Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси - страница 11
Энесинин жактырган кызы уулунун да көңулүнө толуп, жакшы ниет-жарым ырыс деп айтылгандай кечиктирилбей эле келин үйгө түшөт. Ушундай кубанычтуу күндү көрсөм деп көксөгөн эненин тилеги кабыл болуп, колдон келген той-топурун өткөрөт. Эки жаш баш кошкондон үч күн аттабай Маматалынын артынан медкомиссияга чакыруу кагазы келет. Эми аны менен коштошуу күйүтүн эңе менен жаңы гана бүлө катарына кирген жаш колуктусу да тартып калат. Жоокердин өмүрүндөгү эң маанилүү окуя жөнүндө аскеркомдогулар билбеди, же ал өзү ооз ачкан эмеспи-айтор, айт-буйтка келтирбей эле фронтко жөнөтүлөт…
Ташиев фронттогу достору менен.
Кайран жигит кандай каргашага кабыларын анда кайдан билсин. Кайрадан туулган жери менен коштошуп, өрт-жалын алоолонуп, жер күйүп жаткан кан майданга аттанат. Бул учурда душмандын мизи кайтарылып, күч биздикилер тарапка оой баштаган. Анткен менен жаралуу жырткычтай жаалданган фашисттер СССРди багынтуудан үмүттөрүн үзүшкөн эмес. Ал эми алгачкы жеңиштерге шыктанган биздин эр жүрөк жоокерлер кашык каны калгыча салгылашып, Ата мекенге азаттык алып келүү үчүн жандарын аяшпаган. Мына ошол кызыл кыргын аралаган кыраандардын ичинде Маматалы да катардан калбай жүргөн. Андагы алааматта аталардын, агалардын тарткан азап-тозоктордун сөз менен айтып берүүгө эч кимдин кудурети жетпейт…
Чыкыроон, көөдөй түн жана да бурганак буюктурган фронттук жолдор. Жаалданган каршылык көрсөтүүсүнө карабай таш-талканы чыгып жаткан душмандын колу улам артка чегинүүгө аргасыз. Баскынчылардан бошотулбаган элдер да, жерлер да алдыдагы уч-кыйырсыз мейкиндикте, же Батыш тарапта жатат. Ал үчүн али да канча миллион айыпсыз адамдардын каны төгүлүшү керек, азаптуу жолдор басылышы керек. Азыр мына кыйраган кыштак четинде адамдык жылуу мээрдин коломтосу. Бир караганда бул чоочун. Бирок чоочунбу? Деги эле чоочун бүлө менен өзүңдүкүн бөлгөн араны таап болмокпу. Жоокерлер жер кепеге дарбый кирип, аң-таң болгон энеге:– Амансызбы, апаке! – деп эле чалгыдан чабылгандай чырм эткени сулап калышат.
Ал эми ойгонушканда көп учурда үстү-башына эски-уску бирдеме жабылып, чулгоолору жуулуп, кургатылганын, анан да эненин мээримдүү үнүн угушкан. Ошондо жашоо ажайып көрүнүп, күч-кубат кошулгандай болгон. Кайрадан катаал жол, кан майдан. Ар бир жоокер өз энеси менен коштошкондой: – Ыракмат, энеке! Кайрадан көрүшкөнчө! – деп астейдилден айткан. Фронттук арпалыштын алгачкы күндөрүнөн баштап, позициядан позицияга, бөлүктөн бөлүккө өтүп жүргөндө да жоокерлер энелик мээрим, камкордукту туюп турушкан. Буга тылдан белек катары барган мээлей, малакай, моюн орогуч, токулган байпак, тамеки баштык сыяктуу буюмдар да кайнакай кирчү.
Убайын, урматын көрүп, бейпил күндөрдө бейарман өмүр сүрсөм деген Гүлкан апа үч уулун тең кандуу казатка аттантып, каңырыгы түтөп калса да күн тыным, түн уйку билбей колхоздун кара жумушунда. Ал өзүнүн жан үрөп кылган ак иши менен биздин жеңишке өз үлүшүмдү кошсом деген аруу максатта болгон. Өзү өп-чап жашап жаткан жалгыз бой аял керели-кечке кетмен чаап, же орок чалсада түнкүсүн фронт үчүн бирдеме даярдачу. Анан да ошол өрт-жалын кечип жүргөн кулундарына Куршабдын ырыскысы кубат берсин дегендей курут, жаңгак, өрүгүнөн түйүнчөктөрдү жөнөтчү.
Биздин аялдар! Алар жашоо-тиричилик биротоло бүткөнсүп өрт чалып жаткан жерде да байсал жаратып, үмүттүн отун тутантышкан. Алар фронтто да, медсанбатта да, алдыңкы чекте да катарда болушкан. Үмүттөрүн үзбөй алыскы тылда жакындарын арзып күтүшкөн. Жоокер өз үйү жөнүндөгү изги ою менен жашаган. Сүйүү, ишенич жана үмүт аны шыктандырып, жеңишке жеткирген. Арийне, мунун баарынын астарында эненин ак сүтүн актасам, анын алдында жүзүм жарык болсо деген улуу сезим жаткан. Ушундай улам өз учурунун даңктуу жазуучу М. Горький: “ Дүйнөдөгү сыймыктын баары энелерден. Куяшсыз гүлдөр ачылбайт. Махабатсыз бакыт жок, аялзатсыз сүйүү жок. Энесиз акын да жок, баатыр да жок!» деп бекеринен айтпаса керек. Айтор, сагыныч саргартып, кусалык курутса да кайрат-деминен жазбай, жакшылыктан үмүт үзбөй жашаган Гүлкан эненин образы Толгонайдыкы менен бирдей эле жана өзүнчө эле бир дастан жазууга татыктуу экендигине күмөн саноого болбойт./Ал кишинин ажайып бейнесинен сүртүмдөр аңгемебиздин айрым жерлеринде чагыларын айта кетели/.