Таза ойлор Так сөздөр - страница 89
Мага эмне керек? Жооп– Ден соолук.
Мен ден соолуктуу болгондо эмнеге жетем? – Кубанычка, сүйүнүчкө, бакытка.
Анда сен “азыр, дал ушул учур чакта өзүңө өзүң уруксаат бер.
Мен өзүмө өзүм “аң сезим менен түшүнүүгө” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “ден соолукта” болууга уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “бай болууга” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “бактылуу болууга” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “сүйүнүп, кубанып жашоого” уруксаат бердим!
Мен өзүм менен өзүм “ ынтымакта, ыраазы болуп жашоого” уруксаат бердим!
Мен өзүмө өзүм “үй-бүлөм менен гармонияда жашоого” уруксаат бердим!
Себеби, ал уруксаатты сенин -
– акылың,
– оюң, сөзүң, сезимиң,
– ишеничиң,
– каалооң (жашагым келет,үйрөнгүм келет),
– өзүңө болгон сүйүүң,
– мен эркинмин, мен бактылуумун,мен баймын! – деген сезимдер бекемдейт. Ар бир айткан сөздөрүң, ойлоруң Ааламага жөнөткөн денеңдеги ар кандай сезимиң нурлар аркылуу жаралып, нурлар аркылуу ишке аша берет. Себеби, баардыгы ар түрдүү түстөгү нурлардан турат.
Мына, сен эми бактылуусун!
Ооба, мен бактылуумун! Менин мээм “бактылуулуктун” программасын ишке киргизди! Мен өзүмдүн бакытымды, кубанычымды, сүйүүмдү, жашоомду ушул көз ирмемден баштап кабыл алдым! Мен баардык жаралуулар менен гармониядамын, тынччылыктамын! Суу, от, аба, жер менен болгон мамилем өз нугуна келди!– деп сезимиң менен “бекемде!”.
Дем ал, дем чыгар. Баардык сени кыйнаган нерселерден өзүңдү бошот! Өзүңдү өзүңдүн туткунуңдан бошот! Ыраазы бол! Бар нерсеңе ыраазы бол! Денедеги жыйрылган булчуңдарды жаз, коюп жибер! Денени бош кой! Денеңди ук! Бир азга денедеги энергетикалык кыймылдарга, сезимдерге көңүл бөл. Кысылуу, сыгылуу денеден таркап, сыртка чыгып кетет, билинбей калат.Өзүңдү жумшарып калгандай сезесиң.
Сүйүнүч, кубаныч менен кантип иштесе болот?
Азыр өзүңдү кандай сезип жатасың? Жүрөгүңдө сүйүнүчпү же капачылыкпы?! Эгерде капачылык болсо, оболу капачылыкты кое бер, аны дем алып дем чыгаруу менен чыгарасың. Капачылыктын энергиясын дем алганда бүт денеңден тамак жагыңа кыялыңда топто, дем чыгарганда кара түтүн болуп оозуңдан чыгып кетти деп элестет. Капа болгон адамыңды кечир, кыялың менен кечирим сура, ордуна жаңы сезим, жылуулук, сүйүнүчтүн, кубанычтын сезимин пайда болду деп элестет. Сени капа кылган же сен капа болгон адам кечиреби, кечирбейби аны ойлонбо. Сен азыр, өзүңдү “жүрөгүңдү кыйнаган сезимден” арылтып жатасың. Ички сезимиңден сүйүнүч пайда болгончо жаса. Капачылык, нааразылык, коркунучтун энергиясы кетти, ордуна кубаныч, сүйүнүчтүн энергиясы денеге кирди, сезим өзгөрдү, жашоо кызыктуу боло баштады. Төбөңдөн ар түрдүү түстөгү нурлар денеңе кирип жатат деп элестет. Көкүрөккө келип, жүрөк аркылуу бүт денеге таркады, капачылык сезимди кармап турган дене нурлар менен жуулуп, жумшарды, керектүү нормадагы нурларга толтурулду.
“Сүйүнүч” ичиңден көтөрүлүп келип сыртка, бетиңе чыкканда жүзүңдө чыныгы, чын жүрөктөн чыккан жылмаюу пайда болуп, бетиңден “нур” чачырап, ажарлуу көрүнөсүң. Дене “тартылуу күчүнө” ээ болуп, айлана чөйрөгө сапаттуу таза нур чачыратат. Денеде нурдун кубаттуулугу күчөп, нурдана баштайсың. Нурлуу адам жагымдуу болот.
Жүзүнөн нур чачырап турган адам, албетте башкаларга “сүйкүмдүү көрүнүп, адамдар менен мамиле түзгөндө жашоосуна ыраазы болот. Үнүнөн чын жүрөктөн чыккан күлкү угулат.
Эми, ушул “сүйүнүч” сезимди дайыма кайтала. Бул сезимдин энергиясы кайра ичке түшүп кетиши мүмкүн, эгерде “сүйүнүчтү жоготсоң кайра аны чакыруу керек. Сүйүнүчтүү сезимди көпкө кармаганга үйрөн. Жашоонун сыры “кубанычтын сезимин” көпкө кармап тура алгандыгыңда же ошол толкунда жашай алгандыгыңда.