Таза ойлор Так сөздөр - страница 43



2. Жаңы жыт. Мурда жыттабаган духинин жыты, эфирдик май, ар кандай гүлдүн жытын жыттоо. Эртең менен турганда жыпар жыттуу жытты жыттап, мээни ойготуу.

3.Жумулган көз. Кечинде көздү жуумп алып светти өчүрбөстөн комнаталарга кирип, кайсыл жерде эмне турганын көңүлдү коюу менен билүү, бул концентрация кылганга жардам берет. Ошондой эле көздү жуумп алып, дене тазаланып жаткандыгын элестетип жуунганда, органдардын иштеши активдешитирилип, сезим жакшырат.

4. Колду алмаштырып иштетүү. Эгердо оң кол менен тишиңди тазаласаң, сол кол менен тазалап көр, оң кол менен жазсаң сол кол менен жазып көр. Компьютердин мышкасын оң кол менен кармасаң сол кол менен кармап үйрөн. Эми, сезимди көз ачып жумганча кантип жакшыртууга болоору жөнүндө кайрадан көңүл бөлүп көрөлү. Ал үчүн мурдагы мисалды пайдаланбыз.


Атанын балага болгон жаңы оюна, көз карашына кайрадан көңүл бөлөлү .


Мисалы: Менин балам күчтүү. Ден соолугу чың. Россияга өзүнүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн кетти. Акыл– эси жайында, көп нерселерди үйрөнүп, жашоого тың, үй-бүлөсү үчүн кам көргөн эр азамат жигит болуп келет. Ар дайым жолу ачык. Кайсыл жерде ким менен жүрсө да тил табышып иштеп кете алат. Выялымда мен баламды үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жаткандыгын көрүп жатам. Келгенде үйүн салып бүтүрөт. Машина минип келет. Биз анын ийгилигине ортоктош болуп сүйүнөбүз” – деп “ойлосо”, “элесттетсе”, “сезими” менен сезе билсе, сөздөрү менен бекемдеп айта алса – балага да , атага да жеңил болмок. Баланын жашоосуна жаңы образ түзүлүп. Ата баласы үчүн жакшы тагдыр жаралуусуна көмөк көрсөтүп энергетикалык жактан күч кубат бермек. Ал нурдун толкуну баланын жогору көтөрүлүшүнө өтө чоң колдоо болоор эле.

АТА : Эгерде кыялында дайыма баласын –

1.”Көз алдына келтирип”,

2. Кыялы менен алыстан “ баласынын дени сак иштеп жүргөнүн элестетип көрө билсе”.

3. “Сезими” менен сезип, аны Алла Талаага сүйүнүч менен жөнөтө билсе б.а. баласы жөнүндө кечке жаман ойлоно бербей, баламдын иштери жакшы, баардыгы өз жайында деп оюна келген сайын ал жөнүндө жакшы ойлой берсе. Ошол образ жандана берет. Ошентип ата өзүнүн жүрөгүнүн кыжаалатчылыгын жок кылып, баласынын чын эле бактылуу экендигине ишене баштайт. Өзүнүн ден соолугун чыңдап, өмүрүнө өмүр улайт.

Ата баласы оюна келген сайын, анын дени сак, ыкчам иштеп, көп айлык алып жаткандыгын же соодада болсо соода сатыгын көп –көп сатып, акча алып жатканын элестетип, кубанычтуу жашап жаткандыгын көрө билсе, баласына жакшы энергия жөнөтөт. Ошентип, баласы үйгө аман – эсен келип, баардыгы бирге дасторкон үстүндө, бешенесинен чыккан терди акырын бет арчуусу менен аарчып, ыссык койдун шорпосунан уурттап коюп, “Кел балам, акчаңды санашып коеюн?”– деп карс – карс күлүп, сүйлөп, бул акчага машине алалыбы же үй саласыңбы? Ал үчүн биринчи үйлөнсөң жакшы болмок. Себеби үйдү салганда экөөңө тең жага турган болот деп ойлоно берсе баласына дем күч берилип иши жакшы жүрүшүп турат. Же болбосо “ак түстөгү машина келип эшиктин астына токтоп, рулда отурган баласын “кыялында элестетүү менен” көрө билсе, ошондо кана өз баласына жамандык ойлобостон ак ниетинен жардам берген болот эле. Мына ошентип адамдар бири-бирибиз жөнүндө жамандыктын орбазын түзүүнүн ордуна ким болсо дагы, ал адам үчүн жакшы образ түзүүнү адатка айлантсак эң сонун жардам болмок. Себеби, ким жөнүнүдө кандай ойлонсоң ал адам сенин жанында өзүн ошондой акыбалда сезет.