Таза ойлор Так сөздөр - страница 77



Албетте, мен медицинадан толук кол жууган жокмун, бүгүнкү күнгө чейин керектүү медикаменттерди колдоном, врачтардын кызматынан пайдаланам. Бара– бара оорууну өзүм түзүп, өзүмдү өзүм кыйноого салгандыгымды мойнума алдым. Себеби, ал убакта врачтар өзүнүн кызматын көрсөтүп бүттү, эми өзүң аракет кыл , деген нерсе экендигин кийин түшүндүм.

Эми болсо, күнүгө өз денемден кечирим сурайм. Булчуңдарды жазып туруу керектигин түшүндүм, себеби бир күн ичинде бир канча эмоционалдык жактан булчуңдардын катуу жыйрылуусу болоору мага белгилүү болду. Ал, күнүмдүк окуяны күнүгө ойлоно бербестен, күндө болгон окуяны күнүгө коюп жиберип, денени жазып туруу ден соолукка пайда экендигин түшүндүм. Өттү, кетти! Кайгырып, жемелөөнүн пайдасы жок. Жакпаганын кайталаба, жакканын улант. Кандай чөйрөдө денең өзүн кандай сезет, ошого карата мамилелеш адамдарыңды иликте деген мааниде түшүнсөң болот. Бул ден соолук жана узак жашоо үчүн өтө маанилүү маалымат.

Тамакты өз убагында жебей өзүмдү өзүм ооруу акыбалга алып келген күндөрүм канча. Физикалык денеге кыймыл албетте керек. Бирок аны кантип, качан, кандай шартта пайдаландың, ал нерсе өзүң үчүн кана белгилүү.

Денем даяр эмес болгон кезде акылыма ишенип жаш кезегимде “аял заты” экендигимди унутуп салмагым 50-60 кг болсо да 70 – 80 кг. оор жүк көтөргөн күндөрүм көп эле болгон.

Жыйынтыгында, жашым 40– ка киргенде ден соолугум начарлап, өзүмдү ишке жараксыз акыбалга алып келдим.

Медицина албетте, сенин учур чактагы акыбалыңды текшерет, диагноз коет, дарылайт. Ал убакта, мен үчүн дарылануу организмдин бир жерин оңдосо, экинчи жеримдин ооруусун күчөтүп жатканын түшүнгөн эмесмин. Ооруган жеримди айтып арызданганды кана билчүмүн.

Убакыт өткөн сайын өзүмдүн денемди өзүм байкоодон жыйынтык чыгарып келдим. Дене толук ден соолукта болуш үчүн медицинанын күчү жетишээрлик эмес экендигине көзүм жетти, себеби негизги денени колдоо, угуу, кам көрүү, аны башкаруу ар бир адамдын өзүндө экендигине ишендим. Ал эми, ооруунун булагы бир эле физикалык денеде эмес, ар бир адамдын маалымат талаасында, ген, кан аркылуу, ага уланган нурлар аркылуу келээрин көп убакыт өткөндөн кийин түшүндүм. Ар бир адамдын жашоо тарыхы ар кандай эмеспи, ошон үчүн бир типтеги дарылоо, адамга толук жардам бербей тургандыгына көзүм жетти. Анткени адамдар ар кандай дене түзүлүштө жана жашоо шарты, жашоого болгон ой жүгүртүүсү ар башкача. Бир эле дары бирөөнү заматта айыктырса, экинчи адамдын ооруусун кабылдатат. Аны өз убагында доктурларга айтуу керек, антпесе врач сенин ичиңде эмне болуп жатканын кайдан билсин. Албетте, кесел адамдын оюн угуу ар бир врачтын “көңүлүн” бура бербейт, себеби, алар дагы өздөрүнүн системасы аркылуу дарылайт. Ал шартты бузуу үчүн дарыгер өзүнө өзү ишенген, тажрыйбасы күчтүү, бийлиги бар кызматкер болушу керек. Гиппократтын антын, медицинанын тартибин бузуу ар кимдин колунан келе бербейт, себеби кызматтагы жоопкерчилик күчтүү. Ошондуктан денеңдеги болуп жаткан өзгөрүүгө өтө кылдаттык мамиле жасоо өзүң үчүн пайдалуу.

Дары дармек, бул алгачкы, учур чактагы оорууңду басат. Медицина “ физикалык денедеги” оорууну айыктырат. Ал эми анын “тамыры, баштапкы себеби – менин ички дүйнөмдө, жан дүйнөмдө, менин оюмда, сөзүмдө, эмоционалдык, психикалык сезимимде” экендигине учурунда маани берген эмесмин. Мен ал түшүнүктөн өтө алыс болчумун. Азыркыдай “билимим” ал убакта жок болчу. “Коркунуч” мени дайыма башкарып, уккан кулагыма ишенип, айлана чөйрөдөгүлөрдүн жашоосу менен бирге жашагам.