Таза ойлор Так сөздөр - страница 37



“Түшүнүү” – сенин аң сезимиңдин канчалык деңгээлде өскөнүнө, ар кандай нерсени алдын ала көрө билгендигине жараша болот. Билип, көрүп, туруп кетирген кемчиликтер баарыбызда көп кездешет. Ар бир нерсени “бекемдөө” үчүн турмуштук тажрыйба керек.

Кемчиликтен эч ким камсыздандырылбаган. Ар бир адам кемчилик кетирүүгү акылуу. Ансыз турмуштан тажрыйба алууга мүмкүн эмес.

Кемчилигиңди өзүң көрүп, өз убагында токтотуу – бул “чеберчилик”.Жашаганды билүү! Эмне үчүн жашап жатканыңдын маңызын түшүнүү!

Кетирген кемчилигиң үчүн өзүңө өзүң ыраазы болуп, өзүңдү өзүң кечире бил. Өзүн өзү кечире албаган, өзүн өзү зордуктап “өлтүрүү” менен барабар.

Күнөөлүү сезим, таарынуу, эмне кылаарын билбей, жол таппай калуудан жогор жактан энергиянын агымы начарлап жерге тартыуу күчөйт. Ошентип, көзүн жуумп, жер караган адамдар пайда болот. Же “селсаяк”, “асынып өлүү”, “аракечтик”, “наркомандык”, ар кандай айыккыз жугуштуу оорууларга ж.б.у.с. кырсыктарга алып келиши мүмкүн.

Өзүн аредага бере албаган адам алдын ала эмне болоорун көрө албай кыйналат. Ошентип, ар бир нерсени көрүп туруп, жасап алып,тумшугуң менен сүзүп кирип барып, өз башыңдан өткөргөндөн кийин анан “түшүнө баштайсың”.

Жашоодо өзгөрүү качан болот? Адам качан “аң сезим” менен түшүнгөндө кана.

Эгер алдын ала окуянын, кырдаалдын жыйынтыгы эмнеге алып келээрин көрө билсең, жашооң кыйындабай оңой, сен каалагандай болушу мүмкүн. Ар кандай жолдор, варианттар көп. Ал сенин “ан сезимиңдин” жетишкендигине, кыраакылыгына, өнүгүшүнө, чеберчилигине жашоодон алган тажрыйбаңа жараша болот.

Мына өзүңөр окугандай, уккандай, бир кичинекей нерсеге көңүл бурбаган “ой”, маани берилбеген “сөз” адамдын тагдырын кандайча бузуп, ден соолугуна кандайча таасир этип жатканын түшүнсөңөр болот.

Ички жана сырткы дүйнөнүн бирге иштеши– аң сезимдин жогорку кубаттуулгун түзөт. Канчалык аң сезимдин кубаттулугу жогорулаган сайын, ойдун тазалыгы, маалыматтардын сапаты өзгөрөт. Ал ден соолукту чыңдап, оруунун деңгээлин азайтат. Биз аны “разум” же космостук аң сезим деп түшүнөбүз. Космостук “аң сезим” – денедеги ар кандай оорууларды айыктыруучу чоң күч, энергиянын кубаттуулугу. Айланып келип эле, анын башатын түзгөн ар бир адам өзү, ошондуктан ал ооруудан айыктыруучу чоң– күч дагы ар бир адамдын өзүндө, өзүнүн ички дүйнөсүндө… Аны табуу үчүн өзүң менен өзүң иште! Акылың менен коркутуп, өстүрбөй кармап турган чектелүүлөрдөн жогору чык.

Эми, ар кандай нерсеге “ЫРААЗЫЛЫК”, “МАКТОО”, “АЛКОО” сөздөр кандайча таасир этээрин өз турмушуңарда өзүңөр байкап көрсөңөр болот.

Таасири өтө күчтүү. Сөзгө, ойго өтө кылдаттык мамиле керек!

Дагы бир жашоодо кеңири болгон көрүнүштөн мисал келтирейин:

“Ата үйүндө олтуруп, балам Россияда эле, ооруп калбады бекен, акча салбаса деле мейли тынч болсо эле болду же иши жүрүшпөй жатабы?” – деп күмөнсүрөө менен ар кандай терс ойлорду ойлойт.

Эми, баланын тагдырын анализдеп көрөлү:

БАЛА: Заматта ата менен баланын ортосунда “энергетикалык нур” көпүрө пайда болду. Баланын иш жолу тосулат, акчанын энергиясы начарлайт же үзлөт, иши жүрүшпөй кыйнала баштайт. Ал баланын акыбалына жараша, эркинин күчтүү же күчсүздүгүнө жараша болот. Коркунучу күчтүү бала албетте, өзүнүн жолун өзү жабат.

А, биз болсо эрки начар, өзүнө өзү ишенбеген бала жөнүндө сөз козгойлу. Ал нерсе ошол мезгилдеги адамдын акыбалына жараша болот. Эгерде жигит өзүн алсыз сезип, кубатынан кетип турган болсо, атасы же тууган уругу өздөрүнүн терс ойлору менен баланы турмуштун терс нугуна ары түртүп коюга чоң салым кошуп коюсу күтүлөт.