Таза ойлор Так сөздөр - страница 56



Себеби, айтылган сөз качандыр бир убакта сенин оозуңдан чыккан же жакын мамилелеш адамдарыңдын ушак сөзүнөн улам кооздолуп, көркөмдөлүп келе жаткан нерсе. Аны өткөн чакта уккан адам ошол эски көз караш менен жашап келе жатат, а сен жашоо шартка жараша өзгөрдүң, жашоого болгон көз карашың заманга жараша ар тармактуу болду, акылың, билимиң өстү. Эми, сен өзүңдүн жашоого болгон көз карашың менен каалоо ниеттериңди көбөйтүп, окуп, үйрөнүп өзүң каалагандай жашап келе жатасың. Күндөн күнгө ойлогон ойдун образы, элеси күчкө толуп, өзүңдүн энергияң, ден соолугуң менен ошол айтылган сөздү күчкө киргиздиң, энергия сен аркылуу айланга тарады. Каалаган жашооңду жараттың. Сөздүн автору, булагы сенсиң. Ошентип, жыйынтыгы өзүң түзгөндөй тагдыр болуп келе жатат.

Сөздү күчкө келтирип жандандырып, керектүү линияга, толкунга, токко улаган ар бир адам өзү. Ошон үчүн күнөөлүүнү издөөнүн же өзүңдү өзүң күнөөлөөнүн кереги жок. Себеби, өз сөзүң менен өзүңө өзүң жашоо түзүп жатасың, турмуштан тажрыйба алып жатасың. Болгону “өзүңө өзүң жоопкер” бол! Өз кылган ишиңе өзүң жоопкер болуу жашооңду жеңилдетет.

Сенин каналың аркылуу Ааламга кандай маалымат жөнөтүлдү? Эмнени мейкиндикке трасформация кылды?

Жообун өзүң аласың. Анткени ал сенин каналыңдан, сенин радиоңдон, сенин алкагыңдан аба толкунуна өз денең аркылуу жөнөтүлдү. Ал жактан энергия кайрадан күчөтүлгөн, тез кубаттуулукта, көп өлчөмдө өзүңө оюң, сөзүң аркылуу кайтып келди. Себеби, ал токтун импульсун сен жөнөткөнсүң, токтун булагы сенсиң, ошон үчүн өзүңө кайра кайтып келет. “Шаровая молния” тийип күйүп кеткен адамдар алар кимдер? Эмне үчүн ошол адамды издеп таап күйгүзөт? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Эмнени көп ойлоп, сүйлөп сезимиң менен жөнөтсөң ошону көп өлчөмдө алаарыңды ар дайым эсиңде сакта.

Мына жогоруда ой жөнүндө айткандай эле, сөз дагы ошол эле тартипте иштейт. Болгону кубаттуураак.

Себеби, “ОЙ + СӨЗ” башкача айтканда – “эки күч” бирикти. 40квт. күчтүүбү же 150 квт. күчтүүбү? Бир токтун линиясына экинчи токтун линиясы уланып кубаттуулугу күчөдү, сөзсүз түрдө ылдамдыгы да күчөйт. Образдар, элестер дагы ачык, так, көркөмдүү болуп бул жашоого (материализация болуп) келет.

Мурда ойлоп коюп кана жүргөн болсоң эми, сөз менен ал ойду активдештирдиң, күчкө киргиздиң. Анын кубаттуулугу эки эсе көбөйдү. Натыйжада ишке ашыруу б.а. каалаган нерсеге жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк болду.

Өзүңөр байкап көргүлө. Байкоо жүргүзүүдө да токтоп калбоо керек, өз нугунда болсун, маанисин түшүнгөндөн кийин аны коюп жиберүү керек б.а. унутуу керек. Ал нерсеге ток бербесең өчөт. Токтун күчү өзүңдө ден соолук болуп калат, жашооң уланат. Ошон үчүн күнүмдүк жашооңду өзүңө жаккандай жаша.

“Учур чак менен жашап үйрөн!”

“Окшош нерсе, окшош нерсени тартат”. Бул закон ченемдүүлүк. Ар бир ойлогон ой, сүйлөгөн сөз үчүн – ар бир адам өзү кана жоопкер. Өзүң ойлондуң, сөзүң менен кубаттап күчтөнттүң. Эми жообун өзүң аласың.

Жашоонун “сыры” мына ушунда.

Ден соолукту бузуучу сөздөр кайсылар?

Өлүгүңдү көрөйүн, өлүк канаңды көрөйүн – жашоонун энергиясын жабат, ден соолукка зыян кылып адамды ар кандай оорууга түртөт

“Энеңди, атаңды сөзгө кошуп айтып уят сөздөр менен сөгүнүү” – жыныстык органдардын иштешин начарлатат, эркектерде бөйрөк, табарсык, аялдарда жатын, бөйрөк оорууларын пайда кылат.Жыныстык органдарды сыйлабагандык урпактардын тукумсуздугуна, кызтекеликке, гейлердин дүйнөсүн курууга алып келет.