Мезгил ажырымы - страница 4



Руслан макул болуп айымдын артынан басты. Тамак-аш столго жайнады. Айым: -«Менин атым Ася (Атыркүл), бул жигиттин аты Денис. Менин жээним болот. Тааныш болуп жүрөлү»-деди. Курсагы ачканын эми сезген Руслан атын айтып бир аз отурду да тамакка көнүл бурду. Жигит алдындагы тамакка кол сунган соң, айым «тоскоол болбойун, тамактанып алсын» деп ойлоду. Бир саамга ортодо жымжырттык пайда болду.

Жигиттин кыймыл аракетинен улам жаман эмес үй-бүлөдө чонойгон таза-тыкан жигит экен деген ой Асяда калыптанды. Айым өзү кызыккан суроолорду сурайын деп, бирок машинедеги чолок жооптордон улам «азыр туруп алып кетип калбасын жооп бергиси келбей» деп ойлоп кетти. Русландын ошол учурдагы сөзгө сараңдыгы, сыпаа жүрүш түрүшү анын баркын бул аялдын алдында бир топ эле көтөрүп салды. Чынында ажыкыс, тамашакөй, жеңил чечим менен жашаган жигит экенин бир көргөндө эле Ася биле алган жок.

Айым бир аз убакыттан сон тамагын кырып сөз баштады: «Руслан, сөздү ары чоюп бери чойгондо эмне. Ток этерин айтайын. Сизди макул болот деп абдан үмүттөнөм. Мен көрүнгөн кишиге эле жумуш сунуш кыла бербейм. Бул айтканым көңүлүнүзгө жакпаса кечиресиз. Бирок чындыгы ушундай…(ортодо мүнөткө жетпеген жымжырттык)… Биз офис ачып жаттык эле. Офиске сиздей бир жигит керек болуп жатат. Күнүгө 5 эле сааттан 5 күн иштейсиз. Айлыкты жакшы төлөп берем. Эгер жумуш жакпай калса, каалаган убактыңызда баш тартып, иштеген эмгек акыңызды алып кете берсеңиз болот. Убактыңыз болобу?»-деди айым.

– Офисте отуруп эмне жумуш кылам?-деди Руслан

– Кулактандыруу боюнча келген сулуу кыз-келиндерди бир дарекке жөнөтүп турасыз…

– Ошол элеби? – деди Руслан. Айымдын «сулуу кыз-келиндерди» деп баса айткан сөзүнө Руслан көңүл бурган жок.

– Ооба, 2 телефон, 4 номер берем. Телефон чалууларга жооп бересиз. Айлык акыңыз 20 миң сом болот. Сумманы уккан Денис ууртайын деп бараткан чайын кармаган тейде, Асяга кылчайып тан кала тиктеп калды. Себеби, айлык акы 12 миң сом деп белгиленген болчу. Ася бутунун учу менен Денисти акырын бутка тээп койду. Бул «сен унчукпа, азыр кийлигишпе» деген белги эле.

Руслан унчукпай отуруп, ойлоно түштү.

– Жообун азыр эле айтсаңыз сонун болот эле. Эртең саат 9дан баштап офисте иштеп баштайт элеңиз…– деди айым

Руслан «байкап көрбөйүнбү ээ… Жакпаса кетип калам да. Жөн эле телефонго жооп берип отурат турбайынбы. Жакшы жумуш окшойт. Айлык акысы жаман эмес»-деп ойлоп кетти.

– Мейли, иштеп көрөлү

Ася сүйүнүп кетти.

– «Абдан кубанычтамын. Келгиле анда таанышканыбыз үчүн, бир команда болгонубуз үчүн бир шампан алып белгилеп койбойлубу ээ» деп күлүп жиберди айым.

***

Нурик жолдун так ортосуна эки колун көтөрүп «токто» деген ишараат менен тура калды. Нуриктен алысыраак токтогон машинеден айдоочу кытай жигит башын чыгарып «Чо-о-о?» -деп кыйкырды. Нурик колу менен шаар тарапты көрсөтүп «Бишкек! Бишкек!» -деди. Машинеде бир эле орундук бар экен. Нурик, Канат бир орунга батышып отуруп алышты. Таң калып, чоочуркай тиктеген кытайлар жигиттерди башынан ылдый карашат. Жетээр жерине жеткенде Нурик машинени токтотсо «Бишкек?!!»-деп Бишкеке бармак эмес белең дегендей айдоочу алды жакты көрсөтөт. Нурик «аа… болду. жеттик»-деп трассадан түшүп калышты. Күндүн таңкы кызыл нурлары айлананы кооздукка бөлөйт. Экөө баштарын жерге салып ылдамдап басып келе жатышат. Нурик сөзүн улантып кобурап баштады: «Ушул кытайлар бир күнү чогулуп эшек союшат экен. Же майрамбы, же атайын эшек союп жемей күнбү, айтор баары чогулуп келип эшек союшчу. Майын сасытып сызгырышчу. Укмуш сасык болот экен эшектин майы. Бир эже бар болчу жаш балдары менен тирлик кылчу, ошол жерде фермада иштечү. Ошол эже эшектин этинен үйүнө алып кетчү. Бир жолу -«Ай, силер деле албайсыңарбы. Топоздун этине окшош болот экен. Чөп чар кошуп, кууруп-сууруп, тамак аш кылып жеп атабыз» – деп коет. Арам эшектин эти экенин көрүп билип туруп кантип кекиртектен өтөт. Негизи ошол жерде жашагандар, ферманын арты менен тирлик кылышчу, жумуртка, тооктун этин алышчу. Эмгек акысы эчтекеге жетчү эмес. Башка жумуш жок. Шаарга барып келип иштейин десең транспорттон кыйналасың. Шаарда деле айлык аз да. Тапканыңдын баары жолго эле кетет».