Жаңы дүйнө келүү - страница 3
Эбер өзү убада кылган убакта келди. Сегиз жыл көз ачып жумгуча өтүп кетиптир.
– Сени жаңы дүйнө сапарына алып жөнөө үчүн келдим деди.
– Ооба билем.
– Сен жакындарыңды сүйөсүң. Бирок Кудайды көбүрөөк сүй. Анткени сен мындан ары Аны менен болосуң.
– Эмне өлөмүнбү?
– Жок кайрадан төрөлөсүң!
– Анда апам менен коштошуп алайын.
– Сен кайра келесиң. Жерде аткарчу жумуштарың бар деди.
– Демек апам менден кабатыр албайт экен да?
– Тоби сен дагеле мени түшүнгөн жоксуң. Бирок эки күн өткөн соң, жүрөгүң тынчтанат деди.
– Эки күн үйдө апаң менен бол. Ал адаттагыдай көздөн кайым болду.
Эбер айткандай менин жүрөгүмө болуп көрбөгөндөй тынчтык орноду. Жүрөгүм алдыдагы сыноолорго, соккуга даярдана баштады. Түнү апам экөөбүз дасторкондо отурдук. Мен апама суроо узаттым.
– Эгер мени көпкө көрбөй калсаң санаа тартпа. Мен ар дайым жаныңдамын дедим.
– Ал эмне дегениң? Сен алыска кетчүүдөй болуп сүйлөп жатасың деди апам тынчсызданып.
– Апа мен эртең иш сапарым боюнча кетип жатам. Менден себепсиз кам санап жүрбө. Мен өз конушума кайтып келемин.
– Каралдым сөзүңө түшүнбөдүм. Кайда кеткени жатасың? Апам менин башымдан сылады.
– Түштүк Мексикага барам рухий ооруулулар жаткан табыпканага. Апам менин сөздөрүмдү тамаша катарында кабыл алды. Чындыгында мени ушул күндөрү Түштүк Мексикага жолдомо менен жиберишмек эле. Мен узак жолго камданып жүргөм.
Түнкүсүн катуу шамал болгондуктаң, бактагы бүт жалбырактарды учуруп келип босогого чогултуп коюптур. Мен короону ирээтке келтирип, бөлмөмө кирдим. Апамдын бөлмөсүндө мындай мезгилде чырак өчтү.
– Мен сага мындан он жыл мурун келем деген элем. Ушул бөлмөдө дагы жолуктук деди Эбер.
– Эми мени алып кетесиңби? Эберге суроолуу карадым.
– Ооба убакыт келди. Эмнегедир башым тегеренип көзүм караңгылашып кетти. Бөлмө көз алдымда айлампа сыяктуу тегеренип жатты. Ал улам тегеренип айлана берди.
Арадан канча убакыт өттү билбейм, ойгонсом кайыкта уктап жатыпмын. Бул жерди өмүрүмдө көргөн эмесмин. Жада калса бул жер Түштүк Палестина тургай, жер шарынын бир жерине окшобойт.
– Мына сен келе турган дүйнө, сен эңсеген дүйнө. Бул жерде өлүм, ооруу, кыйроо, кыйынчылык жок. Эң улуусу отуз жаштагыдай көрүнөт. Бал жешет,алтын чөйчөктөн суу ичишет. Чөйчөктү да, балды да сатып алышпайт. Жаратылыш менен ынак жашап, бул жерде бактылуу өмүр сүрүшөт деген үн кулагыма жаңырды.
Көк мухит сыяктуу асманды көрдүм. Андагы апапак булуттар көздүн жоосун алат. Куштардын сайраганы кулагыма жагымдуу угулуп, суунун акканы жүрөгүмдү тынчтандырып балкып отурдум.
– Тур биздин шаарга кир. Ал жердин тургундары сени тосуп алышат. Шаар дарбазасына жакындап калдым. Дарбазанын эки канаты бар экен. Эки канатында экиден көгүчкөн конуп турат. Куштун көздөрү ушунчалык сулуу болгондуктан, аларды көргөндөн баштап жүрөгүм кубанычка толду.
Дарбазага жакындап калганда эшиктер ачылды. Аны кимдир бирөө ачкан жок. Өзүнөн өзү ачылып кандайдыр бир коңгуроонун жагымдуу үнү угулду. Коңгуроонун кыргагына көзүм түштү. Анда “Кош келиңиздер” деп жазылып туруптур. Арстан алдыман тосуп чыгып, мени күзөтүп алып баратты. Ал менин көзүмө жоокер өңдөнүп кетти. Тегерек үй көзүмө урунду, терезелери да тегерек экен. Терезесинде пушту кездемеден тигилген пардалар илинип турат. Ал үйдөн нан көтөрүп чыгып келе жаткан кыз көрүндү. Ал жылмайып: – келиңиз нандан жеңиз. Ушул үйгө конуп мейман болуңуз деп ийиле салам берди. Кыздын көгүш желбиреген жука көйнөгүнөн дене мүчөсү көрүнүп турду. Колдору назик,илеби кызыл келишимдүү, чийме каш жылдыздуу бийкечти көргөнүмдө ага тамшанып карап , дүйнөдө жашап жатканыма ыраазы болдум. Мындан бир күн мурда өлгүм келген болчу. Бүгүн мындай кереметүү дүйнөнү көргөнүмдө кайра – кайра жашагым келип, жан дүйнөм жашарды. Тегерек үй тараптан жыпар жыт аңкып, мени өзүнө тартты. Ары жакта жалпак бирок көрүнүшү кооз ар кандай үйлөр көрүндү. Жаш балдар ойноп жүрүшөт. Бак – дарак жапшашыл, кызыл – тазыл гүлдөр айлананы кулпунтуп, ушул жерден жашоо башталгандай….