Таза ойлор Так сөздөр - страница 45
“Күч”– бул ден соолук, денедеги омуртканын чыңдалышы.
“Ишеним”– бул денени бекемдөөчү энергия, омуртканын бекем болуусуна күч кубат берип турат. Ал эми омуртка бүткүл денени иштетип туруучу устун. Омуртка дененин скелетин кармап, кыймылдатып турат. Сөөктүн жоондугу жана бекемдүүлүгү бул, урпактардын күчтүүлүгү. Омуртка аркылуу денедеги майда кыл тамырларга жашоонун нуру кетти. Албетте, “акчанын нуру” дагы. Жогоруда айткандай “акчанын нуру– бул жашоонун нуру”. Дененин ЖЕР менен бекем байланышуусу. Ал деген, турмушта ата-эненин, уул-кыздын, адамдардын, үй бүлөнүн бекемдүүлүгү, айылдын, шаардын, мамлекеттин, бүткүл жер шаарынын бекемдүүлүгү. Аба ырайынын, төрт мезгилдин өз нугуна түшүшү.
Мына, бир эле убакта сөз, ой – бүткүл Аалам менен байланышып жатат. Бир атанын акыбалы аркылуу канча жашоодо өзгөрүү жүрдү. Эненин милдети дагы ушундай, бирок энелердин дагы өзгөчө сырдуу күчү бар. Албетте, жашоо көп тармакта өнүгүүсү зарыл.
Күч – бул эркектик негизги энергия, нур толкуну. Ар бир адам баласы – энергиядан (нурдан) + атом + молекула + клетка + орган + дене түзүлүштөн ж.б.у.с. турат.
Демек, ата балага денесинин оң тарабын чыңдоого шарт түздү, бекемдеди, бир эле убакытта ата өзүнүн да баланын да ички дүйнөсүндөгү, жүрөгүндөгү “жаш баланы колдоду”, ишенимин күчөтүп, эрктүү, күчтүү, айкөл болууга шарт түздү. Балаң сенин ички дүйнөңдөгү өзүңдү чагылдырып турган күзүгүң, өзүң экендигиңди туура түшүн, жаман жагын кемчилиги менен кабыл алып, андан жогору сапаттуу жагына көтөрүлүүгө жардам бер. Ата-баланын бири-бири менен болгон мамилесинин начардыгы, өзү өзүнүн кемчилигин көрө албастан баласы менен тең тайлашуусу. Эми, балаңды кандай болсо ошондой кабыл алуу менен өзүң менен өзүң күрөшүүнү токтото аласың. Кемчилигинен арылууга жардам берип, өзүн өзү кандай болсо ошондой кабыл алып, мындан ары ал кемчилигин кайталабоого жардам берип, жакшы жагын мактап колдоп, коргоп, өзүнүн балага болгон сүйүүсүн айтуу менен өзүн өзү кечире алат. Ошентип улам балага жардам берүү менен энергетикалык жактан күч кубат берип, ишинин жүрүшүнө жол ачып бара бересиң.
Бир эле мезгилде атанын да, баланын да денеси түздөлдү, боюн түздөп, экөөбү тең ордунан туруп, кайраттанып баскысы, иштегиси, келе баштады. Жалкоолугун жеңди. Эми, жалкоолук ага кожоюн болбой, ата-бала жалкоолукка өздрү кожоюн болуп калышты. Мээсинде айланып жаткан терс ойдун агымы кетип, жаңы “ойлор”, жаңы “идеялар” келе баштады. Ал деген нерсе экөөнө тең жаңы күч кубат, кайрат келди, жашоого болгон кызыгуу пайда болду дегендик. Денедеги уюп калган кан – суюлуп, кандын агымы кан тамырлар аркылуу өз нугунда айлана баштады. Холестерин азайып, кан басымы нормага келди. Эске тутуусу жакшыра баштады. Денедеги канттын проценти өз нормасына түштү. Эми, дем алып дем чыгарып көкүрөгүңө колуңду коюп, өзүңдү өзүң ушул нерселери окуп, түшүнгөндүгүң үчүн мактап, алаканың менен таптап таптап кой. Бул денеге күч кубат берет. Өлүп, чирий баштаган клеткалардын ордуна кан тамырлар аркылуу жаны нурдун агымы келип, лейкоциттер активдүү иштеп жаңы клеткалардын жаралышына шарт түздү, жаңы клеткалар пайда болуп, дене “жаңыланууга, жашарууга” өттү.
Дене активдүү иштөөгө киришти. Кубана баштайсың.
Боор тазаланып, бөйрөк ишке киришти, мээнин иштеши жакшырып бүт денеге нур чачыратып “ЖАША!” “ЖАШАР!” “ МЕН ӨЗ ЖАЙЫНДАМЫН! “БАШКАЛАР ӨЗ ЖАЙЫНДА” “ДҮЙНӨ ӨЗ ЖАЙЫНДА”, “МЕН ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ!” “Мен жашап жатам!” деген “сүйүнүч, “кубаныч” кан айлануу менен 27 секундада бүт денеге буйрук берип жеткирди…