Адамдын Асыл ойлору - страница 3
* * *
Мен жол менен басып баратам. Менин айланамда мезгил да токтобой өтүп баратат. Мезгил менен кошо өмүрүбүз кайда шашып баратат?
* * *
Бир жазуучунун чыгармасын окуп көрсөм жазгандары мен жазып жиберчүдөй оңой нерсе болуп көрүнөт, а биз эмне үчүн ошол оңой нерсени мурун жазган жокпуз. Бирок ошол жөнөкөй чыгармада өтө татаал мээнеттин жолу көрүнөт. Андан мурдараак биз издеп жүргөн таланттын өзү көрүнөт.
* * *
Экөө бар, экөөнүн биринде жок, биринде бар. Жогунда жакырчылык, беркисинде байлык болгон.
* * *
Кубаныч, сүйүүбүздү элибиз мекенибизге берели. Ансыз биз бактылуу болбойт экенбиз. Кубанычын, сүйүүсүн элине бербеген жетекчилер элинин байлыгын уурдап алып, ыйык журттан качып жоголгон. Эли үчүн алардын караан- элеси эчак безип жоголгон.
* * *
Жаздын таңы атты. Бизди эмгек чакырат. Эми сонун күндөр биздин алдыбызда жатат.
* * *
Адамдын өмүрүндөгө көөнөрбөс түшүм, өткөн жана алдыңкы күндөгү эмгеги аркылуу келет.
* * *
Күзгүдөн көрүнгөндүн баардыгы чындык. Анын элеси бурмаланбай даана көрүнүп турганы да чындык.
* * *
Оор заманда шаарыбызда иш таба албаган эч жерге кереги жок адамдар көбөйдү. Айрымдары жашоонун кордугун көрүп, өзүн-өзү жок кылып жатты. Анткени биздин өлкөнү башкарган адам элди жетектей албаган адам эле. Керексиз жетекчи болгон жерде, керексиз адамдар туш -туштан агылып чыга бериши көнүмүш окуя болгон.
* * *
Пенденин көзү өткөндөн кийин жаман сапаттары унутулуп, жакшы жактары калкылдап чыга келет. Өмүрүбүз ошол жагы менен бактылуу жана унутулгус.
* * *
Күзүндө куштар үн салып учуп баратат. Бул үн
коштошуу элесин өзү менен алып баратат. Бизге да коштошуунун күкүмүн таштап баратат.
* * *
Мен эмнени сепсем ошону эгип алам, жаманчылыктын үрөнүн сепсем жаманчылыкты алам, жакшылыктын үрөнүн чачсам жакшылыкты алам.
* * *
Бизге бат өткөн убакыт да керек, жай өткөн убакыт да керек, ошол өткөн убакытта эмне жумушту иштеп чыктык, баарынан ошол керек.
* * *
Күн кечтеп баратат, мезгил өтүп, өмүрүбүз карып баратат?
* * *
Бийлигиң аяктоочу нерсе, мезгил өтүп кетүүчү нерсе, демек баары унутулуп же артта калуучу нерсе. Демек баардыгы армандуу нерсе.
* * *
Кышында жаз бизге өтө алыстай сезилет, бирок аны мезгил бат эле айдап келет. Бизге кубаныч өтө алыстай сезилет, аны деле мезгил өзүбүзлө ылдам эле айдап келет.
* * *
Кеменгерликтин артынан кеменгерлик жаралат.
Акылмандуулуктун артынан акылмандуулук жаралат. Улуулуктун артынан улуулук жаралат. Алардын элге, журтка берилген өлбөс ыйык сыры эле ошол болгон.
* * *
Сенин жылмайганыңан сүйүүнүн өңүн көрөм, ак куунун сүзгөнүнөн сулуулуктун көрөм, май айында торгойдун сайраганынан алтын жазды көрөм, бырыш баскан өңүнөн карылыктын жүзүн көрөм.
* * *
Начар адам кудайды оозанып калса, анын оюна бир жакшылык жышаанасы жылып келген.
* * *
Мүнөзү жумшак жагымдуу ургаачы адамдардын эсине далайга сакталат, аны менен бирге жакшылык сакталат.
* * *
Начар уулдун жаман жоругу жакшы ата-эненин чачын агартат. Ошол ак чачтардын арасында баласы жараткан арман жатат.
* * *
Көкүрөгүңдө умтулуу токтогон күнү жашоонун кызыгы бүдөмүк тарта баштайт.
* * *
Астрономдор асмандагы жылдыздарды жоктоп жана түгөлдөп турган сыяктуу, адамдар өздөрүнүн бош кетирген өмүрүн жоктоп жана түгөлдөп жатат. Антпесе, көп учуру текке кетип, убакыт такталбай калганы жатат.
* * *
Ааламда күндө жаңы-жаңы ачылыштар болуп турат. Ал ачылыштарды көрүп адам баласы жакшы жашоого умтулуп турат.
* * *