Таза ойлор Так сөздөр - страница 7
Өзүмдү көндүрүү, кайра тарбиялоо үчүн эки жыл тынымсыз окуган китептеримдеги сөздөрдү көчүрүп, түшүнгөнүмдү конспектилеп жазып жүрдүм. Азыр дагы улантам. Бул эсте сактап калууга жардам берет.
Адегенде кыйналдым. өмүр бою көнүмүш ойлордон арылуу кыйын болду, бирок , “ооруп жүргөн жакшыбы” же “эки жыл” аракет жасап, ден соолукту оңдоп, жашоомду жеңилдеткеним жакшыбы?– деп, оюм тескери жагына бурулганда эле өзүмө өзүм суроо берем. Жалкоолугум менен күрөшөм. Жиним келип жаман ойлор келе баштаганда өзүмө өзүм түшүндүрөм.
Танда?! “ Өлүм баардык адамдын башында бар. Ал сенин колуңду созгончолук аралыкта турат. “Жаным кыйналды” – деп айттың өлүм жаныңда заматта пайда болот. Каала ооруп, эртерээк өл, же өзүңдү өзүң кайрадан тарбиялап, жашооңду узарт, бул дене менен жашоого бир келесиң”, – деп өзүмдөн өзүм отчет сурап, кайратыма кирип, “чечим” чыгарып, “жашоону” кайра тандайм.
Мен жашагым келет!
Мен жашагым келет!
Мен жашагым келет! – деген жыйынтыкка келген чечимим мени жашоого алдыга жылдырып келе жатат!
Кээде “сени кыйнаган ким?”, “сени ким кой деди?”, “баарын жасаган өзүңсүң да” – деп күзгүгө карап, өзүмдү өзүм күлдүрчүмүн. Ооруп, кыйналган жакшыбы же кубанып жашаган жакшыбы? – деп күзгүдөн өзүмдү көргөндө суроо берем.
Албетте, бул нерсе менин “жан дүйнөмдүн өзгөрүшүнө түрткү берип, мен үчүн чоң төңкөрүш болду”. Эки жыл ичинде сүйлөгөн сөздөрүм өзгөрдү, а бирок ойдун өзгөрүүсү көп убакытты алып жатат, себеби, ар бир ойдун башаты, уюткусу ар бир клеткада жайгашкандыгын түшүндүм.Ошентип, өзүмдү өзүм талыкбастан “өзүм менен өзүм иштөөгө” эмгектенүүгө үйрөттүм. Төрт жыл өткөндөн кийин оюмда болгон нерселердин өзгөргөнүн сезе баштадым. Себеби, жашоом мен каалаган жагына өзгөрө баштады. Көзүм көргөн нерселер, жашоого керек кээ бир нерселерим ишке аша баштады. Жаным тынчтана баштады. Ошондон кийин менин эмгегим текке кетпегенин түшүндүм. Жасаган эмгегимдин мөмөсүн ала баштадым. “Күмөнсүрөөм” – “ишенимге” айлана баштады. Ал эми, “өзүңө өзүң ишенүү” белди бекемдеп, омуртканы түздөйт. Ал чындык.
Азыр болсо келген ойлорду филтирлеп, керек эмесин кабыл албоону үйрөнүп , тажрыйба кылып жүрөм же болбосо келген ойлорду жөн кана үстүртөн карай турган болдум. Ой деген ой да ал тынымсыз келип кете бере турган нерсе.
Ошентип, убакыт өткөн сайын “жан дүйнөмө” – позитивдүү сөздөр сиңип, бүгүнкү күндө автоматтык түрдө турмушта пайдаланып жүрөм. Көзүмө жаман нерселер эмес, жакшы нерселер көрүнө баштады. Себеби, “көңүлүм” мени сүйүндүрө турган нерселерге бурула баштады. Ой бузулганда, мурдагыга караганда тезирээк башка, мен каалаган нукка бурууну үйрөндүм, мүмкүн болушунча келген ойду ойлонуп пластинка сыяктуу айлантпоо керектигин терең түшүндүм. Албетте, эң сонун нерсе, келген ойду жөн кана кармап калбай кое берүү экендигин түшүндүм.. Ой келди, керектүү идеяны кабыл алдым, калганы токтоосуз кетти! Керексизин мээде айлантып ойлонбостон жөн кана коюп жибере турган болдум.
Айрыкча, өткөн күндү, кечинде уйкуга кетээр алдында бир сыйра элестетип, териштирип, керексизин, жагымсызын, кечирип, кечирим суроо менен денени бошотуп, жыйрылган булчуңдарымды жазып терең уйкуга кетүү адатка айланып бара жатат. Жатаарда телевизорду көрбөөгө аракет кылам. Ал нерсе өзүңдүн маалымат талааңды тазалоо үчүн керектигин бара-бара түшүндүм.
Мүмкүн болушунча денемди бош таштап уктоо, дененин түнү бою кайрадан өз калыбына келүүсүнө шарт түзөт, ден соолуктун өз нугуна келүүсүнө жардам берет. Дем алууну калыптандырат.