Таза ойлор Так сөздөр - страница 26
Ал эми “акылдуу адам” өзүнүн кемчилигин көргүсү келбей актанат, күнөөлүүнү издейт б.а бирөөнүн кемчилигин көрүү “акыл” үчүн абдан оңой. Ошон үчүн өзүңдүн акылыңды ишендирүү үчүн өзүңдү өзүң изилдөөдөн, түшүнүүдөн баштоо зарыл.
Төмөндөгү жазуулар коркутуу үчүн эмес, жашоонун процессин “ түшүнүү” үчүн жана ар бир адамдын өз тагдырын өзү кантип түзүп жаткандыгын көрө билүүсүнө жардам берет. Жүрөгүнүн түпкүрүнөн түшүнгөн адам, бул суроого жоопту өз башынан өткөрүп же айлана чөйрөсүнүн ачык даана көрө баштаганда кана “далилди” ишенимдүү бекемдей алат. Адам тагдыры ар бир адам, өзү тарабынан түзүлөөрүн түшүнөт. Бешенеге жазганды көрөм, деген түшүнүктү терең түшүнө баштайт. Ошентип, “Өзүңдүн жасаганың өзүңө муш” жана “Акылдуу болуу оңой – акылман болуу эмгекти, турмуштук тажрыйбаны талап кылаарына” көңүл бөлө баштайсың.
[А] Жаман ойдон бактысыз жашоо курулат. Дене оорууга чалыгат, көйгөй көбөйөт.
Терс агымдагы ойлордун таасири.
Эмесе, “терс ойдогу” адамдардын жашоосунан бир көрүнүш. Бул жердеги мисалдар үстүртөн, анализделип жазылды жана акыры кандай турмушка алып келиши мүмкүн экендигин “эске” алуу үчүн кана берилди. “Сөзсүз ушундай болот экен”, деп коркуунун кереги жок. Жакпаган нерсени өзү каалагандай жакка өзгөртүүгө ар бир адамдын акысы бар.
Ар бир адам жаратылышынан “жакшы” адам. Аны “жаман” кылган анын “жасаган иши”, “ойлогон ою”, “сүйлөгөн сөзү”, “сезими” “учур чакта “ өзүн өзү тең салмактуулукта кармай албагандыгы. Жашоонун закондорун түшүнбөстүгү, адамдар менен болгон мамиледе өзүн “төмөн же жогору” сезиши.
Мисалы: Жумушта жүргөн жаш апа эмчектеги баласын чоң энесине таштап кеткен. Баласы эсине түшкөндү эле , балам ооруп калбаса экен, энем убагында тамак бергенди унутуп калбаса эле, – деп ойлойт.
Эми ошол ойдун кандайча иштешин жөнүндө, жашоонун бир тармагын мисалга алып анализдеп көрөлү.
БАЛАГА : Апа менен баланын ортосунда заматта энергетикалык байланыш пайда болду.
– апа баланы өзүнүн “күмөнсрөөсү” менен наристени – “күмөнсүрөөнүн, корунучтун толкунуна улады”,
– экинчиден балам ооруп калбаса экен дегени, баланын денесин алсыратты, иммунитетин начарлатып тез-тез шамалдоосуна алып келиши мүмкүн. Албетте, омуртка аркылуу өтүүчү токтун кубаттуулугу өзгөрдү,
– эненин боору ачыганы, жаш баланын Аалам менен байланышын начарлатты, өсүүсүнө тоскоолдук кылганы. Келечекте бала ишенчээк, таарынчаак, тартынчаак, мүнөзү жумшак, жалтанчаак, өз оюн ачык айта албаган бала болушуна шарт түзүлдү.
ЧОҢ ЭНЕ: энергетикалык канал аркылуу, баланы унутууга шарт түзүзлүп, чоң энеге күмөнсүрөөнүн толкуну уланды.
– “Унутуп калбаса экен” дегенде сөзсүз унутуп калат, себеби, ал ой “учур чак” менен “энем баланы унутуп калат” деген маалымат Ааламга жөнөтүлдү. Натыйжада кемпир унутат, кемпирдин холестеринин көбөйтүп, канын коюлантат.
Кандын коюлушу – унутчаактыкка алып келет. Боордун иштеши начарлайт. Демек, чоң эненин денеси жыйрылып, кан басымынын көтрөлүшүнө абал түзүлдү. Ичинен бушайман болуп, кыжалатчылыгы көбөйдү. Келиним келсе эмне дейт? – деп өзүнчө уйгу– туйгу боло баштайт. Денедеги токтун агымынын нормасы бузулду. Ички ток өткөргүч каналдарда, нервдерде майда кыл тамырлар кысылып, алардын жарылуусуна кырдаал түзүлдү. Булчуңдары жыйрылып, жүрөгү сыгыла баштады.
“Жоон тамыр, кыл тамырлардын баары ток өткөргүч – нур каналдары”.
Ички дүйнөдө кыжаалатчылык, коопсуздук сөзсүз кан басымын жогорулатып, кемпирди оорууга дуушар кылышы мүмкүн.