Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - страница 2
Элдин жыргалчылыгын жогорулатуу маселесин чечүүдө жашаган аймактагы шарттарды жакшыртуу негизги орунга ээ болууга тийиш. Жакырчылыкты жоюу жалпы орточо бакубат коомду куруунун орчундуу көрсөткүчү болуп саналат, ал элге болгон мамилени жана мамлекеттик башкаруу тармагындагы иштин сапатын баалоо үчүн колдонулушу керек. Ага жан-дүйнөбүздү салып, муктаж болгон калың катмардын тагдырын өзүбүздүкүндөй кабыл алуу менен жана калк арасындагы жакырчылыкты жоюу ишине күнүмдүк мамиледен качуу менен гана биз чындап жана кымындай да тартынбастан жакырчылыкка каршы согуш жарыялай алабыз. Ошондо муктаждарга жардам берүү «сый-сыйга негизделген жардамга» айланат, ал эми өлкөнүн өнүгүшү «жылуулукка негизделген өнүгүүгө» айланат.
ОРИГИНАЛ
У-ван Тайгундан сурайт: «Мамлекетти башкаруунун Жолу эмне менен белгиленет?» Тайгун мындай деп жооп берет: «Мамлекетти башкаруунун Жолу – бул элге болгон сүйүү, андан башка эч нерсе эмес». У-ван андан ары: «Элге болгон сүйүү деген эмне?» Тайгун мындай деп жооп берет: «Элге пайда алып келүү жана зыян келтирбөө, элдин жемиштүү болушуна жана аны кыйроого алып келбеши, элге берүү жана андан тартып албоо, элдин жашоосун жеңилдетүү жана кыйынчылык келтирбөө, элге кубаныч тартуулоо жана анын ачуусун келтирбөө – мамлекеттик башкаруунун жолу болуп эсептелинет. …Мамлекетти жакшы башкаруу – ата-эне сүйүктүү баласына, улуу агасы сүйүктүү инисине кандай мамиле кылса, элге да ошондой мамиле кылуу дегендик. Эл ачарчылыктан, сууктан жапа чегип жатканын уккандан кийин кам көрүү керек. Элдин мээнеттен кыйналып жатканын көрүп, кайрымдуулук кылышыбыз абзел.
Лю Сян, «Шо Янь» («Сөздөрдүн бакчасы»), «Чжэн ли» бөлүмү («Мамлекетти башкаруунун принциптери»), Батыш Хань доору
КОММЕНТАРИЙ
Батыш Хань доорунун окумуштуу-экономисти Лю Сян өзүнүн «Сөздөрдүн бакчасы» аттуу эмгегинин «Мамлекеттик башкаруунун принциптери» деген бөлүмүндө төмөнкүдөй окуяны айтат. Бир жолу Чжоу У-ван Цзян Тайгунго мамлекетти башкаруунун жолу жөнүндө суроо менен кайрылат, ага Тайгун: «Мамлекетти башкаруунун жолу – элге болгон сүйүү, андан башка эч нерсе эмес», – деп жооп берет. Тайгун андан ары өз оюн жайылтат: «Мамлекетти жакшы башкаруу – бул элге ата менен эне сүйүктүү баласына, улуу агасы сүйүктүү инисине кандай мамиле кылгандай мамиле кылуу дегенди билдирет. Эл ачарчылыктан, сууктан жапа чегип жатканын уккандан кийин кам көрүү керек. Элдин мээнеттен кыйналып жатканын көрүп, кайрымдуулук кылышыбыз керек». Бул жердеги «мамлекетти башкаруу» деген сөз айкашында «мамлекетке кызмат кылуу», «эл менен иш кылуу» деген сөз айкашында «эл менен баарлашуу» деген лексикалык кошумча мааниси бар.
Бул билдирүүнүн негизги булагы Тайгундун «Алты жашыруун окуу» деген трактаты, «Мамлекеттин иштери» бөлүмү, анда Цзян Тайгун Чжоу башкаруучусу Вэнь-ван менен сүйлөшүүдө бул сөздөрдү айткан. Түп нускада мындай деп айтылат: «Мамлекетти жакшы башкаруу – ата-эне сүйүктүү баласын башкаргандай, улуу агасы сүйүктүү инисин башкаргандай элди башкаруу дегендик. Эл ачарчылыктан, сууктан жапа чегип жатканын уккандан кийин кам көрүү керек. Элдин мээнеттен кыйналып жатканын көрүп, кайрымдуулук кылышыбыз керек». Лю Сян жөн гана «башкаруу» деген сөздү «мамиле кылуу» деген сөзгө алмаштырган, анын аркасында айткандары жаңы терең мааниге ээ болгон.
Элге болгон сүйүү Лю Сяндын гуманизминин негизги идеологиясы болуп саналат. Акыркысы өзүнүн эссесинде «Жаңы тартип. Ар кандай иштер. Биринчи бөлүк» деп «Асыл адам бей-бечараларга ырайым кылат, элди өз баласындай сүйөт, элди Асмандай сактайт, элди жердей багат» деп айтылган. Башкаруучу Асман сыяктуу элди коргоп, Жер сыяктуу элге айкөлдүк көрсөтүүсү керек деген идея ырасталган. «Элди өз балаңдай сүй» деген төрт муундуу фразеологиялык бирдиктин (чэнь юй) башаты болгон ушул сөз.