Таза ойлор Так сөздөр - страница 65
Мен бул китепти 2011 жылы эле жазып бүттүм го деп ойлогом. Көрсө жетишээрлик турмуштук тажрыйбам жана билимим болгон эмес экен. Азыр, менин эсебим боюнча тогузунчу жолу кайрадан иштеп,толуктап жатам. Бул менин турмуштук тажрыйбам болсо дагы кээ бир мага жакын же тааныш адамдар: ”Сен кантип эле китеп жазып калдың? Башкалардын китебинен көчүрүп аласың го? -десе кээ бири сөздөрдүн маанисине көңүлбөлбөй китептеги граматикалык каталарга көңүлүн буруп, сен ката жазат экенсиң деп күнөөлөгөндөрү да болду.
Ар бир эле адам баласы өзү үчүн өзү ар кандай тоскоолдуктарды түзүп алып, анын себебин түшүнбөй, өзү түзгөн тоскоолдуктан өтүүнүн жолун таппай кыйналат. Мына ошолордун катарында мен да өзүмдүн терс ойлорумдун б.а. аң сезимимдин туткунунда камалгандыгымды түшүндүм. Убагында, тоскоолдуктарды өзүм кнтип түзүп, андан кандайча чыгуунун жолдорун таппай түшүнө албай келгенмин.
Сөздүн, ойдун таасири жашоого кандай таасир этээрин “аң сезим” менен түшүнбөгөн адамда албетте, ар кандай тоскоолдук, кыйынчылыктар болоору анык.
Аны түшүнүү үчүн – ар бир адамдын өзүндө “жашоого болгон кызыгуусу”, “турмушун өзгөртүүгө болгон каалоо, тилеги, ниети» болуусу зарыл.
Сөз – бул энергия, көзгө көрүнбөгөн нур.
Сөздүн жыйынтыгы, сөздүн мазмуну – бул кубаттуу нур толкуну.
Айтылган сөз аркылуу адам баласы өзүн өзү жашоонун б.а. токтун каналдарына, толкунуна улайт. Адамдын ден соолугу канчалык деңгээлде таза же кир болсо ошондой нур толкунга уланат. Себеби, сен өзүңдү ошондой акыбалда сезип, ошол мазмундагы сөздөрдү сүйлөп жатасың, Ааламга өз сезимиң менен жөнөтүп жатасың жана жашооң да дал ошондой акыбалда экендигиңди унутпа.
Жаман ойлоп, терс көрүнүштү көп сүйлөгөн адам: “өзүнө”, “өзүнөн тараган укум – тукумуна” ооруу тартуулоо менен бирге, жеке турмушун бузууга шарт түзөт. Ошентип эле тим болбостон, өзүнүн келечегине, урпактарына жана мамалекеттик финансылык проблемалардын пайда болушуна, ар кандай кризиске учурашына, аба ырайынын бузулушуна чоң салым кошот. Ошондуктан ойлогон оюңа, сүйлөгөн сөзүңө маани берип, эмнени “учур чакта” талкуулап жатканыңа көңүл бөл!
Себеби, бүгүнкү, азыркы, учур чакта өзүңдү дал ошондой сезип, өзүң түзгөн тагдырыңдын мөмөсүн, жемишин өзүң кана жеп, жашап келе жатасың.
“Күнөөлүүнү издеп, же өзүңдү күнөөлүү сезүү” – бул пайдасыз иш. Бирөөнү күнөөлөсөң аягында өзүң күнөөлүү акыбалга туш болосуң, себеби сен Ааламга ошол информацияны бердиң, болгону жообун убакыт өткөндөн кийин көбүрөөк өлчөмдө өзүң кана аласың.
Муну байкоо жүргүзгөн адам, өз турмушунан өзү эле түшүнө баштайт. Себеби, күнүмдүк жашоо турмуш, ушинтип эле күндө, “ар бир секунда сайын” көз ачып жумганча жаралып турат. Анан ал сенин тагдырың болуп жашооңо келет.
Көнүгүү:
Жаман ойлогон, сүйлөгөн адам жөнүндө кантип иштесе болот?
Оо, жараткан кудай “Менин жанымды кечир?” _____(аты) мен жөнүндө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөгөндүгү үчүн.
Оо, жараткан кудай, _____ (аты) мен жөнүндө жаман ойлорду ойлоп, сөздөрдү айткандыгы үчүн аны өз убагында кечире албагандыгым үчүн “Менин жанымды кечир?”
Оо, жараткан кудай, мени өз убагында сөз кылып, жаман ойлогондугу үчүн “______(аты), анын жанын кечир?”
Оо, жараткан кудай, мени өз убагында сөз кылып, жаман ойлоп өзүн өзү кечире албагандыгы үчүн ______(аты), анын жанын кечир?
Мына ушундай тартипте ар бир адам өзүн өзү күнөөлүү сезимден куткарып, бири– бири менен болгон адамдар аркылуу чырмалышкан, тагдыры менен байланышкан көйгөйлөрүн чечсе болот. Бул сөздөрдүн маанисине терең түшүнгөн адамга, чоң жолдор ачылат, бири– бири менен чырмалышкан проблемалардын оңой, тез чечилишине шарт түзүлөт. Ошентип, көп жылдары жан кыйнаган, баш ооруткан жаман ойлордон арылса болот.