Таза ойлор Так сөздөр - страница 9



Ал үчүн албетте, турмуштук тажрыйба, тажрыйба, тажрыйба керек! Кантип жашоону билүү керек.

Адам баласы бир “ойду”, бир канча узак убакытка кармап тура алабы? Аны “сезими менен сезип” дайыма ошол сезимди кармап тура алабы? Ар бир адам кубануу, сүйүү, бактылуулук сезимин Ааламга тынымсыз, “ар бир секундада” жөнөтө алабы?

Мисалы, жаман ойду ойлоп, сезим менен Ааламга заматта жөнөткөнгө көпчүлүк адам устабыз.

Жакшы ойду, жакшы сезимдичи? Сезимин контролдогон адам эсептелүү. А, сенчи?

Эми ар бир адам өзүңдүн жашооңду байкап көр. Эмнелерди көп ойлоп, өзүңдү кандайча сезесиң? Эмнени өз денең менен нур аркылуу мейкиндикке, Алла Талаага жөнөтүп жатасың?

Ойдун “оң” тарабын же “терс” тарабын алуу – бул ар бир адам үчүн баалангыс турмуштук тажрыйба.

“Ойдун башаты” – ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө, башкача айтканда “жанында”, “канында”” гениңде”, “ар бир клеткаңда” жана мейкиндиктеги “маалымат талааңда”(же Алла Талаада, кудайда).

Ар бир адам денеси өзүнүн “учур чактагы акыбалына, сезимине” жараша Ааламдагы “ой дүйнөнүн түркүн толкунуна” уланып, ой өзгөргөн сайын, тынымсыз өзгөрүп турат.

Ошого жараша ата – энең, бир туугандарың, өмүрлүк жолдошуң, уул кыздарың, айылың, шаарың, мамлекетиң болот.

Ал эми көпчүлүк адам “ой – башта, мээде” деп түшүнөт.

Учурунда мен да ошондой деп ойлоочумун.

Убакыт өткөн сайын билим алуу менен “ойдун дүйнөсү” кайда экендигин, өзүмдү өзүм кечирүү, кечирим суроо, сүйүү, кабыл алуу менен түшүнө баштадым.

Терс ойдун агымында жүргөн адамга ойдун “оң тарабына” өтүү бир канча эмгекти талап кылат. “Эч нерсе, эч качан жөн эле, өзү боло бербейт”, дегенге өз тажрыйбам менен ишендим. Аны ар бириңер өзүңөр байкап көрсөңөр болот.

Кээ бири заматта болсо, кээ бирине убакыт керек. Ал адамдын түшүнүгүнө, жөндөмдүүлүгүнө жана иштөө аракетине жараша өзгөрөт.

Тандоо өзүңдөн:

Ооруу кыйынчылык керек болсо – “терс” ойдун агымын, чың ден соолук, бактылуу турмуш керек болсо – “ойдун оң тарабын кабыл ал”. Бирок, экөөбүң тең, “тең салмактап” алып жүргөндү билсең “эң сонун” болмок.

Себеби, жаман айтпай жакшы жок. Жакшы болбосо, жаманды эмнеге салыштырасың? Кара болбосо актын баркын кайдан билмексиң? Караңгы түн болбосо, жарыкты кайдан барктамаксың?

Тең салмакты сактап, баланста жүрүү үчүн, албетте турмуштук тажрыйба керек.

Ал эми, мен, ал турмуштук тажрыйбаны “терс ойду” адегенде кабыл алып, андан кийин “жансыздандырып”, мээмдеги, денедеги терс ойлорду чогултуп денеден чыгарып, б.а. денени “бош кармап” денеден өтүп кетүүгө жол берип, андан кийин жашоомдун оң тарабына же ыңгайлуу тарабына буруп, денени тең салмакта кармоону үйрөнө баштадым. Аны кантип жасоо керектигин, түшүнгөн адам, китептеги сөздөрдүн маанисине карап иликтеп алат.

Аны кантип жасоо керектигин өз тажрыйбам аркылуу жана башкалардын турмуштук тажрыйбасын пайдалануу менен мисалдарды келтирип түшүндүрөм.

Жагып калса жасап көрсөңөр болот.

Эгерде кимде ким өмүр бою ооруудан, ар кандай турмуштук проблемалардан кутулууну көздөгөн адамдар болсо, анын эмне үчүн ушундай экендигин түшүнгүсү келсе жана жашооңдо өзгөрүү болуусун кааласа, анда бул китеп “аркылуу өзүңдү түшүнүүгө кандайдыр бир деңгээлде жардам алышың мүмкүн”.

“Чечим” кабыл алуу өзүңдөн.

Эгерде денеңде чың дилиңден “чечим” кабыл алынса, “ичиңден улутунуу же терең дем алуу” менен белги берет, оор улутунуп, үшкүрүнөсүң. Ушундай белги болсо “жан дүйнөң” кабыл алды деп түшүн.