Таза ойлор Так сөздөр - страница 55



Ойлогон ойду сөз менен бекемдесек ойлогон ой активдештирилип, бүгүнкү жашоодо тез ишке ашууга шарт түзүлөт, албетте иш арактин кошо жасаса. Эгерде эч кандай иш аракет жасабасаң, ой, кыял, алдыга койгон максат бойдон кала берет дагы, ден соолуктун энергиясын өзүнө тарта баштайт. Ошондуктан, керегин пайдалан, керексизин өчүр, ал кыялыңдан баш тарт, эсиңден чыгар, аны ойлонуп, ден соолукту, жашоонун энергиясын бекер кетирүүнүн кажети жок.

Сөзгө канчалык маани берсек, тактап, ачык сүйлөй алсак, ошончолук жашоодо жеңилдик көп болуп, каалаган максат, тилектерге жетүүгө жол ачылып, ниет кылынат. Себеби ал адам эмне керектигин ачык айтып, ал жөнүндө ааламга каалоосун жөнөтөт.

Ким кандай сөздөрдү көп сүйлөсө, жашоосун ошого жараша жашайт. Адамдарга өзү жөнүндө ошондой образ түзүүгө түрткү берет.

Себеби, ар бир айтылган сөз – ал ар бир адам өзү үчүн дагы айткан сөзү. Бирөөгө бир нерсе жөнүндө айтып жатканада өзүңдү өзүң уга бил деген сөз. Себеби, бирөөгө сүйлөө менен өзүңө өзүң керектүү нерсени айтасың, шартка жараша өзүңдү ошондой сезесиң. Айлана чөйрөдөгүлөр ал сенин проекцияң б.а. сени чагылдырган адамдар. Сен учур чакта ким менен мамлие түзүп, сүйлөшсөң ошол адамдын сен жөнүндөгү дүйнөсү ошондой. Адам өзүн кандай сезсе айлана чөйрөдөгү адамдар менен ошондой мамиледе болот. Ал адамдар сенин “көлөкөң” жана “күзгүң”. Башка бирөөнүн кемчилигин көрүү– өзүңдүн кемчилигиңди башкалар аркылуу, мамиле түзгөн адамыңдын дүйнөсүндө көрүү. Ошентип өзүңдүн кайсыл жашоодо жашап жаткандыгыңды көрө баштайсың. Акыбалдыңды көрүп, сезгенден кийин мындан ары ал адам менен болгон мамилеңди улантуу же улантпоо керектиин өзүң чечесиң.

Ишенбесеңер өзүңөрдүн сөзүңөргө, жасаган мамилеңерге өзүңөр байкоо жүргүзүп көргүлө. Эң жакын адамдарыңар менен болгон мамилеңе байкоо жүргүзүп көр.

Сен ойлогон адам кандай болгондо өзүңдү жакшы сезээр элең?

Башка адам жөнүндө кандай көз карашта болсоң ал сенин дүйнөңдө ошондой адам, сени менен сен ойлогондой, элестеткендей мамиле жасайт, билинбестен өзгөрөт. Себеби, сен ал адам жөнүндөгү образды өзүң түздүң, ал адам жөнүндө сенин түшүнүгүң ошондой. Сени менен сүйлөшүү үчүн ал адамдын денеси ошол кепилди убактылуу кийип алды. Демек, бул адамдын денеси “ийилчээктик” касиетке ээ. Сенден эки кадам бөлүнүп чыкты өзүнүн көнүмүш денесине кирип эч нерсе болбогондой болуп өз жашоосун уланта берет. Мындай адамдарды түшүнбөгөндөр “бул артист, белимчи, кошоматчы, оома, куулма, өтө куу адам” ж.б.у.с. кошумча аттка конот. Ал эми, сен ал адам жөнүндө башкача образ түзүп ойлоону билбейсиң. Себеби, сен түшүнбөгөн көп нерсе бар. Ал адамды түшүнүү үчүн сен дагы ошол адам катары заматта “көз боечудай” бир канча көйнөк алмашытырууга туура келет. Ошондуктан ал адам сен ойлогондон башкача адам болсо дагы, сенин жаныңа келгенде ошол кейпин киет дагы, сенин тилиңде сүйлөшө баштайт. Ошон үчүн башкага нааразы болоордон мурун, өзүңдүн “жаратканыңа” көңүл бур. Өзүңдү жакшы сезгиң келсе ал адам жөнүндөгү оюңду жакшырт. Эгерде ал адам өзгөрүүнү каалабаган адам болсо, убактытты текке кетирүүнүн кажети жоктугун туура түшүнүү зарыл. Жашооңдун ыңгайына карап өзгөр, көңүлүң сүйгөн адамдар менен мамиле жаса.

Эми, сенин жекекче жашоого болгон көз карашыңды уккан адам кандай деңгээлде түшүндү, ошого жараша ал адамдын дүйнөсүндө сенин образың жашай берет. Ошон үчүн кээ бир адам сага болгон өзүнүн көз карашын, оюн өзгөртө албай кыйналат. Ийгилигиңе кубана албай, бир убакта өтүп кеткен жамандыгыңды эстеп, катып калган жараңды канатып чукуп, жаныңды кейитет. Же болбосо жасабаган нерсең үчүн күнөөлүү кылып айыптайт. Андай учурда “өзүңдү коргоп, актап жана сактоо” керектигин унутпоо керек.Андай убакта тамакты бууп турган “ күнөөлөгөн” сезимди чыгарыш үчүн сөз менен айтып, керек болсо катуу үн чыгарып урушууга чейин барууга туура келет. Ансыз маселе чечлибеген бойдон кала берет. Сен жөнүндө “жаман ойлогон адам” жаман оюн уланта берет. Ошондуктан, жакын мамилелеш адамдарыңар менен ар кандай келишпестиктерди сөз менен айтып, ал адамдын сен жөнүндөгү оюн угуп, эртерээк чечишип алган жакшы. Ошон үчүн кээ бир адамдын жанында тургуң келбейт. Убактыңды короткуң келбесе, алысыраак болгон дагы ыңгайлуу.