Таза ойлор Так сөздөр - страница 86
– бир калыпта дем алуу, дем чыгаруу,таза аба, эс алуу
– эркин, денени бош таштап басуу,
– витаминдүү, сапаттуу, туура, өз учурунда тамактануу,
– физикалык кыймыл аракет, булчуңдарды катуу жыйрылгандан кийин өз убагында бошотууну билүү,
– баардык адамдар менен болгон мээримдүү мамиле,
– сенин тилиңде сүйлөгөн айлана чөйрө, көп тил үйрөнүү
– чың ыкластан сүйүнүч, кубануу
– денеңди угуп, ички , жан сырткы дүйнө менен сүйлөшө билүү
– өзүңдү өзүң сүйө билүү
– өзүңө жаккан жумушта чыгармачылык менен иштөө
– массаждын ар кандай түрлөрү
– мончо, сауналарга баруу
– ар кандай эмоцияны өз убагында көпкө кармабай коюп жиберүү
– сезим аркылуу сүйүү, бактылуулук, байлык, ден соолуктун сезимин, нурун Ааламга жөнөтүү ж.б. турмушка керектүү нерселерди сөзсүз жасоо керек.
Негизги “ден соолуктун башаты”– ойдо, сөздө, сезимде, кыймылда, туура дем алууда, жасаган иште экендиги түшүнүктүү болсо дагы, аны өз денең менен чагылдыруу турмуштук тажрыйбаны талап кылат. Ошондуктан эсепке дайыма жасаган иш, жумуш өтөт. Өзүң менен өзүң ынтымакта бол! Өзүңдү ар дайым сүйүүнүн, гармониянын толкунунда кармаганды үйрөн!
Аракет кылсаң берекет. Иштесең тиштейсиң. “Өзүңдү өзүң” колго алып, колдоп, “өзүңө өзүң кожоюн” боло алсаң – ден соолуктун ээси болуп бактылуу жашай аласың.
“Учур чакта” жашоону кантип түшүнөбүз же тагдыр кантип жаралат?
Мен көп жылдары “бешенеге жазылат дегенге ишенип, бирок тагдыр кантип жазылат, турмуш кантип жаралаары жөнүндө кызыгып көп ойлончумун.
Тагдыр кантип, кандайча бешенеге жазылат?…
Кудай кантип бешенеге жазаар экен?…
Аны кантип окуса болот?…
Тагдырды өзгөртүүгө болобу?… – деген суроолор мага кайталанып оюма келе берчү.
2010-жылы март айларынн бир күнү, так күнүн эстей албай койдум, жумушта кыздар менен типографияда “Билайн” операторунун буклеттерин 4чү-5чи бүктөмүн кол менен бүктөп жатканбыз, себеби машина үч бүктөмүн кана жасачу. Радиодон Вахтанг Кикабидзе “Жизнь это – миг между прошлым и будущим” деп ырдап жатты. Негедир ошол күнү ушул сөз “оюмда” сакталып, жумуштан кийин үйгө барганда да тез – тез кайталанып жатты. Ал күнү түшүнгөн жокмун. Кайра – кайра ушул саптар оюмда кайталана бергенден да тажадым. Эки күндөн кийин дагы ушул эле ырды радиодон берди. Мен аны угуп жатып, ал “сөздөрдүн маңызына, мазмунуна” маани берип, “жашоо эмне экендигин, ал кантип жаралаарын түшүндүм”. Жашоо, тагдыр кантип качан жаралаарын түшүндүм. Сезимим менен сезип, денем аркылуу аябай кубандым. Өзүмдү жаш наристе баладай сездим. Көз алдыма кантип тагдыр, адам сезими менен эмоцияга карап өзгөрүп жатканы көз алдыма тартылды. Кыялымда ДНКанын спиралы айланып жаткандай сезилди. Көкүрөгүмө кубанычтын нуру толду. Өзүмдү аябай жеңил сездим, желкемден оор жүк түшкөндөй болду. Көңүлүм ачыла түштү. Түшүнгөнүмө ыраазы болуп, өзүмө өзүм кубануу менен орусчалап, “Вот это ДА!” Ура! Ура! Ура! – деп алдым. “Ыраазымын!” –деп эки алаканымды бириктирип кудайга ыраазычылык билдирдим! Ар түрдүү варианттарда ой жүгүртүп, түшүнгөнүмө кубанычта болдум.
Ооба, жашоо – бул “секунда, көз ирмем, ”, бул – “учур чак”. Ар бир жашаган секундаң сен үчүн жашоону курат. Мына ушул секунда – бул сенин тагдырың . Сен ушул секундада өзүңдү кандай сездиң, эмнени ойлондуң, эмнени сүйлөдүң, эмнени жасадың? – дал ушул нерсе сенин “тагдырын” болуп денеңде, бешенеңде жазылды. Тагдыр мына ушул көз ирмемде жазылат. Сен денең аркылуу ошол нурду Ааламга, Алла Талаага жөнөттүң. Учур чак менен ошол нурда уланып турасың. Сенин учур чактагы “башкаруучу пультуң– сенин көңүлүң!” Ошол көз ирмемде сен өзүңдү кандай сезип, Алла Талаага , кудайга эмнени жөнөтүп жатасың, ошол сенин келечек жашооң болуп келээрин түшүндүм.