Таза ойлор Так сөздөр - страница 39
– Жашоонун маңызы эмнеде? – бул суроону кайра– кайра өзүңдү канаатандыраарлык жоп алганча сура. Жашооңдун маңызын түшүнүү өзүңдүн аң сезимиңдин деңгээлине жараша болот. Жашоого кандай көз караштасың ошого жараша өзгөрөт. Эгерде аны туура түшүнсөң, ар кандай кыйынчылыктан тез чыгарат. Мындан ары китептин маңызын туура түшүнүүгө жол ачат. Ар бир окурман ар кандай кырдаалда “айлана чөйрөдөгү адамдар аркылуу өзүн, өзүнүн кандай дүйнөдө жашап жаткандыгын көрө баштайт”.
– Учур чак менен жашоону билеминби?
– Бул жашоого эмне үчүн келдим?
– Мен киммин? – деген суроолор пайда болсо, анда аны түшүнүүнү үйрөнүү зарыл.
Физикалык денедеги “алсыздык” эркектерди бөйрөк оорууларына чалдыктырып, жыныстык оорууларга шарт түзүп, акыры импотенцияга алып келиши мүмкүн..
Өзүн өзү камсыз кыла албаган, кичинекейинде мээрге, сүйүүгө тойбогон эркектер, өзүн өзү жемелөө менен келечек урпактарынын тагдырына сапатсыз тукум улайт. Андан төрөлгөн балдар “жүрөктөгү тешиктин пайда болушуна”, “аз кандуулукка”, “ итий”, “кем акыл же кызтеке” болушу күтүлөт. Албетте, баланын ден соолугуна эненин акыбалы чоң роль ойноөт.
Эмне үчүн азыркы балдар психикалык жактан туруктуу эмес, алсыз, күчү жок? Себеби, ген аркылуу ага өз учурунда ата-энесинин, чоң ата– чоң энелеринин акыбалы дагы салым кошкон. Убагында алардын кандай жашоодо жашаганы унутулуп эле, энени же баланы күнөөлөп, оңой жолду издешет. Баланын жаралуу процессине баардыгынын салымы кошулганын туура түшүнүп, аны эске алган адамдар өтө аз.
Эми, жогору жактагы мисалда келтирген жигиттин тагдырына эмнелер таасир этип жаткандыгына дагы бир кайрылып көрөлү.
Көзгө көрүнбөгөн нур жипчелер аркылуу ал, өткөн жашоодогу сезимдер же азыркы учур чактагы үй бүлөлүк, тууган– урук арасындагы байланыш нурлары баланын тагдырына кандай терс таасирин тийгизип жаткандыгын түшүнүүгө бир аз да болсо маалымат алдыңар.
Натыйжада аял-эркек мамилесинин бузулушунан жыныстык органдары жабыр тартат. Аял затынын – өзү төрөө жөндөмүнөн ажыратып, “кесерово” же “курсагын кесип төрөшүнө шарт түзөт, б.а. аялынын же кызынын ден соолуктан жабыркашына алып келет. Андай нерсени “жолдошу катуу экен, мүнөзү жаман окшойт” деген шылтоону айтып, күнөөнү бир адамга коюп, тим болушат.
Эркек адамдын өзүн өзү басынтуусу дененин оң тарабынын жабыркашына алып келип , карыганда оң тараптан көпчүлүгү паралич болуусуна шарт түзүлөт. Бир адамдын жабыркоосу – бул бир үй бүлөнүн , бир уруктун, айылдын, шаардын, мамлекеттин жабыркоосуна алып келет. Натыйжада бүт Аалам жабыркайт.
Бул коркутуу эмес, жашоо процесси ушундай тартипте кетет.
Бул менин өзүмдүн жекече анализим, түшүнүгүм. Бир канча таксытоолордон кийин ушундай жыйынтыкка келдим жана мага окшоп түшүнгөн адамдар арабызда бар жана мындан ары көп эле кездешет. Бирок мындай проблеманы ачык айтып жасабай коюу жөнүндө аракетенген адамдар жокко эсе. Мисалы өнүккөн мамлекеттердин психологиясын алып көрсөңөр, Японияда “жаман ойлоого тыю салынган”, Финляндияда болсо балдарга 3 –классты бүткөнчө эч кандай баа коюлбайт. “Баа” коюлбаганда бала өзүн “өзгөчө” сезбейт. Адамдар менен байланышы нормада болуп, баардыгы тең экендигин түшүнөт. Ден соолугу чың болушуна шарт түзүлөт. Экинчи, үчүнчү энергетикалык борборлору жакшы иштейт. Ал Жер менен болгон магниттик байланыштын бекемдиги, коомдо өзүн өзү иштетүүгө, талантын ачууга жардам берет. Өзү сүйгөн жумушту жасаган адам өзүн бактылуу сезет. Аларды кичинекейинен “жок” деген сөздү туура пайдаланууга үйрөтөт.