Таза ойлор Так сөздөр - страница 50
Бирок дем алууну туура эмес жасасаң ден соолукка зыян кылаары белгилүү. Айрыкча оорулуу адамдар дем алууңарга көңүл бөлгүлө. Ооруунун алгачкы башталышынын бирден бир себепчиси, туура эмес дем алуудан экендиги эчак эле далилденген. Интернетте атайын туура дем алуу үчүн видеолор көп, айрыкча россиялык врач Бутейко, туура эмес дем алуу кантип оорууну күчөтүп, тез өлүмгө кантип алып келээри жөнүндө жакшы түшүндүрөт. Терең дем алуунун зыяндуулугу жөнүндө айтып, кантип дем алууну нормага келтирсе болоору жөнүндө практика жүзүндө көрсөтөт.
Түшүнүү үчүн көнүгүү:
Ооздон чыккан желди, кыялыңда каалагандай элестет, мээр төгүп жакшы көрүү менен, төмөнкү сөздөрдү ой менен ойло, сүйлө, айт, сезимиң менен сез.
– Менин денем, кечир мени, түшүнбөстөн ушунча жылдар бою өзүмдү, кыйнагандыгым үчүн?!!! (б.а. өзүңдөн өзүң кечирим сурайсың, өзүңдү өзүң кечирүү, башкларды кечирүү менен барабар).
– Өткөн жашоодогу болуп өткөн окуя – бул менин турмуштук тажрыйбам, деп күнөөлүү сезим пайда болгондо өзүңдү өзүң кечирүүнү үйрөнөсүң жана кемчиликти кайра кайталабоого өзүңдү тарбиялап, өткөн жашоодон бошоносуң.
– Өзүмдү өзүм кечирдим. Өзүмдөн өзүм кечирим сурайм. Ыраазымын! Мээр төгүү менен коюп жиберем!
– Мен сени жакшы көрөм, мен өзүмдү жакшы көрөм
– Менин дем алуум өз нугуна келди. Мен туура дем алып дем чыгарып жатам.
– Менин денем автоматтык түрдө өүнүн дем алуу формасына келди.
– Менин дем алуум бир калыпка түштү. Мен ритимдүү дем алып жатам!
– Менин ден соолугум өз нугуна келди. Нур айлануу, кан айлануу өз нугуна түштү. Ден соолугум чыңдалды!Эми, мен мына азыр ден соолуктун толкунундамын! Ушул сезимиди мындан ары көбөйтүп жатам.
– Мен сени колдойм! Мен өзүмдү колдойм!
– Мен өз жайымдамын! Сен өз жайындасың! Ал өз жайында! Биз өз жайындабыз! Башкалар өз жайында! Дүйнө өз жайында! Аалам өз жайында!, – деп ооздун жели менен сыртка чыгар да, уялсаң же көпчүлүк арасында айтуу ыңгайсыз болсо, шыбырап айтуу дагы тезирээк бошонууга шарт түзөт.
Эмне үчүн “үн чыгарып” айтуу керек?
Үн чыгарып айтуу -“ойдун дүйнөсүн” тез тазалайт, каалаган нерсеңди Ааламга, кудайга жеткирет. Ой менен үндүн энергетикалык алкагы биригип каалаганыңды алууну тездетет.
Сөз келгенде өз убагында жооп берүү зарыл. Унчукпай коюуну көпчүлүк эл, “меники туура”, “менин айтканыма макул болду” деген түшүнүктө болот да сага жакпаган мамиле жасап, же жакпаган жумушту жасашы мүмкүн. Ошондуктан, ортодогу келишпестиктер пайда болбош үчүн, алдын ала өз убагында үн чыгарып оюңду, макул же макул эместигиңди айтуу керек. Себеби, адамдар ар кандай өнүгүүнүн жолунда. Сен мамиле түзгөн адам башка жашоонун этабында болушу мүмкүн. Бир адам сени бир карап туруп оюңду түшүнсө кээ бир адамды токмоктосоң да түшүнбөйт. Ошон үчүн адамдар арасында уруш, жаңжал көп кездешет, бирин– бири түшүнбөстүктөр, кемсинтип, башкаруулар көп учурайт. Үй-бүлөлүк уруш-мушташ, бири– бири менен болгон териштирүү “меники туура же сеники туура” деген келишпестиктер чыгат.
“Бул улуу эле же кичүү эле, кары– жаш экен” – дебестен өз убагында өзүңдүн пикириңди билдирип койгон көп проблемалардан алдын ала сактайт. Мээнин нервдерине күч келбей, дене өзүн жакшы сезет, кыжырдануу, тынчсыздануу, өч алуу деген сезимдер кыйнабайт.
Тамактагы буулган нерселер кетет, ангина, зоб, үн бүтүп калуудан, үндүн чыкпай калуусунан, ар кандай тиш ооруудан, астма, талма оорудан (эпилепсиядан) сактайт.Талмасы бар ата-эне өзүңөрдүн бири-бириңерге болгон мамилеңерди эстегиле, бала төрөлгөнгө чейинки убактан баштап бүгүнкү күнгө чейинки бири-бириңерге болгон мамилеңерди анализдегиле.Күнөөлүүнү издеп урушуунун ордуна , аны кантип жасабай коюну ойлонсоңор.