Бабалардын баяны 2 - страница 9



Жалгыз көздүү дөөсү көп,

Найза, кылыч кармаган,

Балта чабаар мындан көп,

Атчан келген бааатырдан,

Жөө жүргөнү мындан көп.


Бир өгүздүн чоң санын,

Бир эле аймап жеп алат,

Ачуусу келип каарданса,

Алты күнү кармашат.

Алышкан менен баары бир,

Адамдын алы жете албайт.


Жоокерлерин курап алып,

Жолдогунун кыйратат.

Баш ийбеген элдердин,

Башын алып келатат.

Алдуулардын далайын,

Азапка салып келатат.

Түштүк жактан ошентип,

Сел каптап келатат.

Сезимдүү назик жандардын,

Сезин алып келатат.

«Жажут-мажут» эл экен.

Каптап кетсе сел экен.

Кары-жашты куйкалап,

Каарып жүргөн өрт экен.

Ошол өрттөн аман-эсен,

Кыргыз журту калабы?

Ал болбосо алы кетип,

Ар кай жакка качабы?


«Жажут-Мажут» эл экен

Бүт баардыгын караткан.

Алып-жулуп баардыгын,

Алдыга карай бараткан.

Адамдын алы жетпеген,

Учу кыйры кеп-кенен,

Кытайлар менен алышып,

Келе жатат кармашып.


«Жажут-Мажут» ал элден,

Чынгыз хан деген чыгыптыр,

Ошол элге башчы адам,

Далайы менен кармашкан,

Өзүнчө эле бир арстан.


Өз аты экен Темирчи,

Чоң курултай башкарып,

Анын жаны тыныптыр,

Чынгыз хан деп аталып.


Бир кары сурайт кеп салып:

– Чынгыз хан деген ким болгон?

Маанилүү тура баяның

Маек курчу ошондон.


Элтерес кары кеп салды,

Кеп салганда деп салды.

Мындай баян улады.

– Ошол Монгол ичинде,

Кыят тукумунан таралган

Курлас уруусу аталган.

«Жараткан» деп, өмүр сүрүп,

Жылдыз деген хан жашаган

Анын небереси Дайын Баян,

Кийин ошол хан шайланган.

Ошол эле уруудан,

Караганга ай чырайлуу,

Абдан эле акылдуу,

Алангү деген кыз болгон,

Ай периге окшогон.

Далай жигит көз салган,

Бирөө дагы ала албаган.

Дайын Баян ошого үйлөнөт,

Чоң той берип эл күтөт.

Дайын Баян мыкты жигит,

Уруусуна чеп болгон.

Монгол калкын бириктирип,

Андай жигит болбогон.

Улам-улам бириге,

Монгол калкы чыңалды.

Бытырап бирикпес,

Башка урууну чаап алды.

Кайрат күчтү чыңаган,

Башкаларга жол салган,

Мыкты башчы баягы,

Жазымышпы ал дагы,

Күндөрдүн бир күнүндө,

Ала кечки күүгүмдө

Дайын Баян каза табат.

Алангү сулуу акылман,

Арманданып жесир калат.

Жесир калып шор катат.


Аял эле эл багаар акылман,

Калың журтка көз салган

Ат үстүндө жаа тарып,

Албан ишти жазаган.

Кем эмес болуптур,

Баатырлыгы жолборстон,

Ат үстүндө кылычты,

Ары-бери ойноткон.


Күндөр жылып токтобой

Алдыга арыш алган.

Айлар алга ала салып,

Эки жыл өтүп арадан.

Жылдардын бир жылында,

Айлардын бир айында,

Койлор жуушап арыда,

Коктуда жаткан маалында.

Төгүп турат ай нурун,

Журт уйкунун чагында.


Алтымыш уукту чоң боз үй,

Алангү жаркын ойгонот,

Түндүк жабуу көтөрүлөт,

Сүйкүм ак нур жерге түшөт.

Өзүнөн өзү анан барып,

Түндүк жабуу жабылат,

Үйдү кайра тынчтык басат.

Ошол укмуш нур кубулуп,

Адам затка айланат.

Эмне болду бул укмуш,

Келин ага таңданат.

Жаралгандан ал келин

Көргөн эмес мындайды.

Бул эмне сыйкырбы,

Же болбосо башкабы?


Татынкай ак жуумал,

Көзү көк сары сакал.

Боюу узун далдагай,

Сыйкырлуу бир адамдай.

Нур адамга айланды

Баарысы тең тынчтанды.

Короо тынч, баары тынч,

Үйдү бейкут аркалайт.

Сүйкүм тарткан убакта,

Сүйүү учуру башталат.

Алангү аны менен

Түн боюу бирге жатат.

Айтып бүткүс махабат,

Ал экөөнү аралайт.


Жакшы учур аяктады,

Токтобой кыймыл уланды.

Адам нурга айланды,

Түндүк жабуу ачылды.

Нур болсо чыгып кетти,

Үйдү тынчтык каптады.

Түгөл тынчтык аралап

Түндүк жабуу жабылды.


Аял болсо көшүлүп,

Тынчтанып уктап калды.

Бир келди тунук сүйүү,

Көргөн эмес мындайды.

Бул сыйкырбы башкабы?


Нур менен Алангү,

Далай жолу катышат.

Махабаттуу ыйык түн

Анан барып аяктайт.


Мезгил өтүп акырындап,

Алангү болду кош бойлуу.

«Кантип бүттү боюна»,

Каршылаштар ойлонду.