Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - страница 7




ТҮШҮНДҮРМӨ

Карапайым элдин маанайы эң чоң саясат. Карапайым элдин тилектештиги мамлекеттин көтөрүлүшүнө жана кыйрашына, мамлекеттик иштердин ийгилиги менен кулашына негизги элемент катары кызмат кылат. Кытай кыялын ишке ашыруу Кытайдын бардык элинин күч-аракеттерин толук топтоону талап кылат. Реформаларды толугу менен тереңдетүү калктын бардык топторунун таламдарынын биримдигин, реформалардын маңызын бирдиктүү түшүнүүнү талап кылат. Кайсы гана иш болбосун баш кошууга боло турган бардык күчтөрдүн биримдигин, мобилизациялануучу бардык активдүү элементтерди мобилизациялоону, коомдук иштерди практикалык турмушка ашыруу үчүн коомдук пикирдин бекем базасын түзүүнү көздөйт. Жогору менен ылдыйдын умтулууларынын биримдиги, ички жана тышкы өз ара аракеттенүүсү, бүтүндөй коомдун бирдиктүү маанайы, бүтүндөй коомдун бирдиктүү аракети, коомдун бардык күчтөрүнүн бир бекем жипке чырмалуусу аркылуу гана биз реформанын кемесин тез агып бара жаткан дарыянын фарватеринде, бороондуу толкундарды басып өтүп, максатка жетүү жолунда бардык тоскоолдуктарды жок кыла алабыз. Дал ушундан улам Си Цзиньпин элдин мүдөөсүн жана талаптарын коомдо «жалпы бөлүккө» жеткирүүнүн маанилүүлүгүн дайыма баса белгилеп келет.

Кытай бүгүнкү күндө экономиканын жана коомдун таркатылган структурасы, бай маданияты жана ишмердүүлүктүн бардык башка тармактарында өнүгүүнүн жогорку деңгээли менен мүнөздөлөт. Коомдук кызыкчылыктардын жана көз караштардын терең кайра жаралышы коомдук аң-сезимди бириктирүү жана күчтөрдүн биримдигин түзүү милдеттерин тынымсыз татаалдантып келет. Реформаларды алга жылдыруу жана тереңдетүү жана өнүгүү процессинин сапатын жогорулатуу аркылуу коомдогу борборго багыттоочу күчтөрдүн өсүшү аркылуу социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Мына ушул факторлордун аркасында гана инсан өзүнүн өнүгүүсү бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү менен бирге болоорун түшүнө алат. Мына ушул факторлордун аркасында гана мамлекеттин өнүгүү процессинин кагуусу коомдун күтүүсүнө жооп берип, азыркы Кытайдын «Гармониянын кооз күүсүн» жаңырта алат.


ОРИГИНАЛ

Качан падыша ырым-жырымдарды сактап, милдетти аткарса, мамлекетке тартип келет. Падыша ырым-жырымдарды тебелеп, милдетке кайдыгер мамиле кылса, мамлекетте тартипсиздик пайда болот...... Падыша асыл адамдарды жакындатканда мамлекет күчтүү болот. Падыша асыл адамдарды кетиргенде мамлекет алсыз болуп калат. Падыша элдин камын ойлосо, мамлекет күчтүү болот. Падыша элди ойлобогондо мамлекет алсыз болуп калат. Падышанын буйругуна ишенсе мамлекет күчтүү болот. Падышанын жарлыгына ишенбесе мамлекет алсыз болуп калат. Элдин биримдиги болгондо мамлекет күчтүү болот. Элдин ынтымагы жок болгондо мамлекет алсыз болуп калат. Сыйлыктар татыктуу ыйгарылса, мамлекет күчтүү болот. Татыксыз сыйлыктар берилгенде мамлекет алсыз болуп калат. Жазадан коркуу болгондо мамлекет күчтүү болот. Жазадан коркуу жок болгондо мамлекет алсыз болуп калат. Механизмдер, техникалар, курал-жарактар жана зооттор жакшы жасалып, колдонууга жеңил болгондо мамлекет күчтүү болот. Механизмдер, жабдыктар, курал-жарактар, зооттор начар жасалып, колдонууга ыңгайсыз болгондо мамлекет алсыз болуп калат. Аскерлер акылдуулук менен пайдаланылса, мамлекет күчтүү болот. Аскерлер ойлонулбай колдонулса, мамлекет алсыз болуп калат. Командалардын биримдиги болгондо мамлекет күчтүү болот. Буйруктун биримдиги жок болгондо мамлекет алсыз болуп калат. Мамлекеттин күчтүү жана алсыздыгынын башаты мына ушулар.