Таза ойлор Так сөздөр - страница 94



“Үн чыгарып, шыбырап айтуу” өтө пайдалуу экендигин жогоруда айтылган мисалдар менен түшүнүп келе жатасыңар. Эми дагы бир мисал. Бул нерсе, өз оюңду ачык айта албаган адам менен кездешүүгө даярдайт.

Эгерде эң жакын адамдарың– атаң, энең, бир туугандарың, жолдошуң, уул-кыздарың, коллективиң же жетекчиң туура эмес нерсени айтып сени күнөөлөсө да өз убагында оюңду ачык айта албай кыйналасың. “Уят”– бул “ата-энем”, “бир тууганым”, “жетекчим” же “эртең эле ишим түшөт”, ”мен ага көз карандымын” деген ой менен адам өзүн өзү кысып коет. Ал эми бул нерсе ден соолукка өтө зыян. Себеби энергиялардын бир калыпта өтүүсүнө тоскоолдук кылат, ал кан айлануунун бузулушу,дененин ритимдүү иштешинин бузулушу. Баардыгы көзгө көрүнбөгөн энергиядан турат, бир жолу ачык айта албасаң, экинчи жолу дагы “уят”, “капа болот”, “кантип айтмак элем” деген сезимдин энергиясы төбөңдө калыңдап катмарлана баштайт. Ал маалымат талааңда сакталат дагы, сени тааныбаган адамдар дагы кебетеңди көрүп сени кемсинтет же үстөмдүк кылып пайдалана баштайт. Анан дагы, оюң менен өзүңдү өзүң кажый баштайсың. “Менин деги жолум ачылбай койду, кайсыл жерге барсам деле мага жаман мамиле жасайт!”– деп өзүңө өзүң нааразы боло баштайсың. Сени эч ким жамандаган жок, өзүңдү өзүң жамандадың, жек көрдүң. Ал эми сырттагы адамдар ал энергияны, маалыматты сезет. Мисалы: магазинге барганда бир жолу тыйыныңды алдап кайтарып бербей койду эле унчукпай 5 сом эмне болмок эле деп албай кетип калгын эле ошол малымат талааңда жазылып калат. Бир убакыт өткөндөн кийин башка магазинге барсаң дагы сдачаңды толук бербей 5 же 7 сомуңду кымтып калат. Ал сумма азайбайт, бирок көбөйүшү мүмкүн. Себеби, аны сатуучу сезет. Сен кайра сурабайсың. Ал адам кашын да серпип койбой, өзүнүкү сыяктуу унчукпай алып калат. Мына ошентип мээңде сатуучуга болгон нааразычылык көбөйөт. Ал магазинге экинчи барбайм деп ойлойсуң. Анан супермаркетке барасың. Ал жерде дагы ошол эле окуя кайталанат, бирок көп товардын ичинен билинбей өтүп кетет. Базарга барып кийим алсаң арзандатпайт. Ал эми, сенин “кыйынсынууңдун” деңгээли ички дүйнөңдө күчөп, арзан жерден алгың келбей кымбат магазинден ошол эле товарды алууга көнөсүң. Мына ошентип ачык айта албаган сезим сени кыйнай берет. Ал сезим энергиядан тургандыктан көзгө көрүнбөгөн дүйнөдө катмарлана берет.

Ошол сыяктуу мындай окуя жакын адамдарың менен болгон мамиледе күнүгө болот. Булчуңдар өз алдынча жазыла албай кыйналат, териден нурлардын өтүүсү начарлайт. Демек кан тамырлар кысыла баштайт.Ал эми жаның камакта түшкөндөй сыгылат, көкүрөгүңдө уйгу-туйгу болгон сезим башталат. Улам ачык айта албаган маалыматтар булчуңдарыңа сиңип отуруп, бара-бара аң сезимди тумандаштырат. Териң калыңдап, айтылган сөзгө өз учурунда маани бере албай каласың. Эч кандай реакция болбой калат, ал мээнин иштешин начарлатат.Ошондой эле денедеги булчуңдардын өз алдынча жазылуусуна тоскоолдук кылат, кир болгон энергия денеге терең сиңип, эмоцияга берилгенде, айрыкча жиниң келгенде тамакты бууй баштайт.

Ошондуктан,кээ бир адамдар “ичкиликти” өзүнүн уюп калган энергиясын сыртка түртүп чыгаруу үчүн пайдаланат. Аны учурунда адат болуп кетээрин элес албай жасашат. Убакыттар өткөндөн кийин дене өз алдынча жазылуу функциясын унутат. Ошентип, андай адамдар денесин жазуу үчүн ичкиликтин кулу болуп кызмат кылууну чечет. Ичкилик ичип алып андан кийин ачык айта баштайт же жиндилик кылып күч менен бул энергияны сыртка чыгарат. Ал эми, көпчүлүк аялдар тынымсыз сүйлөп, кыйкырык менен жаңжал чыгарып, же таяк жегенден кийин жели чыккан шардай болуп ыйлап отуруп калат. Келтек жегенде, мушташканда мейкиндиктеги энергиянын терс агымына уланат да денедеги оорууну сезбей калат. Өзүн башкара албай калган адамды, башка денесине кирип алган сөлөкөттөр башкаргандыктан өзүнүн денесине өзү ээ боло албайт. Себеби, ал адамдын акылын башкалар башкарат. Сөлөкөттөр дегенди көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү өлгөн адамдар деп да түшүнсөңөр да болот. Андай адамдар эки ортодо калгандар б.а. “өз ажалынан мурда өлгөндөр” же аркы дүйнө менен бул дүйнөнүн ортосунда жабыр тарткандар. Андай адамдарга асылып өлгөндөр, авариядан өлгөндөр, киши колдуу болуп өлгөндөр ж.б.у.с. Ичкилик ичкен, наша, кальян, тамеки чегип башы тумандаган кезде баштын жогорку нур айлануучу борбору башкаруусуз каалат. Адамдын денеге кире турган эшиги ачык калат, мына ушундай убакта эки ортодо калган адамдардын денеси ал адамдар үчүн “кудай берген” үй болуп, башы айланган адамдын денесине кирип алышат. Ошондуктан мындай акыбалдагы адамдард мушташкан убакта ооруйт же катуу тиет деген ой урган же келтек жеген адамда болбойт. “Өлтүрүп койбоюн же катуу тиет” деген ой жоголот. Бирин-бири былчылдатып урса денеси сезбейт, себеби денени өлүк адам башкарат. Ошентип денесине кирген сөлөкөт тиешелүү энергия менен тамактанып тойгондон кийин кана ичкен адамдын денесинен чыгып кетет. Жасаган нерсесин эч качан мойнуна албай, айткан адамды кайра жалганчы кылып күнөөлөйт.