Таза ойлор Так сөздөр - страница 48
Кыялында же өзүнүн үчүнчү көзү менен булутту алыстан көрсө, демек ал жакын арада ишке ашпайт, жакындан же төбөсүнөн көрсө, жакынкы арада боло турган жаман же жакшы окуя. Окуянын болоору жакындаганда “түш аркылуу же сезим менен денеге бериле баштайт”. “Ооруксунуп турам” же “бир нерсе боло тургандай болуп, кыжаалат болуп жатам”– деген ойлор, сезимдер келе баштаганда, “өзүңдү өзүң тынчтантып” ошол энергия менен иштеп, алдын ала таркатып же жансыздандырып койгон жакшы.
Жакпаган ойду кантип таркатып жиберсе болот?
Денедеги ооруунун энергиясы, жаман ойлордун энергиясы, сөздөрдүн энергиясы кан тамырлар аркылуу, энергетикалык нур жипчелер аркылуу бүт топтолуп тамакка келет, көз жаш болуп топтолот, ошол убакта жашты кармабай кое бер, ыйлагың келсе ыйла– бул көздүн каналдарын тазалайт, кээ бир адам эстеп, окшуйт, өзүн жеңил сезгендер жөн кана шарды же тоголок жипти элестетип ой менен акыр – ы-ын ф-ү-ү-ү-ү-ү-ү деп жерге түшүрүү керек.
Мунун баары ооруунун, ар кандай терс кыял – көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү жашоонун элестери, жакын арада боло турган окуянын нуру. Эгерде көзүңдү жуумп карасаң кээ бириңерге көрүнүшү мүмкүн, сезими күчтүүлөр сезим менен эле сезе алат. Алар ар кандай образда көрүнөт, ооруу, проблема болсо кээ бирине курт, жөргөмүш, чымын, таракан, жылаан б.а. ар кандай сойлоп жүрүүчүлөр болуп көрүнөт. Кээ бириңерге карарган илээшкек же кандайдыр бир жийиркеничтүү, чоюлчаак нерсе болуп көрүнүшү мүмүкүн. Кээде жатканда көзгө ар кандай нерселер көрүнүп уктай албай кыйналган убактар да болушу мүмкүн.
Кара же ар кандай күңгүрт түстөр, жипчелер, мультфильм же кино сыяктуу ар кандай окуялар дагы көрүнүшү күтүлөт. Андай нерселер көрүнсө жөн кана көздү жуумп, жараткандан тазалап коюсун суран, кыялың менен суу менен шаркыратманын түбүндө тургандай өзүңдү элестетип жуунуп кой. Же эринбестен туруп, өзүң каалагандай сыйынып, көздү жуумп, денеңди бош коюп көз алдыңдагы белгисиз нерселер жок болуп кеткенче, карап тура бер. Каала өзүңдү өзүң кечир, кечирим сура, өзүңдөн, ата энеңден, ата-баба рухтарынын атынан дагы суран. Ал жаман эмоциялар менен түзүп алган окуяларды таркатып жиберүүгө жардам берет. Себеби, бул окуя кайсыл дүйнөдөн сага келип жатканы белгисиз. Ошондуктан, аны түшүнүү үчүн убакыт көп кетпеши үчүн, сыйынуу менен, болгон окуяны кабыл алып, дене аркылуу тез арада өткөрүп жиберүү зарыл. Себеби, ал энергия, нурдун толкуну. Ал энергия сенин структураңа кирип алгандан кийин, денени кыймылдатуу менен оңой чыгат. Аны билбесең, эртең менен ооруп же денең талыкшып калышы мүмкүн. Албетте, түштүн сапаты келген окуяга жараша болот, дененин психологиялык акыбалы ошого жараша иштейт.
Бул “астралдык дененин” кирдеши. Ал жөнүндө китепте айтылат.
Алар эт менен челдин ортосунда жайгашкан аэродинамикалык жаралуулар, б. а. ар бир адам өз кыялы, жүргөн жери, мамилелеш адамдар аркылуу топтолгон мусор, таштандылар. Мына ушулардын баары дененин ар кайсыл бөлүгүндө жайгашып, адамдарды ар кандай акыбалга алып келет, денеге оорууларды пайда кылат. Айрыкча негативдүү адамдардын энергетикалык акыбалы (аурасы) ден соолугу таза адамга тескери таасир берет. Ден соолукта болгуң келсе, мамилелеш адамдарыңды да кара, ар бир уккан, сүйлөгөн сөз дене үчүн тамактануучу энергия, нур. Ошон үчүн өзүңдү алсыз сезгенде суу менен жуунуп, кыялың менен жакпаган элестерди отко күйгүзүп салуу сезимиңди жакшырат.