Адамдын Асыл ойлору - страница 4




Кичинекей кызым мени туурап жазуучу болом деп, жомок жаза баштады. Анын балалык күнүнөн эле кереметтүү жомок төгүлө баштаган.


* * *


Адамга уйку да керек, эмгек да керек, уйку жокто таң атпайт, эмгексиз өмүрдү кубаныч аралабайт.


* * *


Бир күн кымбатпы, же бир ай кымбатпы? Бир күндө сонун иш бүткөрсөк ошол кымбат-унутулгус убакыт. Бир айда эч нерсе бүткөрбөсөк ал кымбат эмес, унутулган убакыт.


* * *


Улуу адамдар күндөлүк жазышкан. Менимче ар бир адам өткөн өмүрү жөнүндө эс акылында күндөлүк жазып жүрүп отурат. Анын көптөрү унутулса, кээ бири эсте калат. Адамдын эсинде бир капалуу, бир бактылуу күндөр эсинде калат.


* * *


Уулу каза болгон аялдын чачы аппак, кантип байлык топтойм деген бай соодагердин чачы аппак, улуу бийик тоонун башындагы кар аппак.


* * *


Ишке ашпаган жетекчинин сөзүн угууга караганда саздагы бакалардын чардаган үнүн тыңшоо түбөлүк бактылуу кубулуш.


* * *


Көп таланттар тирүүсүндө сөзгө илинбей өлгөндөн кийин гана бааланат. Демек, чыныгы талант унутулбайт, ал унутулгус керемет.


* * *

Жакшы адамды төрт сапатынан: токтоолугунан, жөнөкөйлүгүнөн, эмгекчилдигинен жана боорукерлигинен билсе болот. Ушул төрт сапат жүрөгүңдө болсо, аны жакшы адам деп эсептөөгө болот.


* * *


Жаман адам «жарма бер»– дейт, Арамза адам «арак бер»– дейт,

Байкуш адам «баарын бер» -дейт.


* * *


Кылым өтсө чириген үй кулайт, эскирген бийлик чирик үйдөй кулайт, ушинтип экөө тең кулайт.


* * *


Пайгамбарлар улуу китептерди жазышкан, алар колдон түшпөй окулат. Ал эми акын, жазуучу жана ойчулдардын жазган китептери да, колдон түшпөй окулат. Адамга эмне керек болсо ошонун баары колдон түшпөй окулат.


* * *


Пенденин кыйкырыгын аска-зоолор коштоп кеткен сыяктуу, баатырдын эрдигин адамдар эскерип турбаса, унутулуп калган күн болотЭли үчүн жасалган эрдик унутулса, элге эле уят болот.


* * *


Катаал заманда элдин башына журт башкара албаган пенде келсе, калайыкка эле кыйын болот. Ошол тиранга ким каршы чыкса, ал чоң баатырдык жасаганга тете болот.


* * *


Бири-бирине кереги бар адамдар жолугат. Бири-бирине кереги жок адамдар бетме-бет кандайча жолугат?


* * *


Алыс кеткен жолоочунун качан келээри түшүнүксүз, бош кеткен өмүрдүн өзү түшүнүксүз, биз билбеген нерсенин баары түшүнүксүз.

* * *


Акылмандын айткан кеби түшүнүктүү, эл үчүн берилген жетекчинин иши түшүнүктүү, эмгекчил адамдын келечеги түшүнүктүү.


* * *


Майданга узагандардын кээ бири кайра келбейт, убакыт мезгил өтсө кайра келет, бирок өткөн өмүрүбүз кайра келбейт, жүздүн ону кайра келбейт, маркумду узаткандар кайра келет, маркумдун өзү кайра келбейт.


* * *


Жайында атчан кетип бараткан жалгыз жолочуну жолдошу жок деп айтпагыла, жүрөктө жанган үмүтү–бир, асманда тийген күнү–эки, айланасында улам-улам согуп жаткан учкаяк салкын жели–үч, астында созулуп жаткан кашка жолу–төрт. Демек, ал жолоочу төрт жолдошу менен сапар кетип баратат.

* * *


Койлорго кол салган карышкыр койчуга айтып келген эмес. Карышкыр сыяктуу өлүм-өмүргө кабар айтып келген эмес.


* * *


Эркиндик болгон жерде жашоо, эмгек, өсүү бар, бир гана артка кетенчиктеген иштер жок.


* * *


Көпчүлүк күткөн үмүт аткарылбаса, ал жамаат үчүн аяныч.

* * *


Көз, сезими, жүрөгү курч кыраандар алысты көрөт. Андай сапаты жоктор эмнени көрөт?


* * *


Мага карылык келатканын башымдагы ак чачтарыман көрсөм болот. Өмүрдүн бүтүшүнө канча жыл, канча күн, канча убакыт калганын кайдан барып көрө алам?


* * *

Убакыт келгенде мээримдүү, жакшы адамдарга жолугабыз, жакшы ыр жазган акынга жолугабыз. Алдыда келаткан мээримдүү күндөргө жолугабыз. Аягында жаадыраган жазга жолугабыз.