Таза ойлор Так сөздөр - страница 49



Дем алуунун ден соолукка таасири кандай?


Туура дем алуу – ар кандай ооруунун, терс кыялдын табылгыс дарысы. Баардык дары өзүңдө турат. Эгерде, өзүңдүн күчүнө өзүң ишенсең калыптануу оңой болот.

Дем алуу менен энергетикалык каналдар тазаланат, нур айлануу калыптанат. Денеде нур айлануучу каналдар өз нугунда болсо, кан айлануу процесси өз нугунда айланат. Жылуулук болбосо кайдан кан айланмак эле аны өзүңөр жакшы билесиңер. Ошон үчүн туура дем алууну үйрөнүү зарыл. Ага чуркоо, ар кандай физикалык көнүгүүлөр, Цыгун, Айкидо, Тай-Цы, Жуткундо, Йога,Тенсегрити жана ар кандай дем алууну калыптандыруучу көнүгүүлөр жардам берет.

Басканда буттун манжалары кысылбай кенен болсо, денеде энергетикалык кысылуу, туруп калуу болбойт. Ошон үчүн, бут киймимдин ыңгайлуусу сөзсүз керек. Айрыкча өспүрүмдөрдүн бут кийимине көңүл бөлүү керек. Бут кийимдин размеринин чоң болушу – бул ден соолукка фундамент. Баланын өсүүсүнө жараша ыңгайлуу бут кийим кийгизүү зарыл. Май тамандыктан сактоо үчүн бут кийимдин ыңгайлуу таманына албетте көңүл бөлүү зарыл. Ал үчүн баланын оюн угуу керек.

Бут кийимдин тардыгы дененин дем алуусуна тоскоолдук кылып, жүрөктө, көкүрөктө кыжаалатчылыкты пайда кылат, буттун сөөктөрүнүн бузулушуна алып келет. Ыңгайлуу бут кийим ар бир тырмактын эки жагынан “энергия нурлары” денеден сыртка чыгып, дененин ритимдүү иштешине шарт түзүп турат. Бут кысылганда же ыңгайсыз бут кийим кийгенде денедеги нур алып, нур чыгарып туруучу каналдар кошо кысылып, дененин нормалдуу иштешине кыйынчылык туудурат.

Колдун манжаларын ачып жуумп, кыймылдатып баскан пайдалуу, ал дагы кан айланууну жакшыртат. Кол жумшак болсо кан айлануу, нур айлануу жакшы жүрөт. Ошон үчүн колго дагы өзгөчө кам көрүү зарыл. Кол аркылуу баардык планеталардын, Жердин, Айдын, Жылдыздардын энергетикалык байланыш каналдары өтөт. Ошон үчүн колду таза кармап, күнүгө массаж жасап, жумшартып туруу зарыл.

Өзүңдө кыйынчылык сезиле баштаганда эле “дем алуудан баштоо керек”. Ал эми, дем алып, дем чыгаруу жөнүндө эч жерде каршылык көрсөтүү же закон бузуучулук жок. Ал түздөн түз өзүңдүн кана ден соолугуңа байланыштуу нерсе. Аны сактоо өзүңдүн түшүнүгүңө жараша болот.

“Дем алба”, деп эч жерде сага тыюу салбайт. Туура дем алып дем чыгарууну билген адам – бул ден соолугу чың адам.

Туура дем алуу – бул жашоо. Жашоодо ар бир адам дем алууга, дем чыгарууга толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар. Дем алба деп тыюу салуугаэч кимдин акысы жок. Аны ар бир адам жакшы түшүнөт жана билет.

Ошондуктан “жашоонун негизги сырларынын бири – туура дем алып, дем чыгаруу” болуп эсептелет.

Дем алып дем чыгаруу менен денедеги ток өткөргүч каналдар денеге энергияны өз нугунда бөлүштүрөт жана камсыздайт, өмүрдү узартат ден соолукту чыңдайт.

Дагы бир эске сала кетүүчү жана өтө этият мамиле кылууну талап кылган нерсе, бул– моюнга тагылган галстуктку катуу кысуу, бири-бири менен урушканда тамактап моюнду бууп муунтуу, чач кырктырганда фартук менен моюнду бууп коюуу же желкеге капыстан уруу бул ден соолук үчүн эле эмес, адам өмүрү үчүн дагы өтө көп коркунучту алып келүүсү мүмкүн. Себеби, моюндагы уйку бездерин, эки миндалды, лимфатикалык бездерди бууп же кысып коюшу мүмкүн. Ал мээдеги кан айлануунун бузулушу, кислороддун жетпей калышына алып келет. Ошон үчүн ар бир адам ар кандай шартта өзүңдү өзүң сакта. Моюнуңдун коопсуздугуна көңүл бөл, айрыкча башка адамдардын колунун тийисүүнөн сактануу керек. Дем алууну кыйындатпай, моюнду өтө сыкпай, өзүңө ыңгайлуу болгондой дем ал.