Таза ойлор Так сөздөр - страница 78



Ар кандай ооруунун, проблемалардын, окуялардын фундаменти өзүңдүн дене түзүлүшүңдүн түпкүрүндө, сезимиңде, оюңда, сүйлөгөн сөзүңдө экендигин мойнуңа албасаң ар кимге арызданып, “оорууңду” айтып жашайсың. Ал эми, ички дүйнөңдө кулап, урап жатсаң, сени эч ким кайра кура албагандыгын учурунда түшүнгүң келбейт. Ал эми, медицинанын сенин ички дүйнөңү кайра курууга күчү жетпейт, себеби, адам денеси өтө татаал дене түзүлүш. Аны эч кандай аппарат көрсөтпөйт, себеби ал сенин ишенимиң, элестетүүң, кабыл алууң, ойлонууң, даам татууң, жыт жыттоң, ар кандай эмоционалдык жана психологиялык сезимдериң менен түзүлгөн дүйнө. Мен анын тууралыгына жана ар кандай ооруунун “негизги булагы – ар бир адамдын өзүндө, генде, канда, өзүңдүн маалымат талааңда, жекече тарыхыңда, жаныңда” экендигине көп жылдардан кийин көзүм жетти.

Эгерде “үмүтүң, сүйүүң, эркиң, ишенимиң, акылың” сени менен бирге болбосо, “туура дем алууну” билбесең, сени эч ким толук айыктыра албайт. Ошон үчүн баардык күчтүн башаты өзүңдө экендигин өзүңө өзүң түшүндүрүп бар. Себеби, сенин дүйнөңдө “Өзүң кана биринчи жана башкаруучу адамсың!” Өзүң менен өзүңдүн бекем биримдигиң кана сени бир бүтүндүктө кармап, ден соолукка алып келе алаарына көзүм жетти.

“Адам денеси, өтө татаал чоң система” экендигин түшүнүп жана ар бир адамдын организми өзүн өзү дарылоого жөндөмдүү экендигине чындап ынандым.

Ал фундаментти куруучу да бузуучу да ар бир адам өзү.

Мен, азыр бул нерсени толук ишеним менен айта алам.

“Адамзаты – өзүн өзү курган да, бузган да – өзү” экендиги чындык”.“Жалкоолугу чегинен ашкан” адам кана башкаларга ишенип, башкалардан үмүт этип жашайт.

“Эрке” адам кана оорууну эркелетип, бапестеп багат, коштошкусу келбей көп жылдары достошот.

Оорууну канчалык баксаң ошончолук тамыр алып, денени ошончолук деңгээлде кысат, чоңойтот, ээн эркин денеге “кожоюн” болуп башкарат. Жаткан төшөгүңдү кучактатып, ныксыратып бапестеп уктатат. Мындай көрүнүш бара-бара кээ бир адамга көнүмүш адатка айланат, себеби “жалкоолугу” акылынан ашып кетти. Өз денесине өзү кожоюн эмес. Денесин “жалкоолуктун сөлөкөтү” башкарып калды.

Бул нерсе оорулуу адамга – “көнүмүш адат”, башкача айтканда өзүн өзү “сыйлабагандык”, өзүн өзү түбөлүктүү ооруунун “кулу” кылып, өзүн өзү “басынтуу”, “өзүн өзү зордуктоо, кемсинтүү, өзүнүн күчүнө өзү ишенбегендик” дегенди түшүндүрөт.

“Кантип, кандайча жашаганды билбегендик”, “алдына койгон максатынын жоктугу”, ооруунун айтканын, эскерткендигин түшүнбөстөн көп жылдары “оорууну коюп жибербей өз денеңде кармагандык” деп түшүндүм. Бул ооруу меники деп приватташтыруу дегендик. Мунун баары ой, энергия. Ал денеге ооруу болуп келди, адам ага ишенди. Денеде кармап, көп жылдары сыйлашып, чың ден соолугун – оорууга алмаштырып бирге жашап келди же ден соолуктун энергиясын оорууга берди.

Ар бир “сөзгө – маани берип, терең түшүнүп окуу”, ден соолукка жардам берет. “Өзүңдү өзүң аяганды токтот!” Ашыкча боорукерлик, жалооруп, аягандык ар бир адамды артка тартат.Бул нерсеге таарынуунун кереги жок. Мен дагы бир убакта “ушундай ойдун туткунунда камалгам”. Ал убактылуу “аң сезимдин тоскоолдугу, андан өзүңө өзүң түшүндүрүү менен, улам өзүңө өзүң ар кандай суроолорду берип отуруп чыга аласың.

Мен ушул нерселерди түшүнгөндөн кийин өзүмө өзүм суроо бере баштадым. Суроолор мээнин оң жана сол жарым шарларынын иштешин активдештирет.

Кантип?

Кандайча оорубастан жашасам болот?