Таза ойлор Так сөздөр - страница 35
Белек берүү. Бирөөгө белек берүү менен адам өзүнө кубаныч тартуулайт. Кубануу кан айланууну жакшыртат, жүрөктүн иштөө тартибин активдештирет, мээге жакшы ойлор келет, сүйүнүч аркылуу мээдеги нейрондор калыптанат.
Өзүңдү өзүң арендага бер.
Өзүңдүн өзүңө кылган мамилеңди көргүң келсе, албетте өзүңдү өзүң сырттан көргөндү үйрөн же өзүңдү өзүң арендага бер.
Ал эми, эмнени жасап жатканыңды “түшүнүү” үчүн ар бир адам өзү түзгөн тагдырды өзү басып өтүп, жашоонун жеңил жана оңой, өнүгүү жолуна өтүү ар кимдин өзүнүн “чечимине” жараша болот.
Ар бир адамдын айлана чөйрөсүндөгү адамдар бул – өзүң, сен түзгөн образ, ой. Ал өзүң жөнүндө кана кабар берет. Ал сенин учур чактагы акыбалың. Мен бул нерсени өз турмушумдан да, башка адамдардан да көп байкап келе жатам. Себеби, жеңил жашагысы келген адамга – башкалар жөнүндө жаман ойлоону токтотуу эң сонун табылгыс дары деп ойлойм. Жаман ойлонбосоң эле жаның тынч болот.
Адамдар жөнүндө жаман ойлоп ден соолуктан ажыроонун кажети барбы? Уулуңду же кызыңды, небереңди же чебереңди ар кандай кыжаалатчылык менен терс ойлоп, сөзүң менен алардын жолун тосуунун кереги барбы?
Натыйжада, ар бир адам өзүнө өзү душмандык кылып, өз ден соолугунан өзүн өзү ажыратууда.
Ошол нерсе кимге керек?
Ойлонуп көргүлө. Албетте, өзүңө. “Бул дүйнөдө эмнени жаратып, эмнени бузсаң – баардыгы өзүңө. Өзүң үчүн кана жаратуу болот. Себеби, ал дүйнө сенин жараткан дүйнөң, тагдырың. Бул нерсени мен эле бүгүнкү күндө өзүм оюмдан ойлоп чыгарган жокмун. Мен дагы турмуштун ар кандай тоскоолдуктарынан өтүү менен ушул “түшүнүккө” келдим жана баардык нерсе өзүмдөн кана башталып, жообун өзүм кана алып келе жаткандыгым мага анык болду.
Андан сырткары албетте, дененин физикалык кыймыл аракети керек. Жегенге күнүгө витаминдүү тамак аштар керек, жашаганга үй керек, бир жакка баруу үчүн транспорт керек, дем алуу үчүн таза аба керек, кыскасы турмуштагы баардык нерсе керек.
Ооруу керекби же ден соолукбу?
Бактысыздыкбы же бактылуу жашоо керекби? Тандоо өзүңдөн!
Тагдырың сенин колуңда, “аң сезимиңди” көндүрүү сенин эмгегиңе жараша болот. Мүмкүнчүлүк ар түрдүү, кеп аны өз турмушуңда пайдалана билүүдө. Ал үчүн турмуштук тажрыйба керек б.а. өз колуң менен өзүң жасап көрүүң керек. Ошондо, өзүңдүн кадырыңа өзүң жетип, башка адамдардын эмгегин баалоону үйрөнөсүң.
Кээ бириңерге, “түшүнүү” үчүн, бир “секунда” убакыт керек, ал эми кээ бириңерге бир “өмүр” да аздык кылат. Ал эми өзүн кадырлаган адамдарга мындай түшүнүктөр туулгандан канында, генинде бар. Ал турмуштук тажрыйба үчүн өзүңө, ата – эне уругуңа ыраазы бол. Көңүлүң, пейилиң бекеринен ач же ток болбойт. Аны өзүңдү байкоо менен турмуштан алган тажрыйбаң менен түшүнүп, барктайсың.
Ар бир адам баласына бактылуу турмуш, ден соолукта жашоо, бай жашоо мүмкүнчүлүгү берилген. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдалануу же пайдаланбоо ар бир адамдын колунда.
Өзүңдүн бактылуу турмушуңа кирүүгө жол тоскон да, жолуңду ачкан да ар бир адам өзүңсүн.
Таза ойдун агымына, толкунуна кошулуу үчүн, таза ден соолук, дени сак “омурткалар” болуш керек. Сөөктөрүң таза, бекем болсо, ден соолугуңдун чың болгону ошол. Бекеринен алардын “тукуму ак сөөктөрдөн” деп айтылбайт. Ошон үчүн сөөгү өтө ичке аял заты жаш кезекте оор жумуш жасоодон этият болгула. Бирок ички дүйнөдө, аялдын күчү эркектин күчү менен барабар, ал үчүн аял киши өзүн физикалык денеде жаш кезинен тарбиялап баруусу керек, жана негизги күч өзүңдө экендигин акылы менен түшүнү билүүсү керек.