Таза ойлор Так сөздөр - страница 64



Мен бул табышмактын сырын чече албай андан кийин дагы 5 жыл жүрдүм. Бара-бара “коркуу” менен көп нерселерди кантип өзүм түзүп жаткандыгымды түшүндүм.

Эмнеге кете албайм? – деп өзүмө өзүм көп жолу суроо бердим… Мурдагыдай финансы жагынан деле кыйынчылык жок. Ошентип, өзүм айткан жетинчи жыл да келди. Ноябрь айында бул нерсе өзүм түзгөн 7 жылдык программа экендигин түшүндүм. Кантип ойлонуп, кайсыл сөздөрдү айтканымдын кээ бири эсиме түштү. Түшүнгөндөн кийин, мен аны кантип токтотом, ал программаны кантип өчүрөм? Билбейм?

Ар кимден жардам сурадым, жолуңду ачып беремин деп, өтө көп акча сурагандар да болду. Сени жолго салыш үчүн 220 000 акча төлөсөң жардам берем, дегенди уккандан кийин, ойлоно баштадым. Мектепте окуган Толубай сынчы кантип, күлүк атты сынаганы эсиме түштү. Жердин астындагы үндү кантип Жерге жата калып тыңшаганын ойлодум. Андан кийин илгерки жомоктордогу өсүмдүктөр, жаныбарлар менен адамдар кантип сүйлөшкөнүн эстедим. Ал убакта адамдар кантип жашаган. Азыркыдай билим жок, түшүндүргөн китеп, радио, телевидение, компьютер жок – демек, “өзүм түзгөндү өзүм оңдосом болот” болуш керек деген үмүттүү сезим келди.

Дагы бир мага түрткү берген нерсе, карта Таро менен ачкан аял, мага картасын жая салып, мына көрдүңбү, сага эч кандай жол жок. Кете албайсың. Кетсең кырсык турат. Ортодо кана “Д” менен “К” турат, туш тарабыңдын баары тосулган, сени өлүм тороп турат деп айткан. 6000 рубль берсең, мен аракет кылып көрөм деди. Ал убакта ушунчалык, жолум тосулгандыктан 10 рубльга нан алганга соода кыла алчум эмесмин. Себеби, мен андай нерселерге убагында ишенгем. Коркунучум күчтүү болгондуктан, ар кандай жолдор менен адамдардан жардам сурагам. Баардыгы акчага келгенде, токтоп калчу. Эми, ошол убакта акчанын болбой калгандыгына “ыраазымын”. Ал кезде мага “Башың иштебесе буттун шору” деген макал мага туура келген. Өзүмдө болгон нерсени укпай, башкаларга ишенүү менен жаным кыйналганын кийин түшүндүм. Ал этапты көрбөгөндө албетте, азыркыдай изденүү, түшүнүү, өзүмдү өзүм кабыл алуу болмок эмес. Өткөн тажрыйбама эми ыраазымын, себеби мен сыяктуу башы айлангандар арабызда арбын жана аларга түшүндүрүү үчүн ошондой жашоонун укмуштарын көрүү керек болчу. Мен аны түшүнгөндөн кийин кана аң сезимимдин коркунучунун деңгээлинен чыга баштадым. Коркунуч кандай камакка салып кое тургандыгы мен үчүн ачык көрүнө башатды. Ичимден айтылган үндүн тууралыгына ишене баштадым. Себеби, ар дайым жол бар! Чыгып кетесиң изден! -деген сезим дайыма келе берчү.

Мына ошондон кийин психологиялык китептерди окуп, ар кимдерден ар кандай ой пикирлерди угуп, ар кандай “аң сезимди” өстүрүүчү тренингдерге катышып, өзүмө өзүм кантип программа түзүп, аны кандайча кайра бузууну үйрөнүп, өзүмдүн жолумду өзүм ачтым, өзүмдүн “аң сезимимдин туткунунан” өзүм бошондум. Өзүмдүн күчүмө өзүм ишенип, адамдык касиетимди түшүнө баштагандан кийин, жол өзү эле ачыла баштады. Жолуңду ачып берем дегендерге “көңүл бурбай” калдым, себеби мен аны “корконумдан” өзүм түзүп, кайра эле өзүм ачаарымды түшүндүм. Материалдык акыбалым убакыт өткөн сайын жакшырды. Жашоого болгон кызыгуум пайда болгондон кийин, керектүү нерселер өз жолунда кездеше баштады. Көп жан кыйнаган сезимдер кетти. Ошентип, китепти жазуум керектигин түшүндүм, себеби, мага окшогон жолунан адашып, башы айлангандар өтө көп экендигин тааныш адамдардан көрө баштадым. Аны кээ биритүшүнсө кээ бири уккусу да келбегенин көрдүм. Ошондуктан, өзүмдүн турмуштук тажрыйбам аркылуу өткөн окуяларды китепке жазууну чечтим.