Таза ойлор Так сөздөр - страница 72



Ден соолукка жана материалдык жактан жетишкен жашоого пайдалуу сөздөр төмөнкүлөр:

Мен өзүмө өзүм жашоого уруксаат беремин! Мен жашагым келет! Мен ден соолукта, бактылуу жашап жатам! Мен өзүмдү сүйөм жана колдойм! Өзүмдү өзүм сүйүү – бул баардыгын сүйүү б.а. бүт дүйнөнү сүйүү!– деп түшүнөм! Мен өзүмдү күндө сүйүнтүп бактылуу жашагым келет!

Мен өзүмө бай болуп жашоого уруксаат бердим! Байлык менин денемде, ал дайыма менин денем аркылуу нур болуп өтүп турат! Аны адамдар эмгек менен материалдык байлыкка айлантаарын түшүнөм. Мен бай болуп жашагым келет! Мага байлык эмне үчүн керектигин ачык, так даана билемин! Себеби, ачык, так эсебим бар. Мен бай, жетишкен жашоонун ээсимин! Мен акчанын ээсимин! Акчалуу, бай жашоого татыктуумун! Мага акча кызмат кылат! Акчанын агымы ар кандай жолдор менен менин жашоомдо пайдаланууга келип, кетип турат! Акча мени менен гармониялуу кызматта!

Руханий нур байлыгымды, учур чакта материалдык байлыкка айлантуу колумдан келет! Себеби, эмгек кылууну сүйөмүн! Мен, качан, кандай жумуш аткаруу менен максатыма жетээримди так билемин. Себеби, сүйгөн кызматымда иштеймин!

Материалдык байлыкка жетүү үчүн мен ойлогон нерсемди ишке ашыра алам, аны аткара алам! Мен төрөлгөндөн байлыктын нурунда турамын!

Мен өзүмө өзүм бай, бактылуу жашоого уруксаат бердим!Мен өзүмө өзүм ишенемин! Баардыгына түшүнүү менен ишенемин! Мен жашоомо ишенемин! Тагдырыма, дүйнөгө ишенемин! Мен Ааламга ишенемин! Жараткан кудайга ишенемин!

Мен жашоону сүйөмүн! Мен сүйүүмүн! Мен өзүмө өзүм ыраазымын! Адамдарга ыраазымын! Мен жашоого ыраазымын! Дүйнөгө, Аламга, Кудайга ыраазымын!

Мен адамдарды сүйөмүн, адамдар мени сүйөт, мага тартылат! Мен ар кандай адам сүйүнөөрлүк окуяларды өзүмө тартып турам! Ар бир адам менин моралдык байлыгым, эгерде бирге кызматташсак анда менин эмгегим материалдык байлыкка, акчага айланаарына ишенем!

Менин руханий жана материалдык дүйнөм тең салмактуулукта! Алганды жана бергенди өз убагында кантип жасаганды билемин! Айлана чөйрө менен болгон гармониялуу мамиле – бул менин ден соолугум экендигин түшүнөм! Адам – нур байлыкты, нур денелер менен алат берет, күчөтөт – натыйжада эмгек өзүнүн аткарган жумушу менен акчага, материалдык байлыкка айланат.

Менин жашоомдо жолуккан баардык нерселерге ыраазымын! Жашоомдо болуп өткөн жаман жана жакшы окуяларга ыраазымын!Менин жашоомдо жардам бергендерге ыраазымын! Мен адамдарга жардам берем, алар мага жардам берет! Менин ички дүйнөм кандай болсо, айлана чөйрөм ошондой адамдар менен байланышат

Мен биргемин! Сен биргесиң! Ал бирге! Биз биргебиз! Дүйнө бирге!Аалам бирге! Кудай бирге!

Мен өз жайымдамын! Сен өз жайындасың! Ал өз жайында!Башкалар өз жайында! Биз өз жайындабыз! Кудай өз жайында! Аалам өз жайында! Дүйнө өз жайында!

Мен ата-энеме, бир туугандарыма ыраазымын! Мен үй– бүлөмө ыраазымын! Мен жасап жаткан жумушума ыраазымын!

Менин жасаган жумушум өзүмө жагат! Мен ар кандай жумушту тез, сапаттуу, өз мөөнөтүндө так аткара алам! Жасаган ар кандай жумуш мага кубаныч, сүйүүнү тартуулайт!

Ар кандай жумушта – өзүмдү сүйүнтөм, себеби, мен аны өзүмдү өзүм камсыздандыруу үчүн жасайм!

Кимге кандай жардам берсем дагы – жыйынтыгында өзүмдү өзүм сүйүнтүү, сезимимди жакшыртуу үчүн жасайм – ал менин ден соолугум! Мен аны түшүнөм, ошондо кана башкаларга таарынбай жасайм. Бул мага башкаларга таарынбаш үчүн эң сонун шарт түзөт.

Мен “намыс”, “уят” деген сөздөрдү өз нугунда өз учурунда, өз өлчөмүндө кантип пайдаланганды билемин. Ал мүнөзүм учур чакта жардамга келди, пайдаландым, кое берем б.а. көңүлүмдүн борборунан чыгарам. Өзүмдү жана башкаларды кечирем. Өзүмдү да башкаларды да ал “туткундан” бошотом. Себеби, ал менин ден соолугум, – деп айтууну көбөйттүм.