Таза ойлор Так сөздөр - страница 85
Ошон үчүн ар кандай нерсени “түшүнүү жана кабыл алып коюп жиберүү менен” келген энергиянын эффективдүү иштөөсүнө жол берет. Ал эми, терең түшүнүү үчүн өзүң изденип, жасап, жаман же жакшы экенин түшүнүп, өзүңө өзүң түшүндүрүп, өтүп кана ишенесиң. Ал эми, мен мындай нерсени билемин дегениңерге, бул маалымат жөн кана “эстөө үчүн” керек болушу дагы мүмкүн. Себеби, мындай нерсе сенин маалымат талааңда бар болсо ошол нерсени активдештирүү үчүн кана сага, “түшүндүрүүчү, эске түшүрүүчү билим”, “бекемдөөчү сезим” керек болуп жаткандыр.
Мындан ары аз да болсо азыр силерге изденүүгө шарт түзүлдү, кызыгуу пайда болду. Менин максатым силерге ишендирип, таксыктап, чучгуңарга сиңгенче жеткирүү эмес, аны ар бир адам өз эмгеги менен “аң сезими менен түшүнүү” менен өзүнө өзү жеткирет, өзүн өзү ишендирет. Менин көпчүлүккө жеткирейин деген максатым, жашоонун ыңгайлуу ушундай жолдорунун бар экендиги жөнүндө маалымат берүү, билгендеримди адамдар менен бөлүшүү.
Өзүм болсо, жашоонун өнүгүү, өсүү жолун тандадым. Мен өзүмдүн өнүгүүмдүн, жашоомдун “жаш курагы боюнча алганда” алтынчы этабында жашап жатам. Жашоодо өзүмдү “күбө жана байкоочу” катары кантип жашоону өздөштүрдүм деп ойлойм, себеби азыркы этапта мен үчүн жаңы ачылыштар, жашоого болгон жаңыча көз караштар пайда болуп жашоого кызыгып жаткандыгымды түшүнө баштадым. Бул өнүгүү психологиялык этап боюнча. Ал эми руханий өнүгүү этабында 7чи этапта экендигимди түшүндүм.
Чындыгында бешинчи этапта, өзүңдү арендага берип сырттан кароо, жашоого көп жеңилдик алып келээрине ишендим, себеби, өзүмдүн жашоо практикамда пайдаланып көрдүм.
Ар бир адам өзүнүн жашоосунда, психологдордун илими боюнча бир канча этапта жашап өтөт.
Ал жашоонун этаптары төмөнкүлөр:
6 жашка чейин балалык курак
12– 18 жаш курак ар кандай дүйнө таануунун, өнүгүүнүн этабы, жеткинчек курак
18-30 жашка чейин профессионалдык өздөштүрүү
30-42 жаш курак структуралык өздөштүрүү (үй бүлө күтүү, балдар, жумуш, карьера)
42-54жаш жашоодо ар кандай окуяларга күбө болуу, байкоочу көз караш менен жашоону түшүнүү, өзүңдү сырттагы адамдар аркылуу көрө билүүнү өздөштүрүү убагы. Өзүңдүн ким экендигиңди толук түшүнгөн убак.
54-66 жаш курак тазалануу, жаңылануу, ачылуу курагы. Жашоону түшүнүп, сүйүп, өзүң менен өзүң ынтымакта болуп, кубандыруу, ыраазы болуп жашоо убагы.
66 жаштан жогору “ акылдуу” болуудан өтүп, “акылмандуулукка” ээ болуп, жашоого ырахаттанып, ыраазы болуп жашайт. Урмат сыйдын ээси болуп, өзүн өзү сыйлап, ар кандай убакта жашоого акылмандуулук көз караш менен карап, башкалардын жашоосуна киришпей жашоого өтөт.
Эми мындан ары мен дайыма – ден соолукта болууну чечтим.
Бай, бактылуу жашоону ниет кылдым. өзүмө өзүм ден соолукта болууга уруксаат бердим.
Ден соолугум күндөн күнгө чыңдалып, өзүмдү чыйрак сезип бара жатам.
Эми, дагы ден соолукту активдүү иштетүүчү өзгөчө суроолорду берип көрөлү:
Кантип ден соолукта болуп жатам?
Ден соолукта экендигимди кантип сезип, билдим?
Ден соолукта болуумдун модели укмушбу?
Денемдин кайсыл жерин – азыркы, учур чакта ден соолукта көрүп, сездим?
Өзүмдү кандайча элестетип, көрүп сезимимди жакшыртып жатам?
Кантип дайыма өзүмдү чың ден соолуктун толкунунда кубанычтуу алып жүрөм?
Ден соолукта жүрүү үчүн кантип сонун нерселерди жасадым?
Кантип өзүмдүн эмоционалдык тең салмактуулук акыбалымды сактап жатам?
Мына ушундай “учур чак” менен айтылган суроолор ден соолукту сактап, денеде кармалып турган “убактылуу ооруулардан” айыгууга жардам берет. Себеби, берген сурооңо жараша мээ жооп издейт. Албетте, ой, сөз кана ден соолукту чың кармайт деп, чек коюудан алысмын, ага кошумча ар дайым өз убагында: