Таза ойлор Так сөздөр - страница 83
Себеби, мен “аң сезим менен түшүнүү” деген убакытты талап кылаарын билем, жана ал такыр түшүнүгү жок адамдарга жок эле дегенде “эки жылдан” ашык убакытты талап кылат.
Ал эми турмушта калыптанып, жашоодо пайдалануу үчүн “төрт жылдан” жогору убакытты талап кылаарын өз практикамдан өткөрүп келе жатам. Бирок, бул нерсе баардык адамдар үчүн тегиз керек деген ойдон алысмын.
Эми, бул жыйынтык өтө терс тармакта төрөлүп, жашагандар үчүн болсо, ал эми, турмуштук тажрыйбасы маалымат талаасында бар адамдар үчүн бир секундалык же 2-3 жумалык эле убакытты талап кылаары талашсыз. Же такыр керек эмес, себеби андай адамдар “Эмнени кааларын” эң сонун билет. Эми бул нерсе ар бир адамдын жашаган чөйрөсүнө жараша болоору анык. Адам баласы айлана чөйрөсү кандай ой пикирде болсо, ошол нерсеге ишенип , жашоо ушундай эле болот деп жашай берээри анык.
Менин оюмча, бул китепте жазылгандарды билбеген адамдарга турмушта баскан жолу бир канча “эсеге” кыскарып, жашоосун жеңилдетүүгө шарт түзүлдү деп ишеним менен айта аламын. Себеби, мен бул жыйынтыкка келээрден мурун, өзүмдүн иш тажрыйбам менен кээ бир нерселерди түшүндүрүүнүн кыска жолун иштеп чыктым, жана турмушумда пайдалануу менен далилдедим. Тез түшүнгөн адамга “жеңил жана оңой кабыл алуу” калды десем да болот.
Бул нерсени системалаштыруу албетте тажрыйбаны талап кылат. Кээ бир адамга жөн эле күнүмдүк жашоодогу сөздөр катары болсо, кээ бир адамдарга өзүнүн аң сезими менен түзүп алган өтө албай туруп калган жашоодогу “чоң тоскоолдук” экендигин өз тажрыйбамдан түшүндүм. Ошон үчүн ушул китеп аркылуу маектешүүнү чечтим. Себеби, бул китеп аркылуу көпчүлүк эл эң жөнөкөй, жатык тил менен жазылган сөздөр аркылуу түшүнүк ала алат, эч кандай татаалдаштырган формуласыз эле өз проблемасын өзү кандайча түзгөндүгүн түшүнүп, канткенде өзү тез эле кайра чече алаарына ишенет. Көп жылдары түшүнбөй кыйналып келген нерселерин өзүнө өзү “байкоочу” болуу менен түшүнүп, өзүн сырттан көрө алат.
Мындан ары түшүнүүгө кызыккан адамдар үчүн ооруудан, кыйынчылыктан чыгуунун жолу аябай эле кыскарды го деп ишенем. Мен үчүн мындай түшүнүктөрдү алуу “жети жылдан” ашык убактытты талап кылды.
Тааныштарыма, эми айтып тамаша кылам. Илгери Токтогул Сибирге 7 жылга сүргүнгө айдалса, азыркы заманда “мен өзүмдү өзүм” 7 жылдык “аң сезимди” өзгөртүүнүн сүргүнүндө Иркутскиде тарбияланып келдим дечү болдум. Албетте, убакыт өткөндөн кийин айтуу оңой. Мен үчүн ал жылдар оңойго турган жок. Өзүмдү өзүм кайра тарбиялоо – мен үчүн чачылган машинаны кайрадан тетиктеп курган сыяктуу болду. Бул иш мен үчүн өзүмдүн тетиктеримди өзүм кайрадан куруп, денемди, ой жүгүртүүмдү, сөздөрүмдү, сезимимди кайра куруу менен барабар болду.
Эми өзүңөр тандап көргүлө, 2 жылдан 4 жылга чейин “өзүң менен өзүң” иштеп оюңду, сөзүңдү талдап, оюңдун терс жагынан оң жагына буруп, “учур чакта” ден соолукта бактылуу жашоо жолу керекпи? Же өмүр бою терс ойлордун туткунунда болуп, ооруп, онтоп, ар кимге көз каранды болуп, өзүңө жана урпактарыңа укумдан тукумга мураска ар кандай оорууларды белекке калтырган жакшыбы? Ал ар кимдин өзүнүн чечимине жараша болот.
Албтте, биринчи иретте “өзүңө өзүңдүн келечек жашооңо берген ден соолугуң, мурасың”.
Бул жашоодо “өлүп кутулам” деген, адам үчүн бул жөн эле өзүн өзү жооткотуу, актануу, алдоо экендигин түшүндүм.
Учурунда мен дагы “жаным кыйналганда тезирээк өлгөндү эңсечүмүн”. Көрсө ал жөн кана “өзүмдүн жашоомо өзүм кожоюн болбой, ден соолугумду сактап, денемди кароону билбегендигим экен”. Өнүгүүнү каалабагандар, кийинки жашоодо дагы эле жашоону ушул эле этаптан баштаарыңар анык. Себеби, жашоонун учур чактагы өнүгүү этабынан өтө албасаң, келечек жашооңдун маалымат талаасында билбеген нерсенин маалыматы болбойт да. Аны окуп, түшүнүп, жасап көрүш керек. Ошондо кана коркпостон ишенимдүү жасай аласың. Эгерде, жасагың келбесе, анда мектепте 2чи класстан 3чү класска көчпөй калды деген сыяктуу нерсе. Жашоодо дагы өзүнүн классы бар. Мисалы, эгерде отуз жыл жасай албай келген нерсеңди жаңы жол таап сапаттуу кылып жасай албасаң, албетте ал жерде дагы отуз жыл тураарың бышык. Ошон үчүн билим, маалымат сөзсүз керек, ал эми аны кабыл алып турмушта пайдалануу үчүн, мээң активдүү иштеп, аң сезимиңдин кабыл алуусу зарыл. Азыр маселеңди чече албасаң, кийин дагы кыйыныраак маселеге туш болосуң, ошон үчүн ар бир маселени өз учурунда чечип барган жакшы экендиги мен үчүн белгилүү болду. Эгерде туура түшүнсөң ал маселени чечүү үчүн 30 секунда убакыт кетиши дагы мүмкүн. Ошон үчүн жасап көрүү керек.