Бабалардын жанырыгы - страница 25



Ошол касиеттүү жер «Кара жорго» тоосу деп аталып калды деген элде имиш бар. Береги катуу согушта кыргыз баатыры Окторкой чоң эрдикти көрсөтүп, каза болгон жер анын арбагын сыйлап жоокерлер ошол аймакты «Окторкой» деп атаганын санжырачылар айтып жүрүшөт. Ал эми дагы бир кыргыздын алдуу күчтүү намыз бербес баатыры Оргочор дагы кыргыздарды коргогон тайманбас баатыры болуптур, ал дагы каза болуп ошол Монголдор менен болгон согушта каза болгон экен. Эл баатырын такыр унутпай ошол жерде «Оргочор» деп атаптыр.

***

Кыргыз көчү аман калууну айласын издеп Нарын аркылуу түштүккө карай илкип-калкып кетип баратты. Көчтү эр жигиттер коргоп келет алар тынымсыз көчүп келатты. Антпесе монголдор бул көчтү түп оорду менен жок кылып кеткен жатпайбы. Көчтү башкарып келаткан бийдин ден соолугу жок, анткени ал майданда жарадар болбодубу. Бийдин башы айланып салмактанып турду. Ал карыяларга айтты:

– Менин абалым начар атка да жүрө албайм го. Силер тынымсыз көчүп отуруп түштүккө кеткиле,– деп акырын алсыз үн менен айтты.

Ошентип бий төшөк таянып жатып калды. Бир кезде ал эшикке чыкты. Улуу тоого ай батып бараткан экен. «Менин өмүрүм жылдыздардай жайнап, ай сыяктуу батып бараткан экен. Кыргызыма эмне бердим? Кара башымы ойлоп аларга зыян кылган жокмунбу? Улуу алакандай журтка эсте калаарлык бир жакшылык жасадымбы?» Ал ушуларды ойлоп жатып, улуу адам бул өмүр менен коштошуп тиги дүнөгө түбөлүк учуп кетти. Анын жаны денесинен чыгып, ободо калкып учуп, түбөлүк өлбөс жакка кетти. Бийдин сөөгүн ариеттеп таза жууп, өзү басып өткөн, ата-бабасы көргөн касиеттүү Нарын тоосунун эл каттап өтүп турган чоң белине коймой болушту.

Туугандары үч жолу айтты:

– Бий кандай адам эле?

– Элдин таламын талашкан айкөл адам болчу.

– Бий кандай адам эле?

– Журттун камын ойлогон берешен адам болчу.

– Элди жоодон коргогон баатыр адам болчу.

Жыйылган элдин арасында үн чыгып жатты:

– Жаткан жери жайлуу болсун!

– Баатыр бийди түбөлүк унутпайбыз!

– Топурагы торко болсун!

– Эл коргогон баатырды эч убакта унутпайбыз!

– Бийдин жакшы сапатын кийинки муунга айта барабыз!

Журттун ушул үнү ай-талаага, аркы тоолорго шамал, жел менен угулуп жатты. Кийинки муундарга өлбөстүктүн шаңы, ата-бабанын урпактарга унутулгус дабышы тарап жаткансыйт. Айтылып жаткансыйт. Баатырдын сөөгүн жерге коюп жатып, денеси менен кошо өзүнүн сүйгөн тулгасын, кылычын, жоону сайган найзасын, айбалта, жаасын жебелери менен кошо, дайыма үстүнө түшүрбөй кийип жүрчү ак олпогун, денесине кийчү тор темирден токулган торгой көз бадана соотун, чарайнасын жана жоону дайма сак болуп караган дүрбүсүн кошо көмүштү. Ушундай шашылыш жоо каптап келген учур болсо да улуу баатырды урматтап, коюулган жерге усталар курч кескич менен бал-бал эстеликтерди орнотту. Усталар муну ары-бери каттаган адамдар билип, эрдикти унутпай, эскерип кетип турсун дешкен. Кийин ошол жерден булак агып чыгып, касиеттү тал өсүп, журт сыйынуучу жерге айланып кеткен экен. Кийин ошол жер «Долондун бели, Долондун ашуусу» деп аталып, Долон атанын сөөгү коюлган касиеттү ашуу азыр деле ошондогудай турат. Азыр деле ал жер кыргыз эли үчүн сыймыктуу. Ал жерге улуу баатырга куран окуп, эскерип өтүп кетишет. Жел согуп, шамал болуп, жаз, жайды айландырып убакыт өтүп турат. Ал ашуу тили болсо өткөн тарыхты санжыра кылып айтып бере алаар эле. Аны билген карыялар да небак өткөн. Ал баян улама-санжырада гана сакталып калган.