Таза ойлор Так сөздөр - страница 96
Ар бир адам жаманын да жакшысын да өзүнүн учур чакта жашоосу менен кана жасайт. Терс мүнөздөгү жашоонун жагын алсаң анын эмнеге, кандай акыбалга алып келээри түшүнүктүү.
Ал эми, оң жагын алсаң, албетте, адам өзүнүн эмоционалдык акыбалын, психикалык энергиясын, духун, рухун, энергетикасынын кубаттуулук деңгээлин жогорулатат, жашоонун жогорку жыргал жашоо деңгээлине өтө алат…
Ошентип, аракетибизге жараша ар бирибиз өз ден соолугубузду чыңдай алабыз. Өзүбүзгө өзүбүз уруксаат берүү, ишенүү менен дененин “өзү-өзү калыптандыруусуна ынанабыз”.
Терең дем алып, дем чыгар 5 – 6 жолу кайтала. Ичтин дем алуусу менен мурундун же көкүрөктүн дем алуусу бирдей болушу керек б. а демиңди тартканда ичиң кошо тартылат, дем чыгарганда ичиң кошо жазылат. Албетте аялдар менен эркектердин дем алуусунун айырмасы бар, аны жакшы түшүнөсүңөр. Мына ушул ритм өз нугуна түшкөндө, денеде энергиянын (нурдун) айлануусу өз нугуна түшөт да денеге керектүү нур тамак жетет, ден соолук чыңдалат. Ал эми, дем алгандан кийин бир аз дем чыгарбай туруп, кийин акырын дем чыгаруу дагы кээ бир ооруунун кетишине жардам берет. Бирок бул нерсени өтө этияттык менен жасоо керек. Жакшысы жөн эле дем алган жакшы, себеби туура эмес дем алуу дагы энергиянын агымын бузат. Ошондуктан кантип туура дем алууну билген жакшы. Ал үчүн денең кандай дем алганда өзүн жакшы сезет, ошол акыбалды тап.
Айрыкча ооруп жүргөн адамдар, курсактуу адамдар ушул нерсеге көңүл бөлгүлө. Дем алуунун бузулушу “акча” менен “адамдар” менен болгон байланыштын бузулушу. Финансылык проблемалары бар адамдар дем алууңа көңүл бөл.
Ал эми, өпкө, боор, ашказан, ичеги карын, жүрөк ооруулар менен ооругандар да дем алууңду байка. Дем алуу калыптанганда ден соолук өзүнөн өзү калыптана баштайт, себеби энергия өткөн каналдар калыптанат.Демек, кан айлануу өз нугуна келет. Денеңди бош кой. Дем ал, дем чыгар! – бир канча жолу жасап, акыбалыңдын өзгөргөнүн байкап көр. Дем алуу калыптанганда дене өзүн жакшы сезе баштайт.
Эми, дубалга, денени түздөп, далы тарабын сүйөп туруп, эки ийниңди бош карма, моюнду жогору карай түздө. Денеңди байка?! Түздөлдүбү? Акырындап төбөңдөн бир нерсе өйдө тартып жаткандай сезилет. Булчуңдар бош болсун. Эми, кыялың менен колуңда кичинекей оюнчук топ турат. Ичинде кылыз түстөгү свет күйүп тургандай элестет. Көңүлүңдү омурткага бур. Эми, ал топту чычаңдан омуртканын ичине ой менен элестетип киргизип жибер. Ушул кичинекей шар сыяктуу топ омуртканын ичиндеги баардык ден соолукка зыяндуу энергияларды өзүнө заматта сиңирип тартып алып төбөңдөн чыгып, ааламга тазаланууга кет!– деген команда бер. Ал көз ачып жумганча омуртканы аралап өтүп сыртка чыгып мейкиндикке сиңип кетти. Эми артынан көк түстөгү шарикти элестетип чычаңдан киргизип жибер ал тазаланган жерлерге жашоонун энергиясын берип күчтөндүрүп, клеткаларды көз ачып жумганча жаңылап, сыртка чыгып кетти. Эми омуртка аркылуу төбөңдөн ар түрдүү түстөгү нурлар денеге кирип, свет күйгөн сыяктуу, сөөктөргө жаркыратып нур чачыратып берди. Көкүрөктөн жылтылдаган ар түрдүү түсөгү нурлар күндүн нуру сыяктуу жаркырап туш тарапка чачырап жатат. Калганы денени толук аралап өтүп, эки буттун, колдун манжаларынан, чычаңдан чыгып жерге сиңип жатат деп кыялдан. Омуртка, скелет, тулку бой толугу менен нурга толуп тазаланды. Мен азыр ушул жердемин! Өзүмдүн денеме өзүм кожоюнмун! Мен ден соолуктамын! -деп айт. Эми, ар бириңер өз сезимиңерди байкагыла.