Таза ойлор Так сөздөр - страница 53



Дененин алсыраганы, тиешелүү нурлардын денеге жетишсиздиги. “Нур” – денени, ар түркүн түстүү нурлар менен денеге жылуулук берип, керектүү микроэлементтерди, витаминдерди, аминокислоталарды, коферменттердин нурлары менен камсыз кылып, иштетип турат. Физикалык дене ден соолукта болсо баардык денедеги системалар өз нормасында иштей баштайт.

Ден соолугу чың адамдын нур айлануусу өз нугунда болсо эч кандай дары – дармекке, адамдардын көңүл бөлүп сүйүүсүнө муктаж болбойт. Себеби, денеге керектүү нерселердин баары нур аркылуу, тамак– аш , аба, күн нуру аркылуу денеге кирип турат. Көңүл көтөргөн адамдар менен жолугуп, жашоонун ыраазычылыгын айткан адамдар менен мамиле түзүп, чын дили менен сүйлөшө баштайт.


Албетте, арабызда ар кандай адамдар бар. Оң позитивдүү ойдо жүрүп, жаркын маанайы менен көптөгөн ийгиликке жетип, бактылуу жашап жаткан адамдар да арабызда бар. Аларды болсо “тең салмактуулукка”, туруктуулукка, дагы өсүп өнүгүп, мындан дагы жашоосунун жакшы, жетишкен жагына өтүүсүнө ниет кылаар элем. Себеби, канчалык дүйнө оңолгон сайын, адамдардын маанайы жарык болуп, жашоосу жакшырат, албетте ал аба– ырайынын жакшырышына да шарт түзөт. Жер бетиндеги жашоо жакшы жагына бурулмак. Бирок, ар бир адам билим алуу менен “аң сезиминин өнүгүүсүн” каалайбы же каалабайбы аны өздөрү чечет.

Менин тилегим дагы – дагы “жеңил жана оной” жашоо. Жашоонун жыпарын жыттап, шириндиктин ширесин татып, дайыма “Мына жашоо кандай таттуу!” “Кандай укмуш, сонун!”– деп жашаган адамдарды көрүп, алар менен баарлашып, жашоого ыраазы болгон адамдар күндөн– күнгө көбөйсө экен деп ниет кылам.

“Бактылуу”, “ден соолугу чың”, “бай” жашаган адамдардын көбөйүшү бул – ар бир үй– бүлөнүн, мамлекеттин өнүгүп, өсүүсүнө түздөн түз салым кошоорун жакшы түшүнөсүңөр. Ошондуктан ар бир адамдын жашоого пайдалуу жагын көрө билсек баарыбызга жеңил болмок. Бай адамды жек көрүүнүн ордуна, ал адам бул жашоону кантип жасап жаткандыгын түшүнүп, анын жакшы жактарын өз колуң менен жасап көрүү менен турмуштан тажрыйба алсаң болот.

Жокчулук, жетишпектиктен ар кандай карама – каршылыктар келип чыгаары баарыбызгы белгилүү. Бирок аны токтотуп, жашоону жакшыртуу жагына өтүү үчүн ар бир адамдын өзү үчүн өзү кам көрүүнү үйрөнүүсү зарыл. Өз колу менен жасап ийгиликке жетишкен адам, башка адамга көңүл бөлүп ушактоого убактысы жок. Анын максаты каалаганын жасоо, ишке ашыруу.

Ал эми жогорудагы айтылган сөздөр терс ойлордон жабыр тартып, кембагалчылыктан чыга албай, ар кандай ооруунун “кулу” болгон адамдар үчүн өтө чоң жардамы тиерине ишенем.

Ар бириңерге ийгилик каалайм! Жашоодогу кубаныч, бактылуу турмуш каалайм! Ким иштесе ал тиштейт! Башыңарга келген ойду териштирип, пайдалуусун ойлоону ар бир адам үчүн пайдалуу.

Эмнени ойлосоң – жообун өзүң кана аласың, болгону көбүрөөк өлчөмдө! Тагдырың сенин колуңда. Алла Талаа – адамга “Жаша! өнүк! Өс!”– деп баардык нерсени туулгандан эле берип койгон. Аны пайдаланууну адам өзүнүн “коркунучу, ишенбестиги, айлана чөйрөдөгүлөрдүн таасири астында, ар кандай нерсеге ишенүү менен, ар кандай өзүнүн терс мүнөздөрү” менен жыл өткөн сайын кабат-кабат тосмо менен жаап алгандыгын түшүнүү керек.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө көпчүлүктүн мээсинде “Эмне үчүн?” деген суроо кайталана берип тажатат. Ошентип өз жолун таппай “жан дүйнөсү камакта камалып” жанын коерге жер таппай келе жаткан адамдар арабызда арбын. Эмне кылаарын билбей жүргөндөр канча?… Себеби, өздөрүнүн чыныгы адамдык “эң жөнөкөй касиетин унутуп”, “ Мен киммин?” деген түшүнүктөн өтө алыстап кетишкен.