Таза ойлор Так сөздөр - страница 6



Мен дагы көп адамдардын турмуштук тажрыйбасынан пайдаланам, колдоном. Албетте, ыраазылык билдирем, ашыкча кетсем, кечирим суроо менен өзүмдүн, дүйнөмдүн өнүгүү, өсүү жагына пайдаланып, ниет кылып жашап жатам. Кимдердин турмуш жолу, эмгеги менен тааныштым, тажрыйбасын пайдаландым, өз жашоом менен айкалыштырып пайдаландым, ал жөнүндө китептин арасындагы сөздүрдүн маанисине жараша ар кайсыл барактарда жазылган окуялар менен таанышып, түшүнүк ала алаңар болот.

Ката кетирүүдөн эч ким гарантияланган эмес, ошон үчүн ар бир адам жаңылышууга акысы бар. Жаңылат, турмуштан тарбия алат. Ушул китеп аркылуу көргөн кемчилигиңер жөнүндө ар бириңердин ачык ойлоруңарды айтууга укугуңар бар. Ар бир адамдын жашоого болгон көз карашы ар кандай жана каалагандай бурмалай алат. Ниетиң өзүңө калыс болсун. Себеби, сени эч ким жазалабайт, аны сенин “намысың” кана жазалайт. Ошон үчүн өзүңдүн жасаган аракетиңди терең ойлонуп, түшүнүп жасаган ден соолука пайдалуу.

Албетте мындай акыбалга мен да көп жолу туш болгом. Мүмкүн болушунча мени мактаган же жамандаган адамдын мүнөзүн өзүм менен байланыштырып түшүнүүгө аракет жасайм.

Себеби, он адам чогуу отуруп сүйлөшө келсе он адамдын он түрдүү ою, жашоого болгон ар түрдүү көз карашы бар. Ошон үчүн бул китепте жазылгандын баары “эң туура” дегенден алысмын. Ар бир адам өзүнө пайдалуусун алат, ашыкчасын эмне кылуу керек экендигин өзүңөргө белгилүү.

Турмуштук тажрыйба деген эмне?

Негизги, өзүңдүн тажрыйбаң качан болот?

Качан кана адам – өзү аркылуу, денеси аркылуу, “ өзүнө керектүү нерсени аң сезими менен сезип, түшүнүп» жашоодо колдоно алганда, өз колу менен жасай алганда, өзү жашап көргөндө кана болот. Ал нерсе – генге, канга, информациялык маалымат талаасына жазылат. Ден соолугуң чың болсун десең тажрыйбаңды “өзүңдүн денең аркылуу” өткөрө бил. Бул чындык.

Адам психологиясы жашоодо тогуз этаптан өтөт. Ошол этаптарды аң сезимдүүлүк менен түшүнүп, басып өтө ала албасаң, турмуштук тажрыйбаң жок болсо, айланып келип эле, ошол, билбей же жасай албай калган жерге келгенде, баткакка баткан сыяктуу тыгылып же айланпага түшкөн сыяктуу бир ордуңда туруп, мындан ары эмне кылаарыңды билбей калган болосуң.

Билген нерсени жасоо дайыма оңой жана тез болот.

Ал эми билбеген нерсени жасоо, андан өтүү эмгекти, аракетчилдикти, чыдамкайлуулукту, чыгармачылыкты, сезимталдыкты, кечиримдүүлүктү, талапсыз, чексиз сүйүүнү талап кылат.

Албетте, ар бир нерсенин башталышы кыйындай сезилет, бирок жасай берсең бара – бара көнүмүш адатка айланат. “Көз коркок, кол баатыр” – дегендей. Жашагың келсе, жашоонун кызыгын көргүң келсе албетте, алдыга умтулуу, өнүгүү, өсүү керек, ар бир секунданы баалап, ыраазы болуп жашоону үйрөнүү керек. Ансыз ооруу, картайуу, өлүмгө карай тез тездейт. “Аң сезимиңди” ойготуп, билим алуу жогорулоого жардам берет. Ал үчүн адамга маалымат керек, түшүнүү керек.

Мен жаңы ойдун агымына өткөндө окугандарымды конспектилеп, жаккан сөздөрдү түстүү боектор менен боеп, күнүгө комнаталардын ичине ар түрдүү өзүмө жаккан сүрөттөрдү, сөздөрдү жазып илип коюп, кайталап жүрдүм.

Бүгүнкү күндө да пайдаланып келем. Ойду башкаруу, сөздүн керегин тандоо – бул “чыгармачылык менен өзүң менен өзүң иштөө” дегендик. Өзүңдү өзүң жашоонун агымына жараша тарбиялап, ыңгайлашып, өзгөрүп барууга туура келет..

Көрүнүктүү жерге өзүмдүн жакшы маанайда, жаш куракта түшкөн сүрөтүмдү илип коюп, көңүл чөккөндө ошол сүрөттү карап, жакшы күндөрүмдү эстеп көңүлүмдү көтөрөм. Ал мага эмнени берет? Денени чындайт, энергиянын толкунун көз ирмемде өзгөртөт, сезимиң жакшырып, жаман ойдон көңүл көтөргөн кубанычтуу акыбалга өтөсүң. Ар бириңде кубаныч тартуулаган, бактылуу күн болгон да, ошондой акыбалдагы сүрөтүңдү тап, пайдалансаң болот. Бул психологиялык, эмоционалдык акыбалыңдын өзгөрүүсүнө сөзсүз жардам берет. Айрыкча жакын адамдарыңар аркылуу чын жүрөгүңөр менен маектешүү эффективдүү.