Таза ойлор Так сөздөр - страница 29
“Ан сезим” менен түшүнүү деген сөздү кандайча түшүнсө болот?
Ал деген адам канчалык көп окуган сайын ар кандай окуялар эске түшүп, өзүңдүн кетирген кемчилигиңди өзүн көрүп, эми кандай кылып жашасам деген жыйынтык келип чыгат, б.а. ушул күнгө чейин аткарылбай келген нерсени, өзүңдүн кана “оюңдун энергиясын” өзүң каалаган нукка буруу менен чечилип кетээрине шарт түзөт.
Бир сөздү, экинчи сөз менен алмаштырып ойлоо, сүйлөө тосулган жолдун ачылышына себепкер болот. Же болбосо баардыгына макул болуп, “эмне болсо ошол болсун” деген нейтралдуу “чечим” – энергиянын тосулган тосмосун ачат да жол суу жуугандай эле агылып келип, жуулуп сыртка чыгып кетет.
Бул нерсе ар бир эле адам турмушунда болуп келе жатат. Болгону бул, “жашоонун техникасы” кантип иштээри жөнүндө көңүл бурган эмесбиз. Ошондуктан, ар бир болуп жаткан окуя, ар бир адамдын өзүнүн турмушундагы жасаган ишкердиги, мүмкүнчүлүгү, чыгармачылыгы, тажрыйбасы.
Мына, жогорудагыдай кичинекей турмуштан алган “бир үзүм” көрүнүштүн таасири тагдырдын, ден соолуктун бузулушуна кандай таасирин тийгизип жатат. Ал эми буга окшогон көрүнүш ар бир секундада, саат сайын сансыз эле болуп жатпайбы.
Ал көрүнүштү, жашоону өзгөртсө болобу? Болот!
Азыр кичинекей бир көнүгүү жасайлы:
Ар кандай жаман ой келе баштаганда, дем алып, дем чыгар бир канча жолу. 7 жолудан ашык. Андан кийин башты көтөрүп адамдарды, жаратылышты, асманды жана башкаларды кара. Ой, көңүл башка жакка бурулду. Башты жерге салып, жер карай берген адамдан эч убакта жаман ой кетпейт. Бекеринен “жер караган адамдан түңүл” деген сөз айтылган эмес. Себеби, жерди караганда мээнин нур айлануу алкагы төмөнкү алкакта болуп, жаман ойлордун агымы көбөйөт. Ошон үчүн жашоонун шаңдуу болуусун кааласаң, элди, жерди көрүп, бактылуу жашагың келсе, башыңды өйдө көтөр, көкүрөктү сүйүнүчкө толтур. Акылман адамдар айткандай “Көктү карап алдыга умтул”. Көңүлдү алаксытып, жок дегенде бирөөлөр менен сүйлөш, каалаган жумушуңду жасап алаксы. “Каалаганың эмне”, ошону тап, да көңүлүңдү сени сүйүнтө түрган, кубандырган нерсеге бур. Күчүңдү, ден соолугуңду, энергияңды ошол тарапка бур.
Эскертүү: Каалоо башкаларга зыяны тийбей турган болсун. Каалоону өзүңө кана каала. Себеби, өзүң жөнөткөн нерсенин ээси өзүңсүн жана жыйынтыгын өзүң кана аласың.
Ал эми өтүп кеткен нерсени болсо сезим менен кайра ойлонуп, жаман сезимди жакшы жагына буруп алса боло турган жолдор бар. Баардык болгон окуяны, көңүлүңө жакпаса “ой” менен кайра артка кайтып “сезимдин жакшырышына” чейин, ой менен ойлоп, төмөнкү сөздөргө окшогон ойлорду ойлоп, өзүң каалагандай кайрадан окуяны элестетип оңдоп койсо болот. Себеби, өткөн жашоо, элес жашоо, кинонун кадры сыяктуу сакталып калат. Аны карйрадан өзүңө жаккандай кылып сезим менен сезип өзгөртүп койсо, кийинки жашоого, ден соолукка зыянын тийгизбейт. Жаман ойлогондо кыйналган сезим жакшыра баштайт.
Убакыт бир линияда, бир багытта өткөн чак, учур чак, келер чак баардыгы азыр, ушул жерде. Сезим өзгөрдү, кыжаалатчылык кетти, ден соолук чыңдалды, жашоо өзгөрдү жакшы жагына өттү. Болгону, “тазалануу”, “кайрадан жартуу”, “программаны өзгөртүү” ар бир адамдын иш аракетине, чеберчилигине, түшүнүгүнө жараша жүрөт.
Азыр жогоруда келтирилген терс мүнөздөгү мисалды, оң жагына буруп түшүнүп көрөлү.
Эми, “апа” кандайча ойлосо болмок?
Мисалы, апанын жаңы ою:
Менин баламдын дени сак. Күчтүү. Тамакты өз убагында жейт. Чоң энеси өз убагында тамагын берип эшикке алып чыгып таза абада сейилдетет. Кайненемдин ден соолугу чың, эске тутуусу жакшы. Мен ага ишенем, себеби, менден жакшы карайт. Кечинде жолдошум экөөбүздү жумуштан барганда күлүп жайнап тосуп алышат. Биздин үй – бүлө бактылуу! Мен аларды сүйөм! Мен кандай бактылуумун! Жашоом мен калагандай болуп жатат! – деп ойлосо, өзүн кандай сезет?