Таза ойлор Так сөздөр - страница 32



Руханий байлык – бул жан дүйнөнүн, ден соолуктун, бакыттын, байлыктын казынасы. Колго кармалбайт, көзгө көрүнбөй энергиянын кубаттуулугу менен белгилене турган дүйнө. Руханий байлык сезим менен ой аркылуу түзүлгөн образдардын дүйнөсүнөн жаралат. Руханий байлыгы бай адамды пейили ток экен, көзгө жагымдуу, нурлуу экен, жүзү жарык татынакай адам экен же келбеттүү экен – бул адамга ишенсе болот деп түшүнүшөт.

Ата – энелер урпактарыңарга эмне калтыраарыңарды ойлонгула.

Мураска бул жашоодо “материалдык байлыктан” сырткары, “түбөлүктүү укумдан тукумга өтүүчү – ден соолук, жан дүйнөнүн байлыгы,бейкутчулук, жашоонун, кең пейилдүүлүктүн, барчылыктын, токчулуктун, кубанычтын, ыраазычылыктын, сүйүүнүн нуру” берилээрин эсиңерге сактасаңар. Бул албетте адам мүнөзү менен байланышат.

Ар бир басып өткөн секунда– бул Ааламда “жандуу” б.а. жашайт. Образдардын дүйнөсүндө бир эле убакта жашап келет. Канчалык көп ойлонсоң, ошончолук күчүнө кирип – бүгүнкү күндөгү жашооң, эртеңкиге калтырган мурасың болуп келет. Ошентип, жашоону куруп уланта беребиз.

Ал эми чыныгы жашоо – сенин оюң менен, сөзүң менен, жасаган ишиң менен азыр, учур чакта кайсыл жерде болсоң – ошол сенин чыныгы, учур чактагы жашооң.

Бүгүнкү жашооң – кечээги жашооңдун бактылуулугу, этреңки жашоондун бактылуулугу. Үч дүйнө бир эле убакта сени менен ар дайым, мына азыр, ар бир көз ирмемде бирге жашайт.

Түбөлүктүү мураска кала турган нерсе бул, – ар бир адамдын өзүн өзү түзүүсү, сезими менен жашап, ден соолукта бакубат, руханий жактан бай жашоосу келечетеги урпактарына – чың ден соолуктун, материалдык байлыктын нурун берет.

Мураска калтыруу – бул ар бир адамдын өзүнүн келечегине, урпактарына маалымат калтыруу, кан, ген аркылуу өткөн жашоодон турмуштук тажрыйба, ден соолук, образ, элес калтыруу, кубанычтуу сезим калтыруу, нур толкундардын сапаттуулугун, күчтүүлүгүн, жогорку жаратуунун алкагы менен байланышын калтыруу болуп эсептелет. Илгертеден бекеринен “бул адамдын ата-теги” кандай экен– деп сураштырбаган. Түпкүлүгү түптүү адам, бүгүн бул жашоодо кедей үй-бүлөдө төрөлсө, эртеңки күнү бай болуп жашоосуна ишенет, аны ишке ашырып жашай алат. Ошон үчүн андай адамдар табышмактуу жана айлана чөйрөдөгүлөр үчүн шектүү. Көпчүлүктүн көңүлү ал адамга өзүнчө эле бурула берет. Алдын ала ой жүгүртө билген адамдар болсо “ушундан бир нерсе чыгат” деп коюшат. Көпчүлүк адамдардын тили менен айтканда бул “таланттуу” деп түшүнөт.

Ал нерсе сезим менен берилип “дененин маалымат талаасында” жазылып, ген аркылуу канга, тагдырга берилет. Ошондуктан, “мээр төгүп, сүйүү, ден соолукту, руханий байлыкты тартуулоо” урпактарга эң сонун “мурас” болуп калаарына шек жок. Себеби, ички дүйнөсү бай адам өзүнө өзү ишенген, эрки күчтүү адам болот. Ал сөөктөрү бекем, ден соолукка бай адам. Ден соолукту чыңдоонун жолдору бүгүнкү күндө өтө көп. Азыр, мындан ары “ден соолукта” болуш үчүн кандай аракеттерди, кам көрүүлөрдү жасап жатасың, өзүңдүн өзүңө болгон мамилеңе көңүл бөл.

Ким изденсе ал каалаганын сөсүз табаары анык.

Негизгиси, ар бир адам “өзүн өзү тыңшап, түшүнүп, өзүн өзү сүйүү – эң сонун жол” экендигин түшүнгөндөр, китепти окубай эле өз жашооңорду уланта берсеңер болот. Себеби, силер билген нарселерди эле майдалап түшүндүрүп жазам.Аны акылың менен түшүнөсүң, бирок кантип жасабай коюууну билсең анда сага жол ачык.

Ал эми, жеткиликтүү түшүнүк ала албагандар үчүн, жазууну улантамын. Ойлорун караштырууну сунуш этем, сезим менен иштеп көнүгүү жасап денесин керексиз маалыматтардан бошотуусуна көмөктөшсөм деген ниетимди уланткым келет. Себеби, сезими менен сезип, андан кантип бошонууну билбегендер көп.