Таза ойлор Так сөздөр - страница 73



Бул сүйлөмдөрдүн өтө таасирдүүлүгүнө ишендим. Бара – бара өзүмө болгон ишенимим күчөп, омурткам бекемделе баштады. Жашоого болгон кызыгуум артты. Жашоо мен үчүн күндөн күнгө мен каалаган жашоону тартуулай баштады. Бассам турсам “ыраазычылык” айтчу болдум.

Позитивдүү сөздөрдү айтуу, ойду оңдоо – бул жарым иш экенин убакыт өткөндөн кийин мен аны өзүмдүн жашоодогу кемчилигимди байкоо жүргүзүү менен көрө баштадым.Чындыгында эч нерсе жасабаган адам кемчилик кетирбейт. Ал эми, кемчилик кетирген адам болсо, бара-бара турмуштан такшалат, керектүүсүн улантат, керексизин мындан ары кантип пайдаланбай коюну билет.

Күндөн күнгө “менин ойлорум” – мага керектүү ойлорго айланып, жардам берип жатат, айткан сөздөрүмдүн кандайча өзүмө кайра таасир этип жаткандыгын түшүнүп, мүмкүн болушунча эч кимге зыяны тийбей турган ойлорду ойлоп, сөздөрдү сүйлөөнү үйрөнүп жатам. Бирөө үчүн ойлонуп, бирөөнүн көйгөйүн чечүү мага эле эмес, жардам берген адамыма дагы зыян кылаарын түшүндүм. Себеби, ал адам үчүн мен ойлонуп, анын каалаганын мен ишке ашырып, жардам берген адамым мага “көз карандылыкка” дуушар болоорун түшүндүм. Ал мага да ага да турмуштук тажрыйбаны татаалдантаары мага белгилүү болду. Каалоосу көп, бирок аткарганды билбеген адамда албетте, өнүгүү, өсүү болбойт, себеби өзү жасап көргөн жок. Ал үчүн жакын адамдары жасады. Ошентип кээ бири күчкө салып коркутуу менен жасатса, кээ бири байкуш болуп сурануу же ооруу менен жасатат. Абетте, мындай учурда өз сөзүңө да этият мамиле кылуу керек. Айрыкча мен өзүмдүн сөздөрүмдөн көп далил алдым.

Мисалы, бирөөгө жалооруп же жиним келип :” Ооруп атам!”– дей эле бересиң деп койсом. Эч канча убакыт өтпөй өзүм ооруп калам. “Качан болсо эле акчам жок дей бересиң!”– десем, өзүм ошондой акыбалга келип калган күндөрүм көп болгон. “Семиз адамды көргөндө, ден соолугуна карабайбы, семирип кетиптир”, деп ойлосом же айтсам, өзүм “толо” баштайм.

Мурда түшүнбөй жүргөм, эмне үчүн ошол кебетеде өзүм болуп калаарымды. Көпчүлүк убакта ооз ачып сүйлөгөндөн да коркчумун. Убакыт өткөн сайын баардыгын турмуштук тажрыйба көрсөтүп, билим алуу менен түшүнө баштадым. Кийинчерээк, ” Учур чакта” эмнени сүйлөсөң, ойлосоң ошол толкунга уланып, ошону өзүм кана алаарыма ишендим. Себеби, “көңүлүм” ошол окуяга токтоп, уланып калгандыгын кийин түшүндүм. Ал адам жөнүндө ойлонуу менен ошол толкунга уланып калгандыгыма убагында көңүл бөлгөн эмесмин. Мисалы телевизорду биринчи каналга коюп койсоң башка каналга бурганга чейин ошол каналды көрсөтө берет да. Туурабы? Ошондой эле адамдын “көңүлү” – (пульт управление) башкаруучулук кызматты аткарат. Учур чакта эмнеге көңүл бурсаң ошого уланасың. Эмнени көп ойлонсоң ошол каналга кызмат кыласың. Эми, өзүңдүн кыялыңа көңүл бөл жана ойлогон оюңду анализде?

Ошон үчүн бирөөнү сөз кылаардан, ойлоордон мурун, өзүң ошол акыбалга тез эле келип калаарыңды унутпа. А мен болсо,бул нерсени түшүнгөндөн кийин, өзүмдүн түшүнүгүмө жараша ар бир адамдын “жакшы жагын көрүп, аны бактылуу, бай, ден соолукта болуусун ниет кылып калдым”. Себеби, менин башымдан эмне Ааламга кетсе ошол нерсе кана көбөйүп келээрин түшүндүм.

“Ой” менен “сөздүн” биригип бир багытка бурулушу – бул деген ар бир адамда “эки тарапта тең салмактуу” күчтүн пайда болгону. Себеби, эки чоң “нур толкуну бир нукка бурулду”.

Бул деген жасай турган иштин үчтөн эки бөлүгү. “Ден соолуктун чыңдалышы”, айтылган “сөзүң” “оюң” менен дал келе башташы.