Таза ойлор Так сөздөр - страница 57



“Мени какшаттың, тилимди сайратпа, тамагың буулуп калсын, тилиң кайрылып калгыр” – тилдин ар кандай ооруларына шарт түзөт, тамак ооруулары пайда болот, үн чыгаруу, кызыл өңгөч жабыр тартат, адам өзүнүн оюн ачык айта албай, адамдык касиетин, талантын ача албай калат. Эркин өз оюн айта албай, тартынчаак, жалтанчаак болуп калышы мүмкүн.

“Көзүң кашайгыр, көзүң көрбөй калса экен, көр болгур, көр, сокур, караңгыда карбаластап калсаң экен” – ар кандай көз оорууларына алып келиши күтүлөт, келечек жашоого ар кандай коркунуч туудурат, көз айнек тагууга туура келет.

“Кара-жерге кир, жер жутуп кетсин, карайып кал” – адамдын өнүгүү, өсүү жолу тосулат, иши жүрүшпөй, коркунучу күчөп, ар кандай кырсыктарга дуушар боло баштайт. Жашагысы келбей калат, каргыш аркылуу жашоонун энергиясын жабууга жардам берет.

“Бутуң баспай калсын, шал болуп калсаң экен, бутуң сыныр, такымың сынсын” – мындай сөздөргө дене сөзгө катуу маани берет, уккандан кийин аны аткарууга кирет. Ар кандай буттарга байланыштуу көйгөй көбөйөт, Жер менен болгон нур байланыш начарлайт, иши жүрүшпөй, бут мээнин сигналын укпай ойлобогон жакка басат, машинаны көрүп туруп, басып кетип ар кандай аварияга туш келиши мүмкүн, финансыда көйгөй башталат.

“Көк мээ, башың иштебейт, башың жок” – албетте, мээге келген энергетикалык нур толкундардын каналы жабылат же начарлай баштайт. Андай сөздү укканда дене жабылат, өзүн өзү коргоого өтүп, айтылган сөз кулактын сыртынан кетип, сөзгө маани бербей калат. Кайра кантип ачылууну баардык адам өздөштүргөн эмес. Ошон үчүн кайра кантип ачканды билбей же унутуп калып, көнүмүш адатка айлантат. Жыйынтыгында маңыроо болуп, башың көп нерсени кабыл ала албай кыйналат. Андан кийин адамда алсыроо, өзүн начар сезүү, эч нерсе кылгысы келбегендик башталат. “Мага баары бир” – деген программа ишке кирет.Алдына максат коюу жоголот. Максаты жок адамда энергия башкаруусуз калат дагы, баш аламандык башталат. Ал деген келечеги жок адам дегенди түшүндүрөт. Өзүн “менин эч кимге керегим жок” деп түшүнүп, кыялдануусу жоголуп жер карама же жалдырама боло баштайт деген сөз.

“Башы айланып калган мунун, башыңды айлантып койдум, башын айлантып койгон”– бул сөздөр башка келген нур толкундардын агымын бузат, баш аламандыкка алып келет. Адам өзүнүн оюн башкара албай, бирөөлөрдүн айтканына тез көнөт, себеби , ага маалымат келүүчү нур толкундун агымы бузулган. Мындай сөзгө ишенип алган адамга жаңы идеянын нуру келбей калат.Ал эми, жаңы идея – бул жаңы жашоонун башталышы, жаңы адамдар менен байланышуу болуп эсептелет. Эгерде, “Чын эле башым иштебейт турбайбы” – деп айлана чөйрөдөгүлөрдүн айткан сөзүнө ишенип алган болсоң, анда ал туткундан чыга албай кыйналасың.

“Шалпык, илебиң жерге түшүп калыптыр, түйрүк” – сүйлөгөн сөзүнө маани бербей, көп сүйлөгөнгө, ою менен сөзүнүн дал келбегендигине алып келет. Шилекей бездер начарлайт. Түкүрүк, какырык, тил, тиш ооруулар күчөйт

“Канатыңды сындырам, канатыңды кесип таштайм”– жашоодон үмүтүн үзөт, эч нерсе жасагысы келбей, жалкоолукка моюн суна баштайт.

“Атаңа айтам өлтүрөт, апаңа айтам өлтүрөт” – өлүмдөн коркуу коркунучун күчөтөт, бала өзүн эч кимге керексизмин, мени эч ким сүйбөйт деген сезим менен “мага баары бир, жашоо мен үчүн кызыксыз”– деген ишенимге кетет. Же мени өлтүрүп койбосун деп корко баштайт. “Чоңойсом бул үйгө кайтып келбейм” деген чечимге келип, туугандарынан алыстай башташы дагы мүмкүн.