Өткөндөрдү эскергенге кез келип…
Баяндаган баскан жолун бабанын,
Бул китебим болуп калаар эстелик.
***
Сапар келип нени таптым жолумда,
Чирик дүйнө жыйыш үчүн келдимби.
Же болбосо бок курсакты тойгузуп,
Алкымды ачып күчтү үрөй бердимби.
Эмне кылдым, нени бердим өмүргө?
Өткөндү эстеп мурункуга кайрылам.
Аткардымбы калчу ишти көңүлгө,
Ал суроого жооп айта албай айбыгам.
***
Тоолордо түн. Караңгынын койнунан,
Толкуп-ташып күүсү угулат комуздун.
Акун ата чоң комузчу өттү эле,
Анын тапкан шаңгыр күүсү болбосун.
Комузчубуз черте берсин комузун,
Кылым күүсү биздерди жылоолойт.
Күүлөр, күүлөр бийиктикке оболойт,
Беккулу уулу андан баян козголот.
***
Жалгыз атчан жолочу,
Тешик Көлдө келатат.
Тепчип өтүп кыяны,
Темине атын камчылайт.
Жабыгып ырдап үн созуп,
Жамагын төгүп баратат.
Бу өмүрдүн өзүндө-
Ар бирибиз жолочу.
Жолду улап сапарлап,
Жомок таштап кетебиз.
Жол жүрүү оор экенин,
Жол нугунда сезебиз.
Арымдуу ушул жашоодо,
Ар бирибиз обончу.
Обого чыгып кайкыган,
Обон таштап кетебиз.
Айдыңдуу өмүр жаркыган,
Ар бирибиз комузчу.
Күн нурундай калкыган,
Күүнү таштап кетебиз.