Таза ойлор Так сөздөр - страница 11
Ал, _________(атың), ден соолукта, себеби ал өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!
Башкалар “ден соолукта, себеби, башкалар өз денесин кантип укканды жана пайдаланууну билет!”
Мен,_______(атың), өз жайындамын, себеби өзүм менен өзүм ынтымактамын!
Сен, ________(атың), өз жайындасың, себеби өзүң менен өзүң ынтымактасың!
Ал,_________(атың) өз жайында, себеби өзүң менен өзүң ынтымактасың!
Биз өз жайындабыз, себеби биз баардыгы менен ынтымактабыз, биргебиз!
Дүйнө өз жайында, себеби баардыгы дүйнө менен ынтымакта! Аалам өз жайында, себеби баардыгы бири-бири менен ынтымакта!
Кудай өз жайында, себеби, өзүм менен өзүм ички жана сырткы дүйнөдө ынтымактабыз, биргебиз!
Мына ушундай тартипте ар бириңер өзүңөргө жаккан сөздөрдү кайталап “терең түшүнүү менен” өзүңөргө жаңы программа жасап, сиңирип алсаңар болот. Бул сөздөр ден соолукта болууга өтө чоң жардам берет, чачыранды болгон энергиялар топтолот.
Ар кандай “мага жаккан” нерселерди “каалоо”, “максат коюуу” жана “жасоо” үчүн өзүмдүн жашоомдун жакшырышы, ден соолугумдун чың болушу үчүн “өзүм” кана “чечим” кабыл алам.
“Башкаруу – менин колумда!” Себеби, мындан ары мен өзүм кана “Өзүмө кожоюнмун, кандай ой мага керек экендигин ачык, так, даана билемин!” Керектүүсүн кабыл алам, керексизин өз учурунда өчүрөмүн!
Өзүн өзү башкарганды билген адам кана башкаларды башкарууга жөндөмдүү экендигин түшүндүм. Өзүнүн ички дүйнөсүн өзү башкара билген адам, сырткы дүйнөдө башкаларды башкара алат, себеби Жараткан, кудай менен түз байланышы калыптанган акылман адам. Андай адам “өзүнө ишенип, башкалардын башкаруусунда калбайт, эмне кылаарын так жана ачык билет.
Дайыма кайталанып келе берген ойлорго, өзүмө өзүм суроо берем:
“Бул менин каалоомбу же мага башка бирөөлөр таңуулап жатабы?” “Мен эмнени каалайм?” ,”Анын түсү кандай?” “Кайсыл жеримде турат?– элестетем, ал түстү кабыл алам, ыраазы болуп жарык күн нуру менен жууп салам!” Эми, “Кандай жашоодо жашасам кубанычта, ден соолукта жашай алам?” Элестетем, сезимимди жакшыртам. Ушундай тартипте суроо берип, окуп бара жатып эле, түшүнгөнүңөргө жараша иштеп бара берсеңер болот. Болду, болбоду, туура, туура эмес деп коркуштун кереги жок. Шартка жараша, түшүнүгүңөргө жараша өзгөрө берет. Бир күндө канча ой келет, керек же керек эмесин териштирбей эле ойлоно бересиң да. Бул дагы ошго окшоп өзгөрөт, болгону – “Мага эмне керек?” ошону таап, оюңду ошол багытка бурганды үйрөнүү зарыл. Аны тапканда кана жаның тынчтанат, ички дүйнөңдө тынччылык орнойт.
“Каалаган максатыма жетсем ал мага эмнени берет?”
“Максатыма жетпей калсам анда эмне болот?”
“Өзүмдү кандай сезем!”
“Каалаган максатыма жетүү үчүн мен эмне жумуш аткардым?»
“Эмнелерди жасадым?”
Ошентип, ар кандай суроолор менен кайра-кайра суроо берип, оюмду тактап алам, мага “эмне керек?” экендигин изилдейм.
Жоопту ой менен алам. Кыялыма келет. Аны түшүнбөсөм Алла Таала же “тартылуу күчү” айлана чөйрөмдөгү адамдар аркылуу мага жардам берет, башкача айтканда менин ички сезимимдеги нерсени айлана чөйрөмдөгүлөр сүйлөп, түшүндүрүп айтат. Себеби, бирөөлөргө айтылган сөз өзүмдүн өзүмө айткан сөзүм.. Кээде телевизордон же транспорттон керектүү сөздү кулагыма “шак” деп угулган үндөн улам түшүнүп калам.
Демек, мен өзүмдү өзүм укпай жаткан экенмин да. Адамдардын “сөзүнө көңүл бөлүп”, “жүрөгүмдү уга билүүм керек экен”, деп сөзгө маани бере баштайм!
Ошентип, мага эмне керек экенин ачык даана, так билем!