Таза ойлор Так сөздөр - страница 91



Мына эми, өзүмдүн кыйналган күндөрүм мен үчүн аябай чоң сабак, турмуштагы баа жеткис тажрыйба экендигин түшүнгөндөн кийин, өзүмдү күнүгө алкап, мактап, сыйлап – жашап келүүдөмүн.

Өзүмө өзүм күзгүгө карап, эки колумду жогору көтөрүп “Азаматсың!” “Мен сени жакшы көрөм, сүйөмүн!” “Бүгүн мен үчүн дагы бир сонун күн башталды” деп өзүмдү кубандырып айтып, “жашоого” аттануучу болдум.

Эми менин айтаарым ар бир адамда өзүнүн жашоосунда болуп өткөн кубанычтуу күндөр көп эле болгон. Мына дал ошол күндөрдөн бир үзүмдү эстеп, күнүгө, көңүл чөкчү нерсе болгондо эле, ошол “сүйүнүчтүү сезимди” эстеп көбөйт. Ал эми, капачылыкты кое бер, аны өз нугуна өтүшүн тиле, ар кандай кыйынчылыктан кадамдап жеңил өт, ар кандай проблемаларды түзбөстөн, өз убагында чечип үйрөн. Жакшысы проблеманы түзбөгөн жакшы. Ар кандай нерсе адам качан аткарганда кана чечиле баштайт.

Сүйүнүч, кубануу сезимин көтөрүүчү эң оңой жол, төмөнкү суроону көңүл чөккөндө эле, көкүрөгүңө колуңду коюп, акырын алаканың менен чапкылап, кайталап, өзүңө өзүң суроо берип жүр:

“Ээ– эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!”

“Ээ-эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!”

“ Ээ-эй, менин сүйүнүчүм, кубанычым – кайдасың?!” – деп денеңди бир азга угуп турсаң эле кубанычтуу сезимдин энергиясы көкүрөк тараптан, жүрөктүн, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн акыры-ын өйдө көтөрүлүп, бетиңде жылмаюу пайда болот. Ууртуңда өзүнөн өзү эле, жаш баладай жылмаюу пайда болуп, сезимиң жакшыра түшөт. Мындай учурда эмне болуп жатам деп, оозуңду жыйрыба, себеби, берилген суроого дене жооп тапты, аны бош коюп, жөн кана сезим менен бекемде, кубаныч, сүйүнүч сезими 27 секундада канды айланып өтүп, кан тамырлардын иштешин жакшыртат.

“Сүйүнүч, кубануу сезимин күнүгө мезгил – мезгили менен кайтала. Мына ушундай сезим денени ойготуп, өлгөн клеткалардын ордун жаңылайт, жылуулук денеге тарап, кан айлануу жакшырат. Органдар жаңыланат, адамга күч кубат кирет. Бул нерсе жашоого болгон кызыгууну күчөтүп, “иммунитетти көтөрөт”, денедеги “беш сезимди ойготуп”, “лимфатикалык бездерди активдүү иштетип, мээнин ритимдүү иштешине шарт түзөт. Нейрондордун байланышы чыңдалат, жаңы нейрондор пайда болуп өсөт. Денедеги нур толкундары күчүнө кирип, мээден мелатонин– кубанычтын, сүйүнүчтүн гармондору бөлүнүп чыгат, сератонин, эндорфиндер өз нормасында бөлүнүп чыга баштайт. Албетте, ичеги карындын иштөө функциясы нормалдаша баштайт, себеби кубанычтуу сезимдин маалыматы ичеги карындын ден соолукта иштөөсүнө күч кубат берет. 95% серотониндин денеге бөлүнүп чыгышы ичеги карында деген маалымат бар. Сератонин дагы адам кубанганда көбөйөт. Ал деген ден соолуктун оңолушу, дененин жашарышы, өмүр жашыңдын узарышы экендигин эстеп жүрүү ден соолук үчүн пайда..

Эми мындан ары “сүйүнүчтүү, кубанычтуу” сезимди дайыма эстеп кайталап жүргөн ден соолукка пайда. Мүмкүн болушунча өтүп кеткен жашоону эстеп, жакын адамдарга айтып арызданып, кайталап айта бербөөго аракет кылган ден соолук үчүн пайдалуу. Эскини кайталоо менен денени кысып, акыбалыңды начаралатаарыңды байка. Андан көрө кубанычтуу, сүйүнүчтүү өткөн окуяны эстеген эмоционалдык акыбалды жакшыртат. Андай убакта дене жазылып, нур айлануу, кан айлануу калыптанат, жаңы ден соолуктагы клеткалардын бөлүнүүснө шарт түзүлөт.

Сезимди жакшыртуучу сөздөрдү ар дайым кайтала! Кайтала! Кайтала! Ага кошумча төмөнкү сүйлөмдөр дагы жардам берет: