Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. - страница 7
Айыл чарбасынын тармактарын адистештирүүну туура айкалыштыруу айыл чарбасынын бардык системасын өнүктүрүүнү күчөтүүнүн негизин түзөт. Райондо айыл чарба өндүрүшүнүн туура адистештирилиши коомдук эмгекти үнөмдүү пайдаланууга, өндүрүлгөн продукциянын бирдигине аз чыгым жумшоого жана продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мунун өзү, эмгек чыгымдарын жүк ташуудан үнөмдөөнүн, айрыкча айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбасынын тармактарын туура жайгаштыруунун, райондо бул маселелер үчүн ыңгайлуу жаратылыш жана экономикалык шарттардын болушунун натыйжасында жетишилет. Биздин райондун шартында адистештирүү маселелерин үйрөнүү жана киргизүү бардык чарбалардан мал чарбасын, айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө адистештирүүнү туруктуулук менен талап кылды.
Тянь-Шань районунда 1930-40-жылдарга чейин кылчык жүндүү кыргыз кара койлор өстүрүлгөн. Ошол жылдарда азыркы Октябрь революциясы ордендүү «Жаңы-Талап» колхозуна (беш колхоздон ирилештирилген «Тогуз-Булак» колхозуна) бир короо меринос тукумундагы ак койлор алынып келинген. Аны Чөкүтаев Исакка (азыр пенсионер, коммунист) өткөрүп беришкен. Жаңыдан келген койлор жаңы жерден жакшы конуш алды. Кыргыздын кылчык жүндүү койлоруна караганда төлду жана жүндү арбын берди. Исак жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, Москвадагы айыл чарбасынын алдынкыларынын Көргөзмөсүнө катышты. Анын өз аты калып, айылдаштары Чөкүтаевди «Ак-койчу» деп аташкан.
Бүгүнкү күндө ал кездеги биринчи келип конуш алган ак койлордун саны 500 минден ашты. Эгерде республикада ар бир колхозго 26 миң баш кой туура келсе, биздин чарбаларга 47 миң баш кой туура келет.
Мал чарбасын асыл тукумдаштырууга, малдар ды тоюттандырууга жана кармоого карата багытталган иштер жогорку продукциялуу асыл тукумдагы малдардын санын кескин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 1977-жылы колхоз-совхоздордогу уян жүндүү койлордун саны 19,6 процентке, жарым уян жүндүү койлордун саны 80,4 процентке жетти.
Райондо Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы иштеп, ал малдардын породалык составын жакшыртуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөт. Малдарды жасалма уруктандыруу методу колхоз-совхоздордо кеңири колдонулат.
Бийик тоолуу жайыттарды эффективдүү пайдалануу менен кой чарбасынын продуктуулугун андан ары жогорулатуу жана Борбордук Тянь-Шандын колхоздорунун, совхоздорунун экономикасын көтөрүү максатында Кыргызстандын мал чарба жана ветеринардык илим-изилдөө институтунун кызматкерлери Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станция-ынын адистери менен бирдикте 1938—1966-жылдарда койдун жаъы «Тянь-Шань» жарым уян жундүү эт, жүн багытындагы түрүн табышкан.
Бул кой өзүнүн тез өсүп жетилүүсү, бийик тоолуу климатка жана жайыттагы тоютка ыңгайлашкан эт-жүн берүү багытындагы кой болуп эсептелет. Жергиликтүү куйруктуу
койлор Новокавказье меринос жана Вюргенберский, ал эми кийинчерээк Линкольнами тибиндеги кочкорлор менен аргындаштырылып алынган. Кочкорлордун салмагы 100—110 килограммды түзүп, тубар койлор 60—70 килограммга жетет. Жайытта багылган соъ союлгандан кийинки салмагы («убойный выход») 54—60 процентти түзөт. Бул койлор жалтылдаган ак жүнү, бышыктыгы жана чыъдыгы менен айырмаланат. Аларды жыл бою жайытта кармоого ылайык келгендиктен, айрыкча тоолуу шарттарда өтө жакшы өсөт.
«Тянь-Шань» жарым уяң жүндүү эт жана жүн багытындагы койлордун породасын чыгаргандыгына байланыштуу анын авторлору Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун илимий кызматкерлери Т. Э. Друженьков, В. С. Друженькова, Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын мурдагы директору К. Жангабылов, чабандар С. Абакиров, К. Жамгырчиев 1974-жылы Кыргызстан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болушкан.