Таза ойлор Так сөздөр - страница 80
Себеби, “коркунучтун түрү көп”, ал денедеги ар кандай окуянын башатын ойготуп оорууну күчөтөт. Бул жөн эле акылдын оюну экендигин түшүнүп, аны нейтралдаштыруу керектигин өз убагында түшүнүп токтотууга ар бир адам азырынча даяр эмес. Ал үчүн өзүңдү өзүң тарбилялап, түшүнүп баруу зарыл. Ошентип “өзүмдү өзүм ооруу кылган дагы, өзүмдү ден соолукта кармай ала турган дагы өзүм экендигимди түшүндүм!!!”
Позитивдүү суроо кантип иштейт?
Себеби, ар бир адам баласы ток өткөрүүчү трансформатор сыяктуу. Оозуңдан кандай “сөз” чыкты ошол каналга уланасың. “Көңүлүң” эмнеге бурулду ошого уланасың. “Оюң” эмнеге токтотду ошого уланасың. Ошон үчүн оорууну айтсаң ооруунун каналына уланасың, мактансаң мактанычтын каналына уланасың, кубансаң кубанычтын каналына уланасың. Ошентип сөзүң менен уланган толкунуңду бекемдесиң. Карызыңды көп сүйлөсөң карыздын каналынан чыкпайсың. Байлыгыңды көп айтсаң байлыктын каналында болосуң. Ошон үчүн кембагал кембагалчылыктан чыга албай кыйналса, байлар байыган сайын байый берет, себеби, учур чакта эмнени жасап, эмнени айтып, кандай сезим менен жашап жатасың ошол сенин бүгүнкү эртеңки, келечек жашооң. Ар бир секунда , ар бир көз ирмем– бул сенин тагдырың, келечек жашооң.
Бүгүнкү айткан сөзүң бир же үч күндөн кийин аткарыла баштайт. Баардыгы учур чак менен ар бир көз ирмемде керектүү нур каналдарга уланат, маалымат талаасына кошулат, андан көптөгөн өлчөмдө өзүңө кайтып келет. Система ушундай тартипте иштейт. Ошондуктан “бешенең катуу” же “бешенем катуу” – дебестен аны жумшартып, түбүн чаап, таза суу менен сугарып туруу өзүңдүн аракетиңе жараша.
Эми, ден соолукта болуу үчүн позитивдүү суроо берип көрөлү. Эмне үчүн позитивдүү суроо берүү керек? Позитивдүү суроо кантип иштейт?
Суроону кандайча берсең, дене ошол суроого жооп издейт, мээ керектүү маалыматты таап, жооп берет. Мисалы: “Мен эмне үчүн ооруй берем?” деп сурасаң, мээге ушул суроо кетти. Компьютерден, телефондон кантип суроо берип жооп аласың, денеде да программа дал ошондой иштейт. Оорууну сурасаң оорууну берет, ден соолукту сурасаң ден соолуктун программасы ишке кирет. Кандай суроо берсең ошол активдештирилет. Ошон үчүн “Мен эмнеге ооруй берем?” деп сурагандын ордуна – “Мен кантип ден соолукта болуп жатам? “Мен качан ден соолуктун толкунуна уланып калдым?”– деп сураган эффективдүү.
Оорууну кантип пайда кылгандыгыңды түшүнгүң келсе:-
“Мен кайсыл кыялым менен ушул оорууну пайда кылып алдым?” – деп сурасаң, ооруунун очогу, булагы кайдан башталганы өзүңө сезилет, кыялыңа элес болуп келет же түш аркылуу белги берет. Бирок, коркунучтардан улам арылып туруу керек. Качандыр бир убакта болгон окуя эсиңе түшөт, айлана чөйрөдөгү адамдар же болбосо жакын адамдардын сөзү аркылуу белги болот.
Ошондой эле төмөнкү суроолорду, бир нерсени түшүнүү үчүн же алдын ала билүү үчүн пайдалансаң болот. Мисалы:
– Мен киммин? – деген суроого жоопту кантип таап алдым?
– Каяктан мен эмне иш кылаарымды алдын ала билип турам?
– Кантип мага эмне керектигин тез эле билип алдым?
– Ооруу мага эмнени үйрөтүү үчүн келди?
– Ден соолукта болуу үчүн мен эмнелерди жасап жатам?
– Жашоого кантип ыраазы болуп жашап калдым?
– Кантип күлүп, кубанып, ыраазы болуп жашап жатам?
– ОО, мага жаккан көйнөк кайдан келип калды?
– Сүйүнүп, ырахаттанып кантип ыраазы болуп жашап жатам?
– Ыраазычылык ден соолукка кандай пайда берээрин кантип билдим?
– Качан, кайсыл убакта, кайсыл жерде өзүм үчүн кам көргөндү билемин?