Таза ойлор Так сөздөр - страница 93



Аял-эркек тең укутуулугу өзүңдөн тараган урпактарыңдын ден соолугу, бактысы, байлыгы, тең салмактуулукту сактап, ички дүйнөсү бай болуп, материалдык дүйнөдө бай жашоосу.

Ооба! Дал ошондой ! Мен бактылуумун! Ден соолукта болууга өзүмө өзүм уруксаат бердим! Менин ден соолугум чың! Мен ден соолуктун ээсимин! Мага ден соолук! Сага ден соолук! Ага ден соолук! Бизге ден соолук! Баардыгыбыз ден соолуктабыз! Биргебиз! Биримдиктебиз!

Мен өзүмө өзүм бай болууга уруксаат бердим, себеби, төрөлгөндөн байлыктын толкунунда жаралгам. Мен байлыктын ээсимин! Себеби менин терилеримдеги, булчуңдарымдагы, сөөктөрүмдөгү коркунучтун маалыматтары толук денемден чыгып кетти. Эски жан кыйнаган сезимдерден толук арылдым.

Ушул көз ирмемден баштап, бактылуу, бай, ден соолукта жашап жатам! Баардыгына ыраазымын! Ар бир көз ирмем мен үчүн бактылуу жашоо тартуулап жатат! – деген ой, сөздөрдү айтуу менен өзүмдү өзүм “ишендирем”, “бекемдейм”, сезимим менен өзүмдү укмуштай сонун “сезем”.

Ааламга укмуш сезимдерди жөнөтөм, себеби, менин денем аркылуу маалымат Алла Талаага жетип, ал жактан жамгыр жаагандай нурлар көбөйүп кайра эле өзүмө кайтып келээрине ишенем, себеби, жашоонун системасы кантип иштээрин түшүндүм. Башыңда, оюңда, мээңде кандай программа болсо ошол кана аткарылып, өзүң жасоо менен кана ишке ашаарына ишендим.

Эми, жогорудагы “бекемдөөчү” сүйлөмдөр таасирдүү болуш үчүн оболу мээңдеги эски программаны өчүрүү керек. Ал үчүн жүрөгүңдөгү өйүгөн көгөйлөрдү кагазга жазып чыгарып, өрттөп сал. Жогорудагы бекемдөөчү сөздөрдү айткандан тартынсаң, жаныңда бирөөлөр болсо уялсаң “шыбырап айт”, “жаз”, “оюң менен ойло”. Уялбасаң ачык айт. Же эч ким жок жерде үнүңдү чыгарып айтып тамактагы тоскон энергиянын агымын, тамагыңды муунткан сезимден өзүңдү тазала. Аны өзүң кана жасай аласың, себеби өзүң таарынуу, капа болуу менен өз убагында үн чыгарып айта албай өзүң түзгөнсүң. Оюңдагыны ачык айта албагандык көпчүлүк адамдар үчүн көнүмүш адат болуп калган, анын зыяны өз тагдырыңа өзүң балта чабуу экендигин туура түшүн. Албетте, эң биринчи ден соолугуңа зыян. Аны моюнга алуу керек.

Күнөөлүү эч ким жок. Оңдагыны ачык айтууну бизге жаш кезектен тыюу салып келген. Аялдар эркектин айтканынан чыпай, балдар ата-энеге оз оюн ачык айта албай өмүр бою кыйналып жашоодо. Бул коом үчүн ар бир адамын ден соолугу үчүн, коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук кылган бирден бир чоң себеп. Өз оюн ачык айта албаган адам, бузуучу касиетке ээ. Ичинен сүйлөнүп, мээсинде пластинка айланган сыяктуу жаман ойлорду күчөтө берет, бирок үн чыгарып, өзүнүн жекче пикирин айта албайт. Натыйжада ал адамдын энергетикалык нур айлануу агымы бузулат, көңүлү чөгүп, булбулдун үнү дагы жакпай, жаңжалкеч боло баштайт. Андай акыбалдагы адамдын айлана чөйрөсү уруш жаңжал, нааразылык менен өмүр сүрөт. Турмуштун ар дайым эки тарабы бар. Бирөө күлүп жайнап бактылуу өмүр сүрсө, экинчиси тескерисинче, урушпаса же сөкпөсө жеген ичкени аш болбойт. Ошон үчүн эмне жасап жатканыңа көңүл бөлгөн жакшы. Болгону жашоонун жаман жана жакшы тажрыйбасы бар.

Эми, мына азыр өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл ал. Урушпа, жемелебе. Өзүңдү колдо, баркта, сыйла! Турмуштан алган терс тажрыйбаң үчүн ыраазы бол. Сага жамандык кылгандар сенин эң сонун жардамчыларың. Алардын туткунан бошонуу, сенин экрин болуп өнүгүүгө, өсүүгө жол ачкандыгың. Ошон үчүн эч нерсе эч качан өзү эле, жөн эле боло бербесин түшүнүүң зарыл. Себеби анын үрөнү, башаты өзүңдө. Эмнени эксең ошону кана алаарың анык. Ар кандай көңүлүңө жакпаган нерсенин эң сонун табылгыс дары – сенин өзүңдө кана! Өзүңдү кандай сезсең, жашооң ошондой болоору анык. Себеби, сен өзүңдүн аракетиң менен нурларды кыймылга келтиресиң.