Бабалардын жанырыгы - страница 20



А дагы бирлери Есугей баатыр өлгөндөн кийин анын аялы Оолун беш бала төрөп, анын экөөн монголдон ал эми калган үчөөн кыргыздан тууган деп улама санжыраларда айтылат.

Улуу китепте:

Жармы төгүн жармы чын,

Жанында жаткан киши жок

Жалган менен иши жок.

Деген кыязда сонун ыр бар.

Ал эми чын окуянын кандай болгонун сабаттуу окуучум өзү сүрүп алаар.

Ал кездеги Улуу Кем( Эне Сай) дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздардын өңү, чачы жездей сары деп санжыра, китептерде жазылган экен. Бул жалганбы же чындыкпы ким билет. Бирок улама санжыра да чындыктын үлүшү бар экенин унутпоо керек.


КЫРГЫЗДАРДЫН ТЕҢИР ТООГО КӨЧҮШҮ

Бий касиеттү Эне Сай жеринен Теңир Тоого карай кетип баратты.Долон бийдин жанында үч досу сапар келатты. Алар Айчубак, Күнчубак жана Байчубак. Булар үчөө эгиз болчу. Бий ат үстүндө баратып касиеттү Энесай жериндеги балалыгын, өткөн күнүн эстеди. Төртөө жети жашынан баштап аңчылыкка барып, багыш, аюу, түлкү аткан сонун учур эмес беле. Ошондо токойдо жүрүп, мүйүзү каркайган бугу атып алып, союп этин отко куйкалап жеп аябай тойлошкон. Ал күн төртөөнө керемет эле. Ошентип алар жашынан аңчылыкка үйрөнүп, жаа менен ар кандай аңдарды атып, куйкалап жеп, көп күндөн кийин кайра үйлөрүнө келишкен. Анын балалыгы Миң Суу өзөнүндө өтпөдүбү. Долон бий ошол касиеттү жерден кетип баратып: «Кайыр кош!» Ал бир жагы токойго барып такалган Ырыскан өтөктү карады. Өтөктүн аягында кыргыздардын күмбөздөрү бар. Анда жоокерлер курал жарактары, кийген кийимдери менен катар коюулган ата-бабаларынын сөөгү жатат. Алар өздөрү менен эң кымбат буюмдары алтын, күмүштөн жасалгаларын көшө көмүшкөн. Берега ата-бабасы өз колу менен жасаган бал-бал таштар жатат. Тее берегиде бугу баласын эмизип турат. Долон бий аны суктануу менен карап турду:

– Кагылайын ыйык жаратылыш! Ыйык бугу кош бол! Ата-бабам өскөн мекеним кайыр кош!

Аңгыча Долон бийдин үстүнөн кыраан бүркүт айланып, тээ береги асканы карай учуп баратты. Кыраандын көзү көрөгөч ал жерде жөрмөлөп бараткан чычканды да көрөт. Ушул жерди көптөн бери эки бүркүт уялап алган. Атасынын тааныштары ушул аскадан балапан кармап таптаар эле. Алар өтө кыраан болчу.

Ошондо Долон бийдин жанындагы Омонок, Аваат, Канды сүйлөшүп жатты.

– Бул түрү суук канкор Темүчүн далай элдин канын суудай төгүп агызат го.

– Мунун күчтүү черүүсү жерди каптап келатат.

– Баары бир мунун алдын тосо албайбыз.

– Ошондуктан Теңир Тоого кетип кыргыз тукумун сактап калалы.

– Аз кыргыз көп жоого жем болбосун.

– Элдүүлүгүбүздү сактап калалы, элибиз тербип жок болуп кетпесин.

– Кудай теңирим колдосун!

– Тукумубуз жок болбосун.

– Көрүнгөн жакка тарап кабары билинбей калбасын.

– Элибиздин жери Эне Сайды, Алтайды, Теңир Тоону бөтөн эл конуштап албасын.

– Булар башынан кыргыз бабаларыбыз жердеп келген.

– Жаратканым сактай көр! Теңир Тообуз, Ала Тообуз, Ысык Көлүбүз башкалардын колуна өтүп кетпесе экен.

Ошентип Долон бийдин көчү Теңир Тоого карай калмактардын черүүсүнөн сактанып илкип-калкып сапар алды. Көчтүн алдында жоо жарагын алып,

Аваат, Аратай, Бөлөкбай жигиттери менен коргоп кетип баратты. Шайдоот жигиттер көчтү узатып, жолдо калмактар менен эки-үч жолу кагылышуу болуп, жоону кылычтап, кууп салышты. Көчмөндөр эчен сууну кечип бел ашып, таш басып, көптөгөн ашууну артка калтырып, өздөрү самап сагынып, ата бабасы өсүп, киндик каны тамган жерине келишти. Көчүп келген кыргыздар ээн-эркин калмак чапынынан алыс жашашты. Бирок Темүчүндүн черүүсү улам берилеген сайын калмактар Теңир Тоого жакындай баштады. Монголдордн сүрүлгөн калмактар менен кыргыздардын ортосунда көп кагылышуулар болду.