Таза ойлор Так сөздөр - страница 74



Ал нерсе, “өзүң менен өзүң ынтымакка келүү” деген сөз. Моюн омурткалардын түздөлүшү, үндүн бийик, кайраттуу чыгышы, өзүңө болгон ишенимдин күчөшү. Көздөрдүн көрүшү жакшырып, мурун, жыт билүү, угуу сезимдеримдин башкача айтканда “беш сезим” күчкө толуп, ден соолуктун чыңдалышы. Кан айлануу тездеп, чачтардын өсүшү өз нугуна түшүп, мээнин оң жана сол жарым шарларынын, гипоталамустун (тимустун) гипофиздин, эпифисдин жакшы иштеши, нейрондордун б.а. клеткалардын, молекулалардын жаңыланышы, эндорфиндердин, сиротониндин, мелатониндин, гармондордун өз нормасында бөлүнүшү, бүткүл дененин иштешинин активдешилиши. Эске тутуунун жакшырганы.

Сөздөр өтүмдүү, таасирдүү, уккулуктуу болуп, айта турган ойдун ачык, так даана боло башташы. Каалаган максаттын бир четинен ишке аша баштаганы.

Айткан сөз, жасаган иш менен дал келип, “жалганчы” – деген кемсинүүдөн кутулганы. Себеби, моюн омурткаларынын жабыркашы сөз менен ойдун бир нугтан ажыроосуна алып келет. Албетте, эки колдун уюп, талып калышынын бирден бир себепчиси, ал сөзсүз башка органдардын иштешине, айрыкча жүрөктүн иштешине өтө чоң таасир берери анык. Мээге кислороддун жетиши начарлайт. Мойну жооноруп мээге кан айлануу жайланат, моюн омурткаларынында туз уюп же грыжа пайда болот жана көпчүлүк учурда сөзү менен кана “сөз берем!” деп алып, аткарууга келгенде ойдогудай болбой “жалганчы” атка конуп, кулак, моюну кызарып өзүн ыңгайсыз сезип калат. Ошентип, айткан сөзүндө туруш үчүн “актанууга” туура келет. Андай адамда ар кандай терс ойлор пайда болуп, нерви начарлап, жаңжалкеч болуп айлана чөйрөдөгүлөр менен мамилеси бузула баштайт. Албетте көзү начарлап, угуу органдары, тиштери жабыр тарта баштайт. Жакындарынын айткан сөзү кулактын сыртынан өтүп, көп нерсеге маани бербей калат. Жаман, арам ойлор көп келип, көзү жер тиктеп, көкүрөгүнө таш коюп койгондой оорлошуп, жүрөгүндө кыжаалатчылыгы көбөйөт. Көзүн жумган убакта караңгылыкта болуп, жаны кыйнала баштайт. Себеби ойлогонун ишке ашыра албаган убакта энергиянын агымы жай болуп тыгыздалып караңгылыкка айланат да аба жетпегендей тумчугуп, кыжырданууну пайда кылат.Аны жазуу үчүн айлана чөйрөсүндөгүлөр менен конфликти башталат. Андай адамга ичкилик ичип жаңжал чыгаруу оңойдой сезилет.

Мындай көрүнүшкө туш болгондор айрыкча, “эркектер” өзүн күнөөлөөгө өтөт. “Эркексиңби?!” деген сөз намысына тиет айткан сөзүмдө тура албадым деп өзүнөн өзү чүнчүп, мүнөзү өзгөрүп, элден бөлүнө баштайт. Же “күч” менен урушуп, тамеки тартып, ичкилик ичип мушташып өзүн сооротот, себеби мээси бошошо түшкөндө өткөн окуялар көз алдына келе баштап, эмоциясын башкаруунун ордуна ага баш иет. Сезимин, акылын көзөмөлгө ала албагандар үчүн бул окуянын акыры кайгыруу менен аякташы мүмкүн. Ошентип, уруш жаңжал менен уюган энергия тарагандан кийин тилин тиштеп кейигенге өтөт.

Ал эми аялдарда “коркунуч күчөп” ар кандай нерселерге ишенип, уккан нерсесине кошумча кошуп, апыртмалуу сөздөр сүйлөп, фантазиясы күчөп, ар кандай ушакка ишенип күмөнсүрөөсү күчөй баштайт. Ойлордун жаман жагын көбөйтүп, жаңжалкеч болуп, өжөрлүгү (истерикасы)күчөйт, урушат, тилин башкара албай ар кандай жаман сөздөрдү айтып таяк жеп же ыйлап стрессин чыгарат. Эми, ушундай көрүнүш менен энергияны денеден сыртка чыгарбай эле, кара жумуш жасап же күч талап кылган ишиңди бүтүрүп алганың оң го. Эркектер эркек жасай турган жумушуңду жаса, аялдар үйүңдү жыйна. Баардыгы таза болуп жумушуң жок болсо кошунаңа жардам бер. Өзүңө да жакын адамдарыңа да пайдалуу болмок.