Таза ойлор Так сөздөр - страница 42



Күзгүдөн өзүңдү күнүгө эртең менен көргөндө:

“ Мен кандай бактылуумун, сулуумун!”

“Менин ден соолугум чың, ден соолук мени менен бирге!”

“Мен күндөн күнгө жашарып баратам, сезимимде күчтүүмүн!”

“Бүгүнкү күн мен үчүн эң сонун күн, жашоо кандай сонун!”

“Мага дагы бир күн жашоого мүмкүнчүлүк берилди, бүгүнкү күнгө ыраазымын!”

“Менин ар бир күнүм мага бакыт тартуулайт!”

“Мен өзүмдү дайыма көңүлүм ачык, шайыр, ар кандай иште ийгиликтин ээси катары көрөм!” – бул сөздөр бир күндүк жашоону кооздоп, көңүлдү көтөрөт, ар кандай шартта жолду ачат, эгерде аны канчалык көп айтсаң “жан дүйнөңө” сиңип, түшүңдө да ошондой көз караш пайда болот. Түшү оңолгондун иши сөзсүз оңолот. Себеби, ал астралдык дененин ден соолукта болушу, жандын эркиндикке чыгып, башка дүйнөлөр менен гармониялуу мамиледе болушу. Жүрөктүн нормалдуу иштешине көмөк көрсөтөт, денеден “сүйүү” нурунун чачырашы.

Ошондуктан, ар дайым жашоого болгон кызыкчылык керек, ар бир күнүң үчүн сүйүнүп, ыраазы болуп жашоо керек.

Ким ден соолугу чың болуп, бактылуу жашагысы келсе, жакпаган мүнөзүңдү оңдоп өзүңөрдү “кайрадан тарбиялоого” өтсөңөр болот. Ад деген нерсе өзүңдү капа кылган нерселерден арылуу дегендик.

Адам көнүмүш адаттан кутулуу үчүн, өзүн өзү кайра тарбиялоого бир канча убакыт талап кылынат. Бирок – бул иш ошол нерсеге татырлык иш. Себеби, жаның кыйноодон улам арылып отуруп, ден соолугуңду кабыл алып, өүңдүн бактыңды өзүң кабыл аласың. Бактылуу жашоого ар бириң татыктуусуң! Акың бар.

Мен өзүмө өзүм эми ыраазымын! Башталышында мага да аябай кыйын болуп, “ишеничим” дайыма “күмөнсүрөө” менен чектелчү. Бирок жасаган эмгек, алган билим, өзүңдү өзүң кайра тарбиялоо, “өзүң менен өзүң дайыма иштөө – бул ден соолук экендигин бара-бара түшүндүм. Ал эмгегим мен үчүн күндө күнгө берекелүү, кубанычтуу мөмөсүн берип келе жатат. Мурда өзүмө өзүм нааразы болуп жашасам, азыр ар бир жасагам ишиме ыраазы боло баштадым, себеби ыраазычылык билдирүү менен өз жашооңду калыптандырасың.

Ар бир адамда дайыма эки жол бар. Каала, “көнүмүш жашоо” менен жаша, өзүңдү өзүң кажып, сезимиңди начарлатып, нааразылык менен өмүрүңдү кыскартып тезирээк “өлүмгө” бар. “ Каала, өнүгүү-өсүү жолун тандап, жашоонун кызыктарын башыңдан өткөрүп ыраазы болуп жаша! Чечим” кабыл алуу дайыма өзүңдөн!

Аракет кылсаң , албетте ийгилик болот.

“Аң сезимиңердин жогорку деңгээлде болуусун ниет кылуу” – эң туура жол деп эсептейм.

Өзүңдү өзүң колдоп, күчтөндүрүү менен кана ден соолуктугуңду өзүң менен кошо алып жүрө аласың. Ал сенин өзүңө болгон ишенимиңе жараша болот.

Эмнеге көнүгүүлөрдү жасоо керек?


Баардык нерсе мээнин активдүү иштешине жараша болот. Ал үчүн мээ ден соолукта болуусу зарыл. Ошондукта көнүгүүлөрдү окуп бара жатып жасап кетүү пайдалуу, себеби, биринчи алган маалымат таасирдүү болуп, денеге тез жардам бере алат.Башкача айтканда мээдеги нейрондордун активдешине көмөк көрсөтөт. Ал нерсе эмоционалдык сезим менен тезирээк жакшы жагына өзгөрөт.

Мээнин активдүү иштеши үчүн сунуштар:

Бул нерсе, мээнин оң жарым шары менен сол жарым шардын ден соолукта иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

1.Суроолорго тамашалуу , өзүң кааланагдай жооп берүү. Албетте, шартка жараша пайдаланганды билүү менен. М: Иштериң кандай? – деп сураганда “жакшы” деген көнүмүш жооптун ордуна, эки колуңду куш канатындай каккылап , “укмуштай” десең болот. Жылмайып күлүп, колуң менен бийлеп, жашоодон ырахат алып жаткандай белги берсең дагы болот. Же тексери жооп айтсаң да болот, бирок маанисине карап. Жооп табуу үчүн ойлоносуң, мээ ойлоно баштайт.