Таза ойлор Так сөздөр - страница 69
Ар бир темада мен ушул эле ойлорго, сөздөргө басым жасап келе жатам. Себеби, жашоонун маңызын дал ушул нерселер түзөт. Бул сөздөр канчалык көп кайталанган сайын “жан дүйнөгө” терең сүңгүп кирип орун алат, жана кайрадан жаңы жашоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ар кимге мунун баарын өтө терең түшүнүү үчүн ар кандай убакыт керек. Бир адамга бир “секунда” жетишээрлик болсо, кээ бир адамга бир эле өмүр эмес, бир канча кайра жаралуу же “адам өмүрү” талап кылынат. Себеби, терең түшүнүүнүн ачкычы – бул турмуштук тажрыйба болуп эсептелет. Ал эми, турмуштук тажрыйбанын сапаты ар кимде ар түрдүү. Бирөөдө жашоонун жаман жагы жөнүндө маалымат көп болсо, экинчисинде жакшы эмоционалдык маалыматтар көп. Мына ошого жараша, бул жашоодо бирөө ийгиликке тез жетсе, экинчи адам ар дайым ар кандай тоскоолдукка туш келе берет. Ар кандай тоскоолдуктан чыгугууга ар дайым “өзүң менен өзүң иштөө” жакшы жардам берет.
Турмуштук тажрыйба – бул сенин өзүң жасаган ишиң, ойлогон оюң, сүйлөгөн сөзүң, жасаган мамилең, сезген сезимиң,түзгөн образың, жыттаган жытың, уккан үнүң,көргөн көзүң, таткан даамың, басып өткөн жолуң, жасаган жумушуң.
Турмуштук тажрыйба – бул бир ордунда туруп калбаган, дайыма өнүгүү, өсүү жолундагы жашоонун багыты. Ким узак жашоону, ден соолукта жашоону ниет кылса – ал адам энергиянын кубатын күчөтүп, узак жашай алат, себеби, “жан дүйнөгө узак жашоо программасын” киргизет. Эгерде “эч нерсе жасагың келбей жалкоо болсоң анда энергиянын нормалдуу агымы бузулуп, адам денесинде ден соолукка зыяндуу көрүнүштөр башталат.
Ийгилик өзүңдүн аракетиңе, практикаңа жараша болот.
Издеген адам сөзсүз табат, мээнет кылсаң үзүрүн өзүң кана көрөсүң. Мага ушул нерселерди таап, баштан өткөрүп, турмуштан тарбия алуу, түшүнүү үчүн элүү жаш убакыт талап кылынды. Ал эми, кээ адамда мындай маалымат төрөлгөндөн эле бар. Ошон үчүн адамдар бири-бирине “көз артуунун” ордуна өзүндөгү жетишпеген кемчиликти алдын ала көрүп, жаңы билим, маалымат алуусу, жашоосуна жеңилдик бермек.
Өзүңдү өзүң таанып, өзүңдүн ким экендигиңди билгиң келеби?
Өзүңдү өзүң таануу – бул жашоону таануу!
Адамдын “аң сезими бала эненин курсагында жатканда кыйымлдап баштагандан баштап өөрчүй баштайт. Төрөлгөндөн кийин:
– 1 жаштан 7 жашка чейин дүйнөнү тааныйт.
– 7 жаштан 14 жашка чейин “аң сезим менен түшүнүп, бул дүйнөгө жашоого калыптанат.
– 14 жаштан 21 ге чейин акылы өсүп, интеллект калыптанат. Ар кандай нерсеге кызыгып үйрөнөт, окуп билим алат.
– 21 жаштан 28 ге чейин дене, акыл– эс, аң сезим бири –бири менен тыгыз байланышат. Айлана чөйрө, дүйнө менен болгон мамиле калыптанат.
– 28 жаштан баштап жашоо ар бир адамдын өзүнүн өнүгүүсүнө жараша болот. Өзү менен өзү иштеп, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып өрчүтүүсүнө жараша жашайт. Материалдык жана руханий жактан тең өнүгүүнү өздөштүрө билсе, албетте, мээсинин эки жарым шары бирдей өнүгөт. Бир тараптуу өнүгүү албетте, дененин бир тарабына оорчулук келтирет дагы, тең салмактуулук бузулуп, жашоону кыйындатат. Материалдык дүйнөнү көбөйтүүнүн үстүндө иштеген адамдын жаны кыйналат. Ал эми руханий жактан кана өнүккөн адам материалдык жактан жабыр тартат. Ошон үчүн эки багытты тең алып барган ыңгайлуу.
Эгерде, адам өзүнүн “ким экендигин” түшүнүүнү каалабаса, анда ал адам “денеси менен жогорку аң сезимдин, космостук аң сезимдин ортосунда” калкып жашайт. Мына ушул убакта энергиянын агымынын өтүүсү начарлап, адамдарда физикалык денеде ар кандай ооруулардын пайда болушуна шарт түзүлөт, жашоодо ар кандай проблемалар келип чыгат. Ошон үчүн айланып, кыйынчылык менен өтүп жаткан энергияны кыймылга келтирип, иштетүүнүн жолу “өзүңдүн ким экендигиңди издөө, түшүнүү, таануу, кабыл алуу”.